Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кумурска

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Кумурска

Кумурскалар уюгунда эле эмес, дарактардын боорунда, жер астында жана гүлдөрдүн сабактарында да жашашат. Ал эми тропиктик, саякатчы кумурскалардын туруктуу жашаган жери болбойт. Алар колонна болуп алып токой аркылуу, өзөн бойлой токтобостон кете беришет. Ургаачы кумурска - каныша колоннанын орто ченинде болот. Личинкалары (курттары) жана андан жаңы чыккан кумурскаларды өздөрү менен ала жүрүшөт. Бул кумурскалар жолундагы бардык нерселерди жеп кетишет. Америкадагы кол чатырлуу кумурскалар жалбырактуу чоң даракты бир нече мүнөттө жылаңачтап коюшат. Алар жалбыракты тегеректеп кыркып, жонуна коюшат да, уюгун көздөй алып жөнөшкөндө - кол чатыр же желек көтөргөн бүтүндөй бир колонна бараткансыйт. Кумурскалар жалбыракты жебейт. Алар бул жалбырактарды уюктун түбүнө алып барып чиритишип, ага өзгөчө козу карындарды, тактап айтканда, анын тамырын, өзөгүн өстүрүшөт.

Бул козу карындар төөнөгүч сымал таякча түрүндө болот. Таякчалар - кол чатырлуу кумурскалардын жакшы көргөн даамдуу тамагы. Багбан кумурскалар бул шарт тандагыч өсүмдүктүн өсүшү үчүн аны зарыл температура жана нымдуулук менен камсыз кылып турушат. Ал эми адамдар бул козу карынды лабораторияда да өстүрө албай жатышат. Балчы кумурскалардын тирүү бочка кумурскалары болот.

Мындай кумурскалар жер астындагы кампанын шыбына асылып турат, калгандары ага келип таттуу ширени бочкага куйган сымал куя беришет. Анын курсагы үйлөгөн шардай кампайып, бозомук тарта тунуктанат. Жумушчу кумурска ачка болгондо кампага жүгүрүп кирет да, муруттары менен бочканы кытыгылайт. Бочка-кумурсканын оозунан таттуу шире тамчылары чыгат. Кумурсканын дөмпөйгөн уюгун көрбөгөн киши аз чыгар.

Бирок бул дөмпөйгөн нерсе уюктун үстүнкү гана кабаты экенин бардыгы эле биле бербейт. Анын негизги бөлүгү жер астында жатат. Жамгыр жаарда кумурскалар уюгундагы бардык кирген-чыккан тешиктерди бекитишет, ал эми күн жакшы тийгенде аппак жумурткаларын күнгө жылытуу үчүн сыртка алып чыгышат. Чынында булар жумуртка эмес куурчакчалар. Алардан кумурскалар чыгат. Ургаачы кумурска же каныша таштаган жумурткалардан куртка окшогон личинкалар чыгат. Аларды жумушчу кумурскалар азыктандырып багышат. Убакыт өтүп личинкалар куурчакчага айланат. Куурчакча булага оронуп кыймылсыз жатат, сөлөкөтү кумурскага окшойт.

Личинканын жеген азыгына жараша куурчакчалардан жумушчу кумурска (өсүп жетилбей калган ургаачы кумурска) же канаттуу эркек жана ургаачы кумурскалар чыгат. Канаттуу эркек кумурскалар узак жашабайт. Алар ургаачы кумурскалар менен бирге дуулдап топтошуп абага учуп чыгышат да жерге келип конгондон кийин көп узабай өлүшөт. Ал эми ургаачы кумурскалар канатын таштап, уюктун тереңине барып тиричилигинин акырына чейин жайгашат да жумуртка тууйт. Жумушчу кумурскалар уюктагы бардык жумушту жасайт: аны курат, коргойт, азык камдайт. Кумурскалардын кээ бир түрлөрүнүн атайын жоокерлери болот. Алар чоңураак келип, жаактары күчтүү. Жоокерлердин милдети - уюкту коргоо.

Кээ бир уюктарда бири-бирине такыр окшобогон, мисалы, чоң-чоң кара жана кичинекей сары кумурскалар чогуу жашашат. Көрсө, мунун себеби бар экен: кара кумурскалар башка уюкка кол салып, андагы куурчакчаларды өз уюгуна ташып алышат. Алардан чыккан сары кумурскаларды өздөрүнүн кулуна айландырышыптыр. Кумурскалардын мындай бир кызыктуу өзгөчөлүгү бар: ток жана ачка кумурска жолукканда муруттары менен сүйлөшөт (кумурскалар антенна - муруттарын кыймылдатып белги беришет). Ток кумурска оозунан сиңимдүү тамчы чыгарат, ач кумурска аны жейт. Ошентип уюкта ач калган кумурска болбойт, Кумурскалар башка курт-кумурскаларды жашыл биттерди саап алууга ыңгайлашып алышкан.

Алар бул биттерди мал баккандай жайып багышат, андан кийин алар бөлүп чыгарган таттуу затты жешет. Кумурскалар адамга дос: алар токойду сакташат. Алар уюгуна он эки сааттын ичинде сөөмчүнүн отуз үч миң малагын ташып келгендигин эсептеп чыгышкан. Демек, мындай курттардын көбөйүү мезгилинде кумурскалар бул зыянкечтердин бир миллиондоюн жок кылат экен! Мына ошондуктан кумурсканын уюгу көп жерде токой таза, илдетсиз болот. Адамдар азыр илдеттүү токойлорго атайылап кумурсканын уюгунун бир бөлүгүн көчүрүп жатышат. Эгер кумурсканын уюгунун бир бөлүгүн акырын, тыкандык менен алып, капка салып барып дарактын түштүк тарабына кургак жерге төксө, алар тез эле чарбасын жөнгө салып алат.

Ал эми эски уюкту анда калгандар бат эле оңдоп алышат. Бирок кумурсканын уюгун жөндөн-жөн бузуп, алардын чымын-куюн түшкөнүн эрмек кылуу жакшы жорук эмес.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 8858, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо