Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыдыр

Баш барак | Адабият | Кыдыр

Кыргыз мифтеринде "кыдыр" бакыт, таалай, ырыскынын ээси, пири катары элестетилет. Кыдыр илгери кайып болуп кеткен заттан болгон имиш. Кыдыр аруу, агдар жүргөн инсанатка жолукса "кыдыр даарыды" - делип, бакыт, ырыскы келет экен.

Кыдыр адам баласына үч жолу (27 жашында, 47 жашында, 67 жашында) жолугат экен. Аны өз ыкласы менен туюп, билип кадырлай билсе "кыдыр жылоолоп", токтоп калат имиш. Тааныбай, билбей калса өңүп кетет экен.



Кыдыр адам баласына жолукканда ар түрдүү кебетеде, кээде ак боз ат минген ак-сакал катары жолукса, кээде "тулубун көтөргөн кайырчы" кебетесинде жолуга берет имиш. Кыдыр жолугуп, кыдыр даарыган инсан бат эле иши оңуна тартып, бакыт, кадыр-баркка ээ болуп кетет деп түшүнүлгөн. Ошого кыргыздардын ак батасында: "кыдыр колдосун", "кыдыр жылоолосун", "кыдыр даарысын", "жолдошуң кыдыр болсун" деген сөздөр айтылат. Кыдыр жөнүндө түшүнүк, баштапкы коом адамдары "байлык, бакытты" бөлүп берчү ээси болот деп баамдашкан. Байлык бакыттын колго келишин "эмгек, кан, терден" эмес, кандайдыр бир "кыдыр" аталган кереметтүү күчтөн келет деп, аны наристе элестетип "кыдыр" образы аркылуу түшүндүрүүгө умтулган.



"Кыдыр" чындыкта, табиятта болгон нерсе эмес, мифтик көркөм адабиятта наристе элестетилген адабияттык образ гана болгон.

Жайгаштыруу: 2017-08-11, Көрүүлөр: 1414, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу