Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Курманбектин арманы

Баш барак | Адабият | Курманбектин арманы

Курманбектин арманыКурманбек дастанындагы башкы каармандын жарадар болуп жатып калгандагы арманы.

Дөлөндүн сөзүн угуп Курманбек:

«Же сенин каның тарткандыр,
же менин каным тарткандыр,
өлсөм да сени ала өлөйүн»

деп, Курманбек Дөлөндү катуу качырат. Кош аңдан алыс түйүлүп, Койкүрөңдүн бели үзүлүп, очорулуп барып жатып калды. Курманбек тура калганда Дөлөн хан качырып келип аны сайып кетет. Көкүрөктөн кирген найза далысынан чыга түшүп, бир кезде найзанын сыныгы көкүрөгүндө калып, Курманбек жатып калды.

Дөлөн хан: Үдөөм бүттү, көздөгөнүм Курманбекти көмөлөттүм деп, жөнөп кетет. Курманбек жан талашып, каны чууруп, топуракка жуурулуп, жылдыз өлгөндө эсине келип, Курманбек тынч алар жагына карап, башын жөлөр киши жок талаада калгандыгына арман кылып бир айтканы:

Кадырым сурар киши жок,
Калганым ушул турбайбы.
Кадыр түндө түш көргөн,
Арманым ушул турбайбы.
Башымды жөлөр киши жок,
Калганым ушул турбайбы.
Баягы күндө түш көргөн,
Арманым ушул турбайбы.
Эмгектүү жалгыз турбайбы,
Жоо сайган эгиз турбайбы,
Жоголчу жалгыз турбайбы...
Жалтанбаган баатыр баш,
Жаман аттан муңайды...
Жаратпай калсын жалгызды,
Жалгыз адам жардырып,
Алдырат экен намысты...
Атам как баш бербеди,
Чаалыкпас Тору ат чалышты.
Аталаштан алтоо бар,
Айрылбады кантейин.
Аталашым жогунан,
Кайрылбады кантейин...
Энелештен экөө бар,
Айрылбады кантейин...
Энелешим жогунан,
Кайрылбады кантейин!..
Ат бербеген капыр чал,
Алты ай кесик оорусун,
Аргымагың тору атты,
Кулдарың минип жоорутсун.
Мага бербеген Телтору ат,
Кара ашыңа союлсун.
Мага бербеген олпогуң,
Дооронуңа коюлсун.
Көрүстөнүң төбөсү,
Эки күн калбай оюлсун...
Мага бербеген тулпарың,
Көр байгеңе чабылсын.
Мага бербеген олпогуң,
Сөөгүңө жабылсын.
Мага арнаган каргышың,
Өз башыңа табылсын.
Аяган Телтору атыңды,
Кулдарың минип жарасын.
Эшигиңен жем таппай,
Элдин көзүн карасын.
Ак кепиндеп, аруу жууп,
Көмөр кишим болсочу.
Кадырым сурап кашыма
Келер кишим болсочу.
Кара көзүм өчкөнчө,
Көрөр кишим болсочу...
Кара жерди кең оюп,
Көмөр кишим болсочу.
Эрдин кесе тиштенип,
Чымындай жанга күч келип,
Имерилип Курманбек,
Ойлонот акыл изденип.
Көөдөнүн найза аралап,
Көкүрөгүн жаралап,
Көөдөнүнөн кара кан,
Көп куюлат салаалап,
Көзүнөн аккан кандуу жаш,
Эки беттен талаалап.
Өөдө турар шайы жок,
Жылып барат Курманбек,
Эси оосо дем алып,
Тынып барат Курманбек,
Басарына дарман жок,
Жылып барат Курманбек,
Акылы эсин аярлап,
Тынып барат Курманбек,
Эңиширээк жер болсо,
Жыгылып кетет куланып,
Жаратынан жай таппай,
Жатып калат суналып.
Найза тийген жарасы,
Шишик басты ууланып.
Таң агарып атканда,
Тамам жылдыз батканда,
Барып жатты Курманбек.
Кара жолдун боюна,
Каруусу кетип жалдырап,
Өлүм турду оюна.
Жан талашып суналып,
Түшүп кетти бир аңга,
Талатам деп чочунду
Бөйү чаян жыланга.

Аңга түшүп кетип жолду көрө албай, аңдын ичинде калып, бир жапыс жеринен тырмалап чыгып, эс алып, аңдын жээгине башын жөлөп отурду. Кашкар жактан калың караан келе жатканын көрүп, көңүлүн сергитип отурду. Эчен төөгө жүк жүктөгөн соодагер кербен көрүнөт. Кербендердин алдында кырк жигити бар кара жоргого алтын жабдык салынып, арылдатып өтүп бара жаткан бирөөнү көрүп Курманбек башын көтөрүп айткан сөзү:

Айланайын кербендер,
Алыс жактан келгендер,
Алсыздык жүзүм көргөндөр,
Ажал жетип өлгөндү,
Ак кепиндеп көмгөндөр.
Кашкар жактан келгендер,
Кара жолдун боюнда,
Карыпка кайыр бергендер.
Каза жетип өлгөндү,
Кайыр кылып көмгөндөр.
Келип көргүн көзүмдү,
Келип ук айткан сөзүмдү.
Итке, кушка жем кылбай,
Катарымдан кем кылбай,
Ак кепиндеп, аруу жууп,
Айпооч салып белим бууп,
Соопко дакыл болсоңор.
Көмө кеткен өзүмдү,
Келип көрө кеткиле,
Нурдуу шейит өңүмдү,
Ачып кеткин кербендер,
Арманда жаткан көңүлдү,
Итке, кушка жем кылбай,
Көмө кеткин сөөгүмдү.
Бечаралык, карыптык,
Бешенеме жазылды,
Келип көргүн кербендер,
Көзүмдөн аккан жашымды.
Жалгыз атым өчүрүп,
Жардын боорун көчүрүп,
Сооптун жайын ойлонуп,
Жашыра кеткин башымды.
Көмбөсөң да кербендер,
Көрө кеткин жарамды,
Белгисин айтып берейин,
Алтын ооз калаамды,
Бир имерип көрө кет,
Алты жашар баламды.
Алганым шордуу сураса
Айтып кой менден саламды?!
Айланайын кербендер,
Тийгизе кеткин пайдаңды,
Табалбадым айламды,
Жүрөгүм канга майланды,
Көкүрөктөн бир ыкшап,
Сууруп ташта найзамды?
Айланайын кербендер,
Угар болсоң арзымды,
Убайымдуу карыпты,
Арыз угууга барсыңбы?

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 6433, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-11-02, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу