Корнева Нина Григорьевна

Корнева Нина Григорьевна (1923-жылы туулган, Казакстан, Ак-Төбө облусу, Харьков кыштагы) – айыл-чарба илимдеринин доктору (1979), профессор (1980). Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгы лауреаты (1976). 1944-ж. К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл-чарба институтун (КАЧИ) бүтүргөн. 1944–63-жылдары ошол эле институтта ассистент, доцент, агрохимия кафедрасынын башчысы, агрономия факультетинин деканы. 1963-ж. Кыргызстан дыйканчылык Илимий изилдөө институнун агрохимия бөлүмүнүн башчысы. 1982-жылдан Кыргызстан дыйканчылык илимий өндүрүш бирикмесинин генералдык директорунун илимий иштер боюнча орун басары, бөлүм башчы, илимий кеңешчи. Кыргызстанда жер семирткичтерди колдонуу ыкмаларын иштеп чыккан, 150дөн ашуун илимий эмгектин автору. Эмг.: Система удобрения культур в севообороте. Ф.,1968, Умелое применение удобрений — залог высоких урожаев. Ф., 1976.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)