Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Космонавт

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Космонавт

Космонавт жонундо маалымат. Куюндай жалындаган кубаттуу алп ракеталар жердин алгачкы жасалма спутниктерин, ай жана планета аралык автоматтык станцияларды учуу аянтынан космос мейкиндигине карай алып учат. Мына ушундан кийин гана адамдар космос орбитасына уча башташты. Аларды космонавттар деп аташкан. Биринчи космонавт Юрий Алексеевич Гагарин болгон. Ал 1961-жылы тарыхта биринчи жолу жерди айланып учкан. Космонавт эмне деген кесип? Бул кесип адамдан кандай сапаттарды талап кылат? Адам космоско учканда мурда көнбөгөн шарттарга дуушар болот.

Учардын алдында, жердин тартылуу күчүнөн суурулуп чыккыча космонавт күчтүү дирилдөөгө (вибрацияга) туш келет: бүткүл кеме дирилдейт. Кубаттуу кыймылдаткычтын үнү космонавттын кулагын тундурат. Космонавттын салмагы бир нече эсе көбөйөт. Мына кеме жерге жакын орбитага чыкты. Ошол замат кыймылдаткычтын күрүлдөгөн үнү басылып, адаттан тышкаркы тынчтык өкүм сүрөт. Космонавт салмактуулуктан арылат да, адам көнбөгөн шартка - салмаксыздыкка ыңгайлашууга туура келет. Космоско адамдын организми гана эмес, анын психикасы да оңойлук менен көнө койбойт. Мисалы, силер бир ай бою жердеги бардык турмуштан ажырап, жалгыз жашай алар белеңер?

Бака-шака түшкөн көчөсүз, ар кандай мукам добушсуз же жыпар жыттуу токойсуз узак убакытка космос кемесинин кабинасында отура берсеңер көңүлүңөр чөкпөйбү? Мына ушулардын бардыгына туруштук берүү үчүн космонавтка эң мыкты ден соолук, зор чыдамдуулук керек. Болочок космонавттар учууга узак жылдар бою даярданышат. Алар спорттун ар кандай түрлөрү менен машыгып, учактан парашют менен секиришет. Учуу мезгилинде абанын температурасы менен басымы өзгөрүлө турган болсо, космонавт өзүн кандай сезе тургандыгын термобарокамералардын жардамы менен сынашат. Космонавт сурдо камера деп аталуучу жалгыз орундуу камерада далайга чейин жашайт. Кеменин учуу мезгилиндеги, айрыкча жерге конуу учурундагы күчтүү жүккө (басымга) космонавт кантип чыдайт? Аны билүү үчүн космонавт центрифугаларга жана ондогон башка аппараттарга салып айлантуу жолу менен сыналат. Ошентип космонавт тез реакция жасоого, коркунучту жеңе билүүгө, учуу мезгилинде кездешүүчү өтө кыйын шарттарда туруктуулукту көрсөтүүгө тарбияланат.

Космонавт кандай милдет аткарат? Космонавт өз жолдошун кайсы убак болсун дароо алмаштырууга, учуунун программасын аткарууга даяр турууга милдеттүү. Космонавт кемедеги жүргүнчү эмес. Ал - кеменин системаларынын иштешин текшерүүчү жана анын учуусун башкаруучу учкуч. Космос кемесинин кабинасына отуруудан мурда космонавт физика менен астрономияны, навигация менен байланыш ишин, автоматика, дагы башка көп илимдерди өздөштүрүүгө тийиш. Ал алдыда болуучу учуунун бардык майда-чүйдөлөрүнө чейин жатыктыруучу көп сандаган машыгуулардан өтүшү зарыл.

Космоско адамдын ар бир учуусу - өзүнчө илимий экспедиция. Ошондуктан кеме орбитага чыккандан кийин космонавт илимий, техникалык жана медициналык тажрыйбаларды жүргүзүүгө, жер атмосферасына, күнгө, жылдыздарга байкоо жүргүзүүгө милдеттүү. Учуунун программасы канчалык көп болсо, космонавт ошончолук көптү билүүсү керек. Ар бир эле адам космонавт боло албайт. Бирок силердин эң жакшы ден-соолугуңар болсо, өзүңөрдүн эркиңерди, мүнөзүңөрдү тарбиялап, билим алууда тырышчаактыкты көрсөтө алсаңар, өз максатыңарга жетүүдө эч кандай тоскоолдуктарга учурабайсыңар. Бардыгыңарга белгилүү, кыргызстандык космонавт Шарипов Салижан 1998-жылы 22-январда АКШнын Шаттл космостук кемеси менен космоско учуп, ошол эле жылдын 2-февралында жерге аман-эсен кайтып келген. Космонавт бул эрдиги үчүн Ак шумкар өзгөчө белгиси менен сыйланып, Кыргыз Республикасынын Баатыры деген наам ыйгарылган. Космонавт тууралуу маалымат макалабызда түшүнүксүз жерлери болсо пикир жазып койгула.

Космонавт жонундо ыр
Эсимде, ошондо күн жылтылдап турганы,
Кандай сонун апрель эле!
Жүрөктө кубаныч менен сыймык жанып турду эле,
Космостон учуп келди Гагарин!
***
Кыялданчу элек ал жөнүндө,
Космос, Гагарин, Салижан.
Жерибиз тажадыго жалгыздан,
Айткым келет учуп чыгып космоско,
Салам жерим, кичинекей үй-жайым.
***
Болгум келет космонавт,
Чексиздикте сүзүп жүргөн.
Болгум келет учуучу,
Элдин баары суктанган.

Кошумча шилтемелер:

Жайгаштыруу: 2018-05-11, Көрүүлөр: 12178, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-05-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо