Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кулибин Иван Петрович

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Кулибин Иван Петрович

"Кулибин Иван Петрович кыргызча" - узун чапан кийген, орто бойлуу, сакалы бапыйган киши падыша Екатерина 2ге таң каларлык кызык саат алып келет. Анын чоңдугу өрдөктүн жумурткасындай бар эле. Саат сайын андан эшик ачылып, алтын-күмүштөн жасалган кичинекей адамдар көрүнчү. Алар музыканын коштоосу менен ар түрдүү кыймылдарды жасап бийлеп кирчү. Мындай кереметти ойлоп таап жасаган адам Нижний Новгороддук уста эле. Ал эч жерде окубаптыр. Падыша буга ыраазы болуп, ойлоп табуучуну Петербургда иштөөгө чакырат. Петербургда Кулибин Илимдер академиясына тийиштүү механикалык устакананы башкарат. Падышанын ак сарайындагы бардык сааттардын туура жүрүшүнө көз салып, бузулгандарын оңдоочу, кемелер үчүн компас жана приборлорду жасап, окумуштуу академиктердин тапшырмаларын аткарчу, дагы башка иштер көп эле. Академиктердин көбү бул чеберге текеберсинип мамиле жасап, ишине тоскоолдук кылышкан. Бир жолу Кулибин аларды таң калтырды. Академиянын короосуна атак-даңктуулардын баары чогулду. Алар Нева дарыясын салуу үчүн Кулибин долбоорлогон жыгач көпүрөнүн узундугу отуз метрлик моделин сыноону күтүп жатышты.

Ал эми накта көпүрөнүн узундугу 300мдей болушу керек эле. Жаадай ийилип көрүнүшү сонун экен, бирок оор жүк көтөрө албайт сынып түшөт - деп ойлошту академиктер. Ал түгүл англистер да мындай көпүрөнү алигиче кура элек. Көпүрөгө 20 килограмм жүк коюшту, дагы ошончо кошушту. Көпүрө кычырап да койбоду. Эми ар түркүн темир буюмдарды, кыштарды үймөлөштү. Былк эткен жок! Ошондо Кулибин өзү көпүрөгө чыгып, калгандарды да чакырды.

Көпүрө аларды да көтөрдү! Ойлоп табуучуну бардыгы кызуу куттукташты. Бирок бул модель боюнча чыныгы көпүрө курулган жок, казынада акча жок эле, анын үстүнө бул көпүрөгө эч ким чындап кызыкпаган. Падышанын көңүлүн ачууга багытталган ойлоп табуулар гана көбүрөөк ишке ашып турган. Майрам уюштуруу керек болсо Кулибинге фейерверк жасоону тапшырышат.

Падыша айды кароону каалады эле - Кулибин ага телескоп жасап берди. Аны бүткөндөн кийин башына бир ой келет: эгерде шамдын жанына кичинекей күзгү койсок жарык чагылат. Бир эле шам экөө болгонсуйт. Дагы бир күзгү койсок үчөө болот. А онду койсочу?

Абдан күчтүү жарык алууга болот! Ушинтип ойлоп, Кулибин өзгөчө бир фонарь (чырак) жасайт. Анда бир шам көп кыр чыгарылган жарым шардын ичине коюлган. Жарым шардын ар бир жалпак жагы күзгү болуп, шамдын жарыгы аларга чагылган. Ал азыркы прожектордун башталмасы эле. Бул өнөрлүү чебер уста 83 жылдык өмүрүндө көп нерселерди ойлоп тапкан. Мисалы, өзү жүрмө экипаж (ал педалдарды айлантканда кыймылга келген), маякка коюлуучу чырак, календары бар астрономиялык саат жана башкалар. Бирок анын ойлоп тапкандарынын бир азы гана колдонулган.

Кулибин өзүнүн туулган жери Нижний Новгороддо абдан жакырчылыкта өлгөн. Ал кезде эл арасынан чыккан көптөгөн таланттуу адамдардын тагдыры мына ушундай болгон.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 394, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо