Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Куурчак театры

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Куурчак театры

"Куурчак театры" качан, кайсы өлкөдө пайда болгон? Дүйнөдөгү алгачкы куурчакты ким жасаган? Муну эч ким билбейт жана биле албайт, анткени куурчак мындан миңдеген, ал түгүл он миңдеген жыл мурда эле дүйнөдөгү бардык элдерде болгон. Куурчактарды ылай, жыгач, саман же кездеменин кесиндилеринен жасашкан. Балдар аларды уктатып, дарылап ойношкон, ылайдан же жыгачтан жасалган бугу, пил, бегемотторго аңчылык кылышкан. Муну театр деп койсо да болот. Куурчак театры.

Анткени андагы актёрлор - куурчактар. Байыркы замандарда адамдар кудайлардын түспөлү деп ар кандай фигураларды жасашкан. Ар кайсы элдерде ар түрдүү кудайлар өтө көп эле. Күндүн кудайы, суунун кудайы, согуштун кудайы, аңчылыктын кудайы, ал тургай короз кыйкырыгынын да кудайы болгон. Бул кудайлардын түспөлү жыгачтан, ылайдан жасашкан же болбосо жаргактан фигура кесип алып май шамдын жарыгына керилген кездемеге алардын көлөкөсүн түшүрүп оюн көрсөтүшкөн. Оюндун мындай түрү азыр да көп өлкөлөрдө, айрыкча Түштүк Америка, Африка, Түштүк-Чыгыш Азиядагы элдерде көрсөтүлөт. Бул бир жагынан кудайга сыйынуу болсо, экинчи жагынан "куурчак театры". Бирок бара-бара куурчак менен көбүнчө жомок, тамсилдерди, ар түрдүү күлкүлүү окуяларды ойной башташкан.

Мындай оюндардын башкы каармандары Россияда - Петрушка, Германияда - Ганс Вурст, Англия да - Панч, Францияда - Полушинель, Италияда - Пульчинелла, Чехословакияда - Кашпарек болгон. Азыр куурчак театрында чыныгы актёрлор иштешет. Оркестр ойнойт. Сахна жумушчулары декорацияларды коюп, алмаштырып турушат, электриктер сахнаны түркүн түстүү прожекторлор менен жарык кылат. Радисттер актёрлордун үнүн күчөтүп угузат же керек учурларда куурчак сүйлөсүн үчүн магнитофонду иштетет. Куурчактар менен декорациялар атайын өнөрканаларда жасалат. Куурчактар башкарылуу ыгына жараша: манжа, жип, ичке таяк менен кыймылдатылуучу жана көлөкө түшүрүүчү фигуралар болуп негизги төрт түргө бөлүнөт. Петрушка - манжаларга кийгизилип ойнотулуучу куурчак. Азыр мындай куурчактар дүйнөнүн көптөгөн театрларында бар. Актёр куурчакты манжаларына кийгизип тосмонун артынан колуна куурчак көрүнгөндөй жогору көтөрүп ойнотот.

Куурчакты жип менен жогору жагынан башкарат. Актёр жип байланган эки, үч, төрт жука таякчаны кайчылаштырып кармап турат, жиптердин учтары куурчактын башына, ийнине, чыканагына, тизесине байланат. Ал таякчаларды ары-бери бурат, жиптерди тарткылаганда куурчак басат, колдорун жаңсайт, башын ийкейт. Ичке таяктагы куурчакты актёр тосмодон өйдө көтөрүп кармайт да, манжаларга кийгизилүүчү куурчак сыяктуу эле ойнотот. Өзөк таяктагы куурчактын ичи менен алып өтүп башына бекитишет, кошумча эки таяк куурчактын эки колуна бириктирилет. Көлөкө түшүрүүчү фигуралар жаргак териден жасалат да, ар түрдүү боёкко боёлот. "Куурчак театры" жөнүндөгү маалымат ушундай. Кошумча маалымат бел жерде

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1532, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу