Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыймылдаткыч же мотор

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Кыймылдаткыч же мотор

Эмнеликтен (Эмнеликтер деген туура сөзбү? же Эмне себептен, эмнеге деп жазган туурабы? деги эле Эмнеликтен деген сөз барбы кыргыз тилинде?) карусель айланат, эксковатор жер казат, жүк ташыгыч машина жүрөт, ракета учат? Анткени, аларга мотор же кыймылдаткыч орнотулган. Кыймылдаткычтар лифтти өйдө-ылдый жылдырат, учактын барасын айлантат. Кыймылдаткычсыз станок да жүрбөйт. Бир да машина кыймылдаткыч болбосо иштей албайт. Бир мезгилдерде кыймылдаткыч деген жок эле. Анда адамдарга кыйын болгон.

Мисалы, ун алуу үчүн кол менен жаргылчакты тегеретип, данды тартуу керек эле. Антпесең нансыз каласың. Ошондуктан адамдар өз эмгегин жеңилдетүүнүн жолун издей баштап акыры ойлоп табышты! Калактуу дөңгөлөктү өзөнгө орнотушту. Аккан суу калакка тийип, дөңгөлөктү айландырат. Дөңгөлөк болсо чоң жаргылчакка - тегирмендин ташына бириктирилген. Ошентип, суу адамдын ордуна данды ун кылып тарта баштаган. Адамдар шамалды да иштөөгө мажбурлашты, дөңсөө жерлерге жел тегирмендерди курушту. Жел тегирмен менен суу барасы алгачкы кыймылдаткычтар болгон. Адамдар алар аркылуу суу менен шамалдын күчүн пайдаланышкан.

Бирок, бул кыймылдаткычтардын бир чоң кемчилиги бар эле. Эгер жайдын ысыгында суу тартылып калса бара токтоп калган - дөңгөлөктү айландырууга суунун кубаты жеткен эмес. Шамал жүрбөсө жел тегирмен иштебеген. Мындан эки жүз жыл мурда суу буусу менен иштеген кыймылдаткыч пайда болду. Бууну цилиндрге багытташып, ал мындагы поршенди түртүп кыймылга келтирген. Цилиндрдин башка четинен бууну анын ичине киргизишкен, поршень кайра артка жылган. Ошентип, мындай кыймыл тынымсыз кайталана берген. Поршень алга-артка жылып, паровоз же пароходдун дөнгөлөгүн тегеретет. Бул буу кыймылдаткычы эле. Ал жакшы иштеген бирок өтө чон жана оор болгон.

Анткени мындай кыймылдаткычка буу зарыл эле, аны алуу үчүн атайын казан, меш орнотуп ага жагылуучу отун же көмүрдү кошо ала жүрүү керек эле. Мындан жүз жылча өткөндөн кийин жаңы, бир кыйла жеңил кыймылдаткыч пайда болду. Буу машинасы сыяктуу эле анда да поршендүү цилиндр бар, бирок буунун ордуна цилиндрге суюк отун: бензин, керосин берилет. Бул отун цилиндрдин ичинде күйгүзүлөт (мисалы, электр учкуну аркылуу). Күйгөндө көп газ бөлүнүп чыгып, поршенди кысып аны түртөт. Отун кыймылдаткычтын ичинде күйгөндүктөн, аны ичтен күймө кыймылдаткыч деп аташат. Ага чоң буу казандын кереги жок. Ошондуктан мындай кыймылдаткычтарды кемеге да, автомобилге да, мотоциклге да орнотууга болот. Техника өсүп-өнүгүп, жаңы кыймылдаткычтар пайда болду. Эң ыңгайлуусу - электр кыймылдаткычы. Ал уу-чуусуз иштейт, экологиялык жактан таза, бензин жана башка отунду да талап кылбайт.

Электр тогуна бириктирилсе болду. Ал эми ракеталарды учуруу үчүн ракета кыймылдаткычтары түзүлдү. Учактарга болсо реактивдүү кыймылдаткычтар орнотулган. Барган сайын заман өнүгүп-өсүп, азыркы кезде суутек кыймылдаткычтары сынактан өтүүдө.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1325, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо