Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кошумча тоюттар

Баш барак | Ветеринария | Кошумча тоюттар

ошумча тоюттарга минералдык тоюттар, жаныбарлардан келип чыккан (айбан тектүү) тоюттар, техникалык өндүрүштүн калдыктары, протеиндик жана витаминдик кошундулар жана комби тоюттар кирет.

Минералдык тоюттар. Канаттууларга жыл бою күндө бериле турган минералдык тоютка аш тузу кирет. Минералдык тоют катары аш тузунан башка дагы бор, сөөк уну, кочкор туз, жошо, чопо, акиташ, үлүл кабыгы, фторуз фосфат сыяктуу туздар берилет. Туздар табигый туз кендеринен өнөр жайлык жол менен иштетип чыгарылат.

Аш тузу. Аш тузу чыктуу жашыл тоют массасында дайыма жетишсиз болот. Ошондуктан канаттууларга керектүү өлчөмдө туз берип туруу талап кылынат. Туз клетканын осмостук басымын ыңгайлуу тутуп туруш үчүн канда бир кыйла олчомдо болуп, анын басымын нормалдаштырууга катышат. Жалатма туздарды аштоого алып коюшат же тоютка аралаштырып беришет.

Минералдык тоюттардын баалуулугу:

Тоют100гр болуусу
Кальций, грФосфор, гр
Сөөк уну19,99,0
Фторсуз фосфат3,616,9
Бор37,4-

Жаныбарлардан келип чыккан (айбан тектүү) тоюттар.
Канаттууларга бериле турган айбан тектүү тоюттарга эт сөөк уну, балык майы, ынак сүт, тартылган сүт (кок сүт), быштак, бышырылган эт, балык, бышырылган кан, бышырылган жумуртка кирет. Жаңы (свежий) айбан тектүү тоюттарды нымдап жана комбинироват этилген шартта гана канаттууларды тоюттандырууга болот. Бирок, айбан тектүү тоюттардын тоюттук баалулугу кургак тоюттарга караганда алда канча төмөн. Жаңы (свежий) айбан тектүү тоюттардын ичинен чийки протеинди камтуусу бышырылган этте, быштакта, балыкта, бышырылган канда, бышырылган жумурткада башка тоюттарга караганда салыштырмалуу жогору. Аралашманы нымдаш үчүн эттин же балыктын сорпосу, ыйнак сүт, көк сүт, сүттүн сывороткасы колдонулат. Айбан тектүү тоюттар менен канаттууларды тоюттандырганда жаш жөжөлөрдүн өсүүсү тездейт, ар кандай ылаңдарга туруктуу болот, жумуртка тууган тооктордун жумуртка туушу жогорулайт, эт алуусу (семириши) тездейт жана ошондой эле ар кандай ылаңдарга туруктуулугу күчөйт.

Техникалык өндүрүштүн калдыктары.
Протеиндин жана алмаштырылгыс аминокислоталардын жакшы булагы катары күн караманын жана соянын жмыхы жана шрот эсептелинет. Күн караманын шроту метионин, цистин жана триптофан алмаштырылгыс аминокислоталарын өзүнө камтыйт. 30 күнгө чейинки жаш жөжөлөрдү күн караманын шроту менен тоюттандырганда лизин алмаштырылгыс аминокислотасы жетишиз болот, бирок анын ордун чанактуу дан өсүмдүктөрүнөн даярдалган тоюттар менен толтурса болот, мисалы буурчак (горох). Жмыхтар жана шроттор энергия алмашуу деңгээлинин жогоруулугу менен айырмаланып турат. Буудай жана арпа менен тоюттандырылган канаттуулардын рационуна техникалык май (техничекий жир) кошуу жакшы натыйжа берет, анткени техника майынын каллориялуулугу дан эгиндериникине караганда 2,5 – 3 жогору. Протеиндик жана витаминдик кошундулар канаттууларды тоюттандырууда энергия алмашуу боюнча чийки протеинди, ал эми тоют бирдиги боюнча сиңимдүү протейин эске алынуусу зарыл. Канаттууларга рацион түзгөндө энергия алмашуунун жана чийки протеиндин катнашын аныктоо зор мааниге ээ. Ушул катнаштын жетишсиздигине байланыштуу рациондун негизги бөлүгү эффективдүү колдонулбайт жана канаттуулардын организминде зат алмашуу процессинде ар кандай кемчиликтер байкалат. Мисалы, эгерде рациондо протеин өтө көп болуп, энергия аз болсо протеин өндүрүмсүз сарпталат. Энергия ашыкча болуп протеин аз болгондо канаттуулар тез семирет жана жумуртка берүүсүн токтотот. Энергия алмашуунун чийки протеинге болгон катнашын аныктоо энергия алмашуунун (ккал) санына көз каранды 1% чийки протеин 1кг тоютка туура келет. Эгерде энергопротеиндик катнаш 170 ке туура келсе, анда 1 кг тоютта 1%ду чийки протеинге 170 ккал энергия алмашуу туура келет.

Витаминдик кошулмалар
Канаттуулар үчүн витаминдердин ичинен витаминдер А, Д, Е (токоферол), В2 (рибофлавин), В3 (пантотеновая кислота), В4 (холин-хлорид), РР (никотиновая кислота), В12 (кобаламин) жана К зор мааниге ээ.

Комбитоюттар
Комбитоюттар - бул керектелүүчү азык заттардын, витаминдердин жана микроэлементтердин тоют аралашмасы. Комбитоюттар үстүртөн кошумча заттарды талап кылбайт жана гранул же чачма түрүндө колдонулат. Толук рациондуу комбитоюттар бардык канаттуулар үчүн, өзгөчө жаш жөжөлөргө мыкты тоют болуп эсептелинет. Тажрыйба көргөзгөндөй канаттууларды майда тартылган эндей комбитоюттар менен тоюттандырганда тоюттун суткалык чыгашасы азаят. Ал эми кесек тартылган комбитоютта тоюттун чыгашасы нормадан жогору болот. Ошондуктан орточо көлөмдөгү бөлүкчөлөрдү колдонуу жакшы натыйжа берет.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 614, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу