Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыргыз Республикасынын гимни

Баш барак | Башкалар | Кыргыз Республикасынын гимни

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни — Кыргызстандын желеги жана герби сыяктуу эле мамлекеттик символикаларынын бири. Гимн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 18-декабрындагы токтому менен кабыл алынган. Гимн үч куплет жана кайырмадан туруп, кийинчирээк экинчи куплеты алынып салынган.

Кыргыз Республикасынын гимни
СөзүЖалил Садыков, Шабдаалы Кулуев
ОбонуНасыр Давлесов, Калый Молдобасанов
Бекилиши1992-жыл, 18-декабрь
ӨлкөКыргызстан
Сөзүнүн авторлору
Жалил СадыковШабданалы Кулуев
Жалил СадыковШабданалы Кулуев
Обонунун авторлору
Насыр ДавлесовКалый Молдобасанов
Насыр ДавлесовКалый Молдобасанов

Кыргыз тилинен котормосу — К. Акматова жана М. Рудова.

Жалпы маалымат, ырдын тексти

Мамлекеттик гимн дайыма салтанаттуу аткарылат. Гимн менен өлкөбүз жаңы жылды тосот, түрдүү иш-чараларды өткөрөт. Гимнди аткаруу менен спортчулар сыйланышып, бул алардын жеке жеңиши эмес, мамлекеттин да жеңиши экендигин билгизет.

Кыргызстандын мамлекеттик гимни музыкалык-поэтикалык чыгарма болуп саналат. Мамлекеттик гимн музыка менен сөзү дал келгендей аткарылышы зарыл.

Гимн — президент кызматына дайындалганда, Кыргызстанга чет мамлекеттен келген расмий конокторду тосуу жана узатуу аземинде, мамлекеттик тууну көтөрүү учурунда жана башка расмий салтанаттарда аткарылат. Эгерде тууну көтөрүп жатканда гимн менен коштолсо, ага катышып турган адамдар тууга карай түз турушат.

Официалдуу аткарууда катышуучулар ордунан туруп, оң колун жүрөгүнө кармап (колду жүрөккө кармоо бул патриоттуулуктун символу) чогу аткарышат. Эркектер (калпактан жана атайын диний кызматкерлердин баш кийиминен тышкары) баш кийимсиз болот.

2000-жылдардын аягында бир катар коомдук ишмерлер гимндин текстин өзгөртүү боюнча инициатива көтөрүшөт.

Алардын ою боюнча экинчи куплетинде кездешүүчү «бейкуттук» сөзүнүн маанисинде карама-каршылыктар, тагыраак айтканда «бей» префикси «кут» сөзүнө терс маани берет деп эсептешкен.

2011-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан мамлекеттик гимндин тексти жана мамлекеттик желектин көрүнүшүн өзгөртүү боюнча комиссия түзүлүп, анын башында депутат Абдырахмат Маматалиев болгон. 2012-жылдын аягында комиссия гимндин экинчи куплетин толук алып салуу чечимине келип, 2012-жылдын 27-декабрында Жогорку Кеңеш комиссиянын сунушуна добуш берет.

Кыргыз тилиндеги текстиОрус тилиндеги котормосу

Ак мөңгүлүү, аска зоолор талаалар,
Элибиздин жаны менен барабар.
Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп,
Сактап келди биздин ата-бабалар.

Кайырма:
Алгалай бер, кыргыз эл,
Азаттыктын жолунда.
Өркүндөй бер, өсө бер,
Өз тагдырын колуңда.

Байыртадан бүткөн мүнөз элиме,
Досторуна даяр дилин берүүгө.
Бул ынтымак Эл бирдигин ширетип,
Бейкуттукту берет кыргыз жерине.

Аткарылып элдин үмүт тилеги,
Желбиреди экиндиктин желеги.
Бизге жеткен ата-салтын, мурасын,
Ыйык сактап, урпактарга берели.

Кайырма:

Высокие горы, долины, поля
Родная, заветная наша земля.
Отцы наши жили среди Ала-Тоо,
Всегда свою Родину свято храня

Кайырма:
Вперед, кыргызский народ
Путем свободы вперед!
Врастай, народ, расцветай,
Свою судьбу, созидай!

Извечно народ наш для дружбы открыт,
Единство и дружбу он в сердце хранит.
Земля Кыргызстана, родная страна,
Лучами согласия озарена.

Мечты и надежды народа сбылись,
И знамя свободы возноситься ввысь
Наследие отцов наших передадим
На благо народа потомкам своим

Припев:

Эски гимн

Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын гимни.
Маалымат
Кабыл алынган жылы1946
Баш тартуу, жаңы гимн кабыл алышы1992
МузыкасыВладимир Власов, Абдылас Малдыбаев, Владимир Фер
СөзүКубанычбек Маликов, Түлгөбай Сыдыкбеков, Муканбет Токтобаев, Аалы Токомбаев

Эски гимн

Эски гимн тексти

Азаттыкты Кыргыз эңсеп турганда,
Ала-Тоого Октябрдын таңы аткан.
Улуу орус достук менен кол берип,
Ленин бизге бак-таалайга жол ачкан.

Кайырма
Жаша, Кыргызстаным,
Ленин туусу колуңда.
Алгалай бер, гүлдөй бер,
Коммунизм жолунда!

Эмгек, эрдик, күрөштөрдө такшалтып,
Таалай берген улуу Совет калкына.
Жеңиштерден жеңиштерге алпарат,
Элдин күчү – Лениндик партия.

Кайырма

Эл достугун болоттон бек ширетип,
Көп улуттан Союз курдук урагыс.
Жандай сүйүп даңктуу Ата Мекенди,
Түбөлүккө Коммунизм курабыз.

Кайырма

Шилтемелер

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 24695, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу