Кош этек

Кош этек — «Кокту-кокту кокту бел, Коктулай соккон шамал жел. Короолош жүрүп билбепмин, Кош этек кийген бураң бел» (Эл ыры). Бул — улуттук мүнөздү айкындаган, ак, сары, көк жибектен тигилген, кыргыздын кыз-келиндери кийишкен элдик кийимдин бир түрү. Бычылган көйнөктүн жакасынын кылда учу бир элидей бүйүрмөлөнөт да, төшү туюкталып, топчусу артына кадалат. Белине чак чыпталган анын этегинин учу жарым элидей кайрыла тигилет. Этегинен өйдө сөөмдөй, жазылыгы беш элидей бүйүрмөлөнгөн эки жеңи басса-турса желпилдеп, жарашыктуу көрүнөт. Илгери кош этек көйнөктүн этек-жеңдерин кызыл-тазылдоого айрыкча көңүл коюлган. Бүгүн Кыргыз театрлар союзунун өнөрканасынан маданий мекемелердин атайын тапшырмалары боюнча кош этек чыптамасы менен тигилүүдө. Анда улуттук бул форманы бычып-тигүүнүн элдик жол-жоболору ойдогудай сакталган. Үч-төрт кийимди бат кие коюш үчүн бир эле тигип, бир бүтүмдү түзгөн элдик кийимдин өзгөчөлөнгөн формасын тиккен уздар да бар. Ошондо шым, кемсел, чыптама өңдүү эркектердин формасын же кыздардын кош этегин, чыптамасын жана кемселин өз - өзүнчө чечпей, өз-өзүнчө кийбей, бир эле курдай үстүгө салып кетүүгө мүмкүнчүлүк болот.

Андай кийим-кечелер мурдагы Москвадагы эл чарбачылыгынын жетишкендиктеринин Бүткүл союздук Көргөзмөсүнө коюлуп, күмүш медалына татыган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)