Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Корея мамлекети

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Корея мамлекети

"Корея мамлекети" тарыхы, географиясы, кызыктуу фактылары. Башында Корея олкосу бир чоң олко болгон. Андан кийин алар бөлүнүп кетишкен. Төкпөй чачпай баарын айтып берели

Көгүлтүр көлдөрү менен сууларынын укмуштуудай кооздугунан жана карагайынын жапжашыл болуп кулпуруп турушунан улам байыркы замандан эле Кореяны таңдай серүүн өлкө деп аташат. Өлкө Түштүк-Чыгыш Азиядан орун алган. Анын жээктерин Япон жана Сары дениздери чулгайт. Жеринин көпчүлүк бөлүгүн тоолор ээлейт. Андан көп пайдалуу кендер казып алынат. Корей токойлорунда жумшак ийне жалбырактуу дарактар, корей кедри, саян карагайы, манжур жана амур липасы өсөт. Токойлорунда жолборс, кабылан, аюу, жырткыч сүлөөсүн, жапайы каман жашайт. Корейлер иштетүүгө жарактуу алакандай жерди да зор устаттык менен пайдаланышат.

Алар шалы, жүгөрү, буурчак, арпа, жашылча, жемиш, жүзүм өстүрүшөт. "Корея мамлекети" - байыркы маданияттуу өлкө. Китеп басуу үчүн металлдан куюлган арипти ойлоп чыгарышып, өз алфавитин иштеп чыгышкан. Корейлер фарфор, лак жана күмүштөн жасалган буюмдары, аялдардын чебер колдорунан жаралган оймо-чийме саймалар менен даңктанышат. Кореядагы көпчүлүк имараттарда архитектуралык улуттук белгилер сакталып калган. Буларда корейлердин эски турак үйлөрү сыяктуу эле үй жылытуу системасы полдун астына жайгаштырылган. Адатта корейлер жылуу полго отуруп тамактанышат, иштешет, укташат. Алар жаа тартуу, күрөш сыяктуу эзелтен берки улуттук оюндарын жакшы көрүшөт. Экинчи Дүйнөлүк согуш аяктаганга чейин Корея 1500 жылдай тарыхы бар көз карандысыз мамлекет болгон.

1945-жылы Корея советтик жана америкалык аскерлердин жардамы менен япондук баскынчылардан бошотулуп, бирок мунун натыйжасында мамлекет түштүк жана түндүк корея болуп экиге бөлүнүп калган. 1950-1953-жылдары бул эки өлкөнүн ортосунда айыгышкан кандуу согуш болгон. Бирок буга карабастан, Кореянын эки жак бөлүгүндөгү патриоттор бирдиктүү мамлекет түзүү үчүн күрөшүп келе жатат.

Учурда Түштүк Корея баарыңар билгендей абдан өнүккөн өлкө, ал жакта атактуу "Самсунг" телефону чыгат, ошондой эле машина куруу жаатында дагы мыкты жетишкендиктери менен алар мактана алышат, анткени азыр дүйнө боюнча корея унаалары абдан бааланууда. Опа гандам стайлды ырдаган ырчы PSY дагы Түштүк Кореядан болот. Түштүк Кореянын кыздары абдан сулуу келет, анткени аларга ата энеси бойго жеткенде пластикалык операция жасатууга акча-каражат берип беттерин мыкты кылып жасатышат, бул алардын салты сыяктуу болуп калды.

Тескерисинче Түндүк Корея жонундо андай өнүгүүлөрдү айтуу кыйын, бул өлкө милитардык өлкө болуп калды десек ашык болбос. Катуу тартип, өлкө жарандарына көп нерселер тыйуу салынган, мисалы, уюлдук телефон колдонууга болгон, жада калса, ал жакта интернет дагы жок, болгону өкмөт тарабынан ойлоп чыгарылган ички интернети бар. Жарандарынын кийген кийимдери бири-бириникине окшош, боз түстө болуп, аскер формасына окшош. Учурда алар согушка катуу дайынданып, өзөктүк ракеталарды чыгаруу менен катуу алек болушууда. Дүйнө өлкөлөрү буга каршы чыгып, көптөгөн санкцияларды салууда.


Мынакей достор Корея жонундо маалымат ушундай болду. "Корея мамлекети" боюнча кызыктуу фактылар ушундай, албетте дагы биз билбген көптөгөн кызыктар бар, силер билген кызыктар болсо пикир калтырып жазып койгула.

Жайгаштыруу: 2018-04-25, Көрүүлөр: 18351, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-03-28
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо