Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Куляб

Куляб, Көлөп — Тажикстандын түштүк бөлүгүндөгү шаар. Хатлон облусунда. Яхсу дарыясынынын (Пянждын алабы) өрөөнүндө, Хазратишох кырка тоосунун этегинде жайгашкан. Калкы 85,5 миң (2009, калкынын саны боюнча өлкөдөгү Зшаар). темир жол бекети. Аэропорту бар. Болжолу биздин заманга чейинки 8—7-кылымдарда пайда болгон. Биздин замандын 9—12-кылымдарынан Улуу Жибек жолунда Искандар деген ат менен белгилүү. 1934-жылы шаар статусун алган. Шаардын чегинде археологиялык эстеликтер, коло дооруна таандык бейиттер (биздин заманга чейинки 15—10-кылым), Мир-Сейид-Хамадани мавзолейи (14—17-кылым) сакталган. Аккумулятор өндүрүшү, пахта тазалоочу заводу, текстиль, тамак-аш, курулуш материалдар өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, китепкана, театр, музейлер (анын ичинде тарых-край таануу ж. б.), тажик акыны С. Вали-заденин үй-музейи бар.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)