Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Курортто (ыр)

Баш барак | Поэзия | Курортто (ыр)
Курортто (ыр)
АвторБайдылда Сарногоев

Күйөөсү жокпу, билбедим,
Күчөтүп күндө күлгөнүн,
Кубакай жүздүү, алтын тиш,
Курортто жүрдү бир келин.

Таанышпы мурун, билбедим,
Тапты бейм мүмкүн сүйгөнүн.
Карагай билди, чер билди,
Кай жерде дуулап жүргөнүн.

Бар, жокпу оору жерлери...
Ванна да алып көрбөдү.
Бүткөнчө кетээр мезгили,
Бир «жапан врач» эмдеди.

Курортто мында келгени,
Гүл болду тоодон тергени.
Жыйырма төрт күнү эс алды,
Жыйырма төрт экен көйнөгү.

Аяшты бойдок экен деп,
Айтыпмын билбейм бекер кеп.
Күйөөсү келди бир күнү,
Күмүшүм алып кетем деп.

Көрүшкөн кезде бир-бирин
Көөдөндөн жалын күч алып.
Миң тонна болуп кеткенсип,
Бир айда жыйган кусалык,
Кайрадан-кайра жытташып,
Калышпай жатты жан-алы.

«Күмүшүм» десе күйөөсү,
«Айкөлүм» деди аялы.
Эске албай жүргөн демейде,
Кол булгап турган көп элге,
Айнектен башын чыгарып,
Аз калган кезде жөнөөргө.

Күлүндөп «жапан врачка»,
Күмүшү какты оң кашын.
Анысын кайдан байкады,
Айдады айкөл «Волгасын».
Курортто аял көп жүрдү,
Баары эле токтоо, эстүүбү?..

Жайгаштыруу: 2024-04-05, Көрүүлөр: 37, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-04-05, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу