Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыл кыяк уламышы

Баш барак | Жомок уламыштар | Кыл кыяк уламышы

Кыл кыяк уламышы — илгери бир жигит жана анын күлүк аты болгон экен. Кандай гана ат чабыш болбосун, алдына жалкы салдырбаган чабандес жана анын аты имиш. Күндөрдүн биринде, байгелүү ат чабыш уюшулуп, жигит «жакшы болду байге меники болоор» деп байгелүү чабышка катышууга камын көрүп даярдана баштайт.

Жигиттин ойлогону ишке ашпай, кимдир бирөөлөр жигиттин күлүгүн өлтүрүп кетишет. Жигит көргөн көзүнө ишенбей, абдан кайгыга батат. Күлүгүн жоктоп, жылкысынын элесине кыл кыяк аспабын жасаган делет.

Кыл кыяктын башына күлүгүнүн сөлөкөтүн түшүрүп, куйруктарынан кыл тартып, терисинен капкагын жасайт имиш.

Ал эми алгачкы кыл кыяк күүсү «Ат кетти» деп дал ушул уламышка байланыштуу чыккан делет.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2023-06-30, Көрүүлөр: 390, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-08-11, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу