Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

кымбатым

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | кымбатым

Созу С. Жусуевдики

Обону Р. Абдыкадыровдуку

Суу жаныртып Алатоонун жылгасын,

Талаа тыншап торгойлордун ырдашын.

Жаз жадырап, мен турамын сумсайып,

Жазда неге келбей койдун кымбатым?

Жаркын гулдор жасалгалап кыр башын,

Жай чыгарып табигаттын сымбатын,

Жер жапжашыл, менин онум керсары,

Жайда неге келбей койдун кымбатым?

Дарак тагып туркун момо-сыргасын,

Суктандырды адамдардын кыйласын.

Кутуп журсом жузум камдап озуно,

Куздо неге келбей койдун кымбатым?

Эки журок бирин-бири тындасын,

Эзилишип, элжирешип жыргасын -

Керемет бар сенде кышты жай кылар,

Келчи, келчи кыш чилдеде кымбатым.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 3040, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу