Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кускаков Акелең

Баш барак | Биографиялар | Кускаков Акелең

(1951-жылы туулган, Жети-Өгүз району, Кичи-Жаргылчак айылы) - артист, режиссёр. Кыргыз Республиканын эмгек сиңирген артисти (1993). Кыргыз академиялык драма театрынын алдындагы студияны (1974), Ташкендеги айыл Н. Островский атындагы театр өңөрү институтун (1979), Москвадагы айыл В. Луначарский атындагы ГИТИСтин жогорку режиссёрдук курсун (1986)бүтүргөн. 1974—85-жылы М. Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында артист, 1986—91-жылы режиссёр болуп эмгектенген. 1991-жылдан К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театрынын режиссёр-коюучусу. Аткарган негизги ролдору: Бекболот (Т. Актанов, «Күч күйөө»), Фигаро (П. С. Бомарше, «Фигаронун үйлөнүшү»), Порфирий Петрович (Ф. М. Достоевский, «Кылмыш жана жаза»), Магдуф (В. Шекспир, «Макбет»), Генерал-губернатор (жылы Садыков, «Таабалды Пудовкин») жана башкалар Режиссёр катары койгон спектаклдери: «Махабат өткөөлү» (Б. Өмүралиев), «Куу дөңгөч» (С. Сарыгулов), «Сапарлашым менин» (Б. Сейдакматов, респлык конкурста 1-орунду алган; 1986), «Аксаткын менен Кулмырза»; «Отрар трагедиясы» (Э. Эрматов), «Эр Табылды» (Т. Актанов), «Өмүр булагы» (Н. Байтемиров), «Таң азандан ойгонуп» (В. Шукшин), Жашынмак (жылы Субанбеков), «Кайран эл» (Д. Сариев), «Махабат азгырыгы» (Б. Шалдыров) жана башкалар.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 494, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу