Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кожомурат Сарыкулаков (1892-1918)

Баш барак | Биографиялар | Кожомурат Сарыкулаков (1892-1918)

Кожомурат Сарыкулаков (1892-1918)Кыргыздын көрүнүктүү революционери, большевик кыргыз жергесинде Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо ишине салым кошкон. 1911-жылы Верный (азыркы Алматы) шаарындагы гимназияны күмүш медаль менен бүтүрүп, ошол эле жылы Киев шаарындагы Ыйык Владимир университетинин медицина факультетине тапшырат.

Бирок жогорку мектепте окууну улантуу үчүн акы төлөй албагандыгы үчүн, 1913-жылы университеттен чыгарылат. Билимге дилгир улан 1914-жылы Казань шаарындагы университеттин укук факультетине тапшырат.

1917-жылы 23-27-февралда (жаңы календарь боюнча - 8-12-март) Россия империясында Февраль буржуазиялык-демократиялык революциясы ишке ашып, падышалык жеке бийлик кулатылат. Жаңы тарыхый кырдаалда Сарыкулаков Кожомурат эл-жерине - Кыргызстанга жетүүгө ашыгат.

Сарыкулаков Кожомурат Букара союзун уюштуруу ишине активдүү катышып, анын төр агасы болуп шайланган. 1917-жылы декабрда ошол союздан эң алгачкы болуп, большевиктер партиясына өткөн бар болгону 26 гана жаш жашаган кыргыздын жалындуу жигити.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 4872, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу