Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Курактык өнүгүүнү мезгилдерге бөлүштүрүүдөгү Л. С. Выготский, А. Н. Леонтьевдин окуусу

Баш барак | Психология | Курактык өнүгүүнү мезгилдерге бөлүштүрүүдөгү Л. С. Выготский, А. Н. Леонтьевдин окуусу

Психология илиминде психиканын өнүгүп өзгөрүп туруусун изилдөө негизги проблема болуп эсептелет. Онтогенезде психиканын физиологиялык өзгөрүп туруусу курактык психофизиологиянын предмети болуп эсептелет. Курактык психофизиологиянын маселеси болуп организмдин курактык өзгөрүүлөрүн психиканын өзгөчөлүктөрүнө тийгизген таасирин аныктоо. Демек, физиология илими психология менен тыгыз байланышта болгондуктан өнүгүп психологиялык, биологиялык жетилүү жана психикалык өнүгүүнү изилдөөсү актуалдуу проблема катары каралат. Социалдык жана биологиялык факторлор онтогенездин жүрүшүндө өзгөрүп тургандыктан, сапаттык жазы тажрыйбаларды өздөштүрүүгө жана психикалык жазы мүмкүнчүлүктөрдүн калыптануусунда атайын озтойлуу шарттарды түзүп турат.



Мындай маалымат өнүгүүнүн мезгилдештирүүсү жөнүндө проблема психологияда актуалдуу экендигин көрсөтөт. Баланын психикасынын өнүгүүсү бир калыпта өтпөйт. Мурунку убактан бери балалык мезгилди жаш курагы боюнча мүнөздөгөн этаптар белгиленип келген. Жаш курагы боюнча мезгилге бөлүштүрүүдө, өнүгүүнүн белгилүү мыйзам ченемдүүлүгү бар. Психологдор курагы боюнча мезгилге бөлүштүрүү, өнүгүү процессинин мазмунуна негизделүүгө тийиш деген Л. С.Выготскийдин окуусуна таянышкан. Баланын өнүгүүсү, чоздор менен болгон карым-катнашта, алар уюштурган иш-аракетте тарыхый тажрыйбаны өздөштүрүүдө өтөт.



Мунун негизинде баланын өнүгүүсүндө эки негизги принцип бөлүнүп берилет: тарыхый жана иш-аракетте өнүгүү принциби. Бул принциптер психологдор Л. С.Выготский, П. П.Блонский, А. Н.Леонтьев, Д. Б.Эльконин, В. В.Давыдов ж. б.лар тарабынан белгиленген. Тарыхый принциптин маанисин ачып берүүдө Л. С.Выготский мезгилге бөлүштүрүүнүн жана балалыктын тарыхый табиятын айкын аныктаган. Л. С.Выготский баланын психикасынын өнүгүүсүндө биологиялык жана социалдык шарттардын өз ара байланышын изилдеген.



Анын көз карашы боюнча адамдын өнүгүүсү биологиялык жетилүүгө да, үйрөнүүгө да байланыштуу өтөт. Бала төрөлөр замат бул процесстер жанаша (паралелдүү) өтүп, өнүгүүнүн бирдиктүү багытын жаратат. Л. С.Выготскийдин аныктоосунда адамдын өнүгүүсү психиканын өнүгүшүнүн мыйзам ченемдүүлүгүнө баш ийет. Курак психологиясы Л. С.Выготскийдин «өнүгүүнү курагы боюнча мезгилдерге бөлүштүрүү өнүгүү процессинин мазызына таянышы керек» деген жобосуна таянат.



Психикалык өнүгүүнү курактар боюнча мезгилдерге бөлүштүрүү курак психологиясынын татаал проблемаларынын бири болуп саналат. Бул проблеманы изилдөө теориялык мааниге ээ, себеби психикалык өнүгүүнүн мезгилдерин жана бир мезгилден экинчи мезгилге өтүүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн аныктоо аркылуу психикалык өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчтөрү жөнүндө проблеманы чечүүгө мүмкүнчүлүк ачылат. Онтогенез процессинде – төрөлгөндөн тартып өмүрүнүн акырына чейин, адам өзгөчө маанилүү белгилерге ээ болгон бир нече жаш курак стадиясын же мезгилин басып өтөт. Мезгилдердин мазмуну, аталышы жана убакыт боюнча созулушу окумуштуулар сунуш кылган курактар боюнча мезгилдерге бөлүштүрүүнүн негизги критерийи менен аныкталат.



Л. С.Выготскийдин өнүгүүнү курактар боюнча классификациялоонун негизинде динамикалык жана мазмундук критерий белгиленет. Өнүгүүнүн динамикасына карата балалык өнүгүүдө кризистик жана (стабилдүү) литикалык учурларды бөлүп, кризистерге сапаттуу мүнөздөмө берүүгө жетишти. Л. С.Выготский кризистерге чоз маани берип, литикалык жана кризистик мезгилдердин бири-бирин алмаштырып туруусун баланын өнүгүүсүнүн мыйзамы катары баалаган. Ал эми мазмундуулукка таянып, тиешелүү курактын аз-сезими менен иш-аракетин аныктоочу, ар бир этапты жазыланууну, б. а. психикалык жана социалдык өзгөрүүлөрдү белгилеп мезгилдештирүүнү бөлүп караган.



Берилгендердин негизинде Л. С.Выготский төмөнкү курак боюнча мезгилдерге бөлүштүрүүнү сунуш кылган:-Жазы төрөлүү кризиси (0-2 айга чейин);-Бөбөк мезгили (2 айдан – 1 жаш);Бир жаштагы кризиси;-Эрте жаш курак (1-3 жаш);-Үч жаштагы кризиси;-Мектеп жашына чейинки курак (3-7 жаш);Жети жаштагы кризиси;-Кенже мектеп курагы (7-12 жаш);Он үч жаштагы кризиси;-Өспүрүм курак (14-17 жаш);Он жети жаштагы кризис;Л. С.Выготскийдин психикалык өнүгүүнү мезгилдерге курактар боюнча бөлүштүрүүсүндө кризистүү мезгил ар бир курактын аягында байкалып, карама-каршылыктардын чечилиши менен жөнгө салынат. Балалыкты мезгилге бөлүштүрүү жана ар бир мезгилдин мааниси тарыхый турмуш шартка, социалдык жагдайга байланыштуу. Ал коом тарабынан уюшулган окуу-тарбия аркылуу баланын өнүгүүсүнө таасир этет.



Коомдук турмуштагы ар кандай өзгөрүүлөр, мектепке чейинки мекемелердин билим-тарбия ишинин дезгээлин өзгөртөт. Демек, коомдук турмушта пайда болгон өзгөрүштөр баланын өнүгүүсүнө таасир этип, аны тездетип, жаш боюнча коюлган чекти өзгөртөт. Психиканын иш-аракетте өнүгүү принцибин А. Н.Леонтьев иштеп чыккан. Бул принциптин негизги мааниси бала даяр инсан болуп төрөлбөстөн, инсан болуп калыптанат деген түшүнүктү ачып берүү.



Бала индивид болуп төрөлүп, инсан болуунун биологиялык өбөлгөсүнө ээ. Ал башкалар менен болгон бирдиктүү иш-аракетте инсан катары өнүгөт. Белгиленген эки принципти психологдор баланы жаш мезгилге бөлүштүрүүнүн сапаттуу өзгөчөлүгүн, өнүгүүдөгү социалдык жагдай жана негизги иш-аракет деген түшүнүктөрдүн негизинде ачып беришкен. А. Н.Леонтьев өзүнүн эмгектеринде негизги иш-аракет жөнүндө түшүнүк берген. Ар бир жаш курак мезгилде баланын таанып-билүү мүмкүнчүлүгүнө инсандык сапаттардын калыптанышына таасир эткен иш-аракеттин белгилүү түрү ылайык келерин А. Н.Леонтьев ачып көрсөткөн.



Ар бир негизги иш-аракет ошол куракка мүнөздүү, сапаттуу өзгөчөлүктөрдүн же жаш боюнча жазы түзүлүштүн байкалышына мүмкүндүк берет, ал эми негизги иш-аракеттин бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүүсү жаш боюнча мезгилдин которулушунда өзгөчө маанилүү. Курагы боюнча мезгилге бөлүштүрүүдө А. Н.Леонтьев негизги иш-аракетке өзгөчө маани берген. Анын илимий көз карашында иш-аракетте чоздор менен баланын өз ара мамилеси баланын белгилүү жаш курагында өнүгүүсүн камсыз кылат. Бир жаш куракта эмоционалдык мамиле, экинчи жаш куракта – оюн, ал үчүнчүсүндө – окуу негизги иш-аракет болот.

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 8005, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо