Космос кемеси

"Космос кемеси" - өзүнчө үй жана лаборатория. Анын ичинде космонавттар жашап, иштешет. Адамдын космоско учканына аз эле убакыт болду. Бирок космос кемелеринин бир нече түрү жасалды. Ю. А. Гагарин космоско бир орундуу Восток кемеси менен учкан. Восход кемеси менен космоско советтик бир нече космонавттар барып келишкен.

Америкалык космонавттар жерге жакын орбитага Меркурий, Жемини, ал эми айга жана Скайлэб орбиталык станциясына Аполлон кемелери менен учушкан. "Космос кемеси" бир нече бөлүктөн (отсектен) турат. Анын негизги бөлүгү - космонавттардын кабинасы. Ал адамдын өмүрүнө зыяндуу космос чөйрөсүнөн толук бөлүнгөн. Бул бөлүктө аба жетиштүү болуп, нормалдуу нымдуулук жана температураны көзөмөлдөөчү атайын приборлор бар. Мисалы, кабинанын ичи салкындаса, кемеге кирүүчү жылуулук агымы көбөйтүлөт. Мында жылуулук булагынын милдетин күн аткарат. Анткени кеменин күн тийген капталы өтө ысып, көлөкө жак капталы катуу муздайт.

Кеменин сырты жылуулукту сактоочу өтө жылуу тон менен капталган, приборлор болсо жылуулук менен суукту бөлүштүрүп турат. Күн космос кемесине жана приборлордун иштөөсүнө зарыл электр энергиясын берип турат. Вентиляторлор зыяндуу кошундуларды жутуп алып, космонавттар дем алуучу абаны кычкылтек менен байытуучу химиялык заттар аркылуу өткөрүп турат. Космос кемесинде тамак-аш сыкма түтүкчөлөрдө сакталат. Ал түтүкчөлөр тиш пастасы салынган түтүкчөгө окшош, бирок көлөмү андан чоңураак. Салмаксыздык шартында нан күкүмдөрү, суюктук тамчылары да космонавттарга кыйла кедерги болушу ыктымал. Космос үйүндө муздаткыч жана электр плитасы бар. Космонавттар жерден ошол негизги бөлүккө отуруп учуп чыгышат.

Алар кемени ушул кабинадан башкарып, радио аркылуу жер менен байланышат. Космос кемесинин жерге кайтып келе турган бирден-бир бөлүгү - космонавттардын кабинасы. Космонавттар өз ишинин натыйжаларын - видео жана фото, күндөлүк жазылган борт журналдарды, тажрыйба жүргүзүлгөн жаныбарларды ошол кабинада кайра алып келишет. Алар жерге кайра келгенде изилденет. Космос кемесинде космонавттар жашоочу дагы бир бөлүк бар. Ал орбиталык бөлүк деп аталат. Космонавттардын кабинасынан ага жабылма эшик аркылуу өтүүгө болот. Бул жерде космонавттар эс алышат, илимий тажрыйба жүргүзүшөт.

Орбиталык бөлүк аркылуу космонавттар ачык космос мейкиндигине чыгышат. Орбиталык бөлүк жерге кайта келбейт. Космос кемесинде кеменин негизги жабдуулары жайгаштырылган дагы бир бөлүк болот. Мында кыймылдаткычтар орнотулуп, запас отун сакталат. Радио жана телекөрсөтүү системасы космос кемесин учууну башкаруу борбору менен байланыштырат. Космонавттарды артык баш иштен бошотуу үчүн, кээде кемени жерден радио аркылуу башкарышат.

Бирок космонавттар башкарууну милдеттүү түрдө көзөмөлдөп турушат. Эгерде керек болсо, кемени башкаруу ишин космонавттар өз колдоруна алышат. Космонавттар бардык тапшырманы аткарган соң, жерге кайтууга даярданышат. "Космос кемеси" учуусун басаңдатып, жерге түшүү үчүн тормоз кыймылдаткычы бар жагы менен алдыга карай бурулат. Тормоз кыймылдаткычы токтотулган соң, кеме бөлүктөргө ажырайт. Керексиз болуп калган орбиталык бөлүк менен приборлор жайгашкан бөлүк атмосферага киргенде күйүп жок болот. Космонавттар жайгашуучу жылчыксыз бекитилген бөлүк болсо жерди көздөй учуп келе берет. Жерге бир нече чакырым калганда парашюттар ачылат. Учуунун акырында жылма кондуруучу кыймылдаткычтар кемени жерге жумшак кондурат.

Азыркы кезде көп жолу пайдаланылуучу космос кемелери учурула баштады. Келечекте космос кемелеринде космонавттар салмаксыздыктан жапа чекпөөсү үчүн кемелердин ичинде жасалма салмактуулук (псевдо гравитация) түзүлөт. Космостук чоң короолор күл азыкты арбын алып жүрүү түйшүгүнөн куткарып, өсүмдүктөр учуу убагында космонавттарга керектүү кычкылтекти берип турмакчы. Силер космос, космонавт жана аларды даярдагандар менен тааныш болсоңор керек. Эми космос кемесинин тетиктерин, андагы приборлорду жасап, ошол приборлор аркылуу эң бир укмуш сырларды ачкандар жөнүндө кыскача маалымат бере кетели. Анткени, космос темасын бүткүл дүйнө окумуштуулары изилдеп, өз салымдарын кошуп келе жатышат. Өзгөчө Австрия, Болгария, КМШ мамлекеттери, Венгрия, Германия, Польша, Франция, Чехия жана Словакия мамлекеттери биргелешип, космостун көп сырларын ачышкан. Ошол сырларды ачууда биз сыймыктана турган жердешибиз бар. Ал Ысыккөл областынын Аксуу районуна караштуу Жаңы-арык айлында туулган, Фрунзе политехникалык институтунун бүтүрүүчүсү Бургеев Жолдошбай Асангазиевич. Ал өмүрүнүн акырына чейин 1-даражадагы конструктор, жетектөөчү жана башкы конструктор болуп, космосту изилдөөчүлөрдүн катарында жүрдү.

Космос жөнүндө ондогон ачылыштарды жасап, автордук укуктарга ээ болгон. Анын колунан жаралган Лима-Д деген космосту изилдөөчү прибор Исав-Се аттуу спектр-фотометринде үзүрлүү милдеттерди аткарган жана ушул убакка чейин аткарып жаткан башка да приборлору бар. Ошондой эле башка мамлекеттин өкүлдөрү менен биргелешип жасаган приборлору, эмгектери окумуштуулар тарабынан жогору баалангандыктан, Фобос жана Венера-Галлей аттуу Эл аралык китепке киргизилген. 1986-жылы СССР Жогорку Советинин Указы менен космосту изилдөөдөгү салымы үчүн Эмгектеги артыкчылык медалы менен сыйланган, ошондой эле Эл аралык көргөзмөлөрдүн медалдарына жана башка сыйлыктарга татыктуу болгон.

Кошумча шилтемелер:

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)