Курман айт

Курман айт – мусулмандардын диний майрамы. Орозо айттан 70 күн өткөндөн кийин белгиленет. Куранда Кудай сүйгөн пайгамбары Ибрагимден Алла Таала үчүн баласын курмандыкка чалууну . Ибрагим баласы Исмаилди курмандыкка чалаарда мойнунан бычакты өткөрбөй Жебрейил периште кармап турат имиш. Ошондо асмандан мүйүздүү кочкор түшөт. Мына ошондон тартып Курман айт келип чыгат.
Курман айт тирүүлөрдүн айты болуп эсептелет жана бул күнү Кудайга арналып курмандык чалынат. Курман айт орозо айттагыдай эле мечитке барып намазга жыгылышат, кудайга сыйынышып, «күнөөлөрүнөн арылууну» суранышат. Битир, зекет, садага жана башка беришет. Кыргыздарда курман айттын биринчи күнүндө улуттук оюндар (ат чабыш, кыз куумай) уюштурулуп, элдик майрам болгон.







Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев ат. Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети
Башкы ред. ү. А. Асанов, Жооптуу ред. А. А. Асанканов Ред. кеңеш: Ө. Ж. Осмонов (төрага), Т. Н. Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А. Ж. Жуманалиев, ж. б.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)