Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыргыз Республикасынын Конституциясы

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Кыргыз Республикасынын Конституциясы

Көз карандысыз мамлекеттин Негизги Мыйзамын кабыл алуу тарыхта калган күн болгон. Дал ошол күндөн кийин календарда мамлекеттик 'Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнүн' майрамы кызыл күн болуп белгиленип келет. Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алуу менен саясый жана коомдук социалдык уюштуруу жаатында жаңы демократиялык башаттар түптөлгөн. Кабыл алынган Конституцияда кыргыз мамлекетинин негизги сапаттары бекитилген: укук башатында куралган, унитардуу, суверендүү, демократиялык республика. Кийинки Конституциянын өзгөртүүлөрү жана толуктоолору демократиянын негиздерин дагы-дагы өнүктүрүүгө салым кошуп, ага Кыргызстандын эли референдумдарда өз добуштарын берип колдогон. Ушул башкы документке себептүү Кыргызстандын тарыхында биринчилерден болуп, демократиянын реалдуу өнүгүшүнө, укуктук мамлекетти жана демократиялык коомду түзүүгө реалдуу шарттар түзүлгөн. 1993-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин XII-сессиясында (12-сессиясында) Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган.

Ошол убактан тартып Кыргыз ССРи 'Көз Карандысыз Кыргыз Республикасы' аталган, эски 1978-жылы кабыл алынган Кыргыз ССРинин Конституциясы (негизги документ) өз күчүн жоготкон. Конституция кабыл алынгандан кийин ага бир нече өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген жана координалдуу төрт жолу өзгөртүлгөн - 2003-жылдын февралында, 2006-жылдын ноябрь жана декабрь айында, жана 2007-жылдын октябрь айында. 2007-жылдын 14-сентябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту ноябрь ошондой эле декабрь айындагы Конституциянын жаны редакциясын жокко чыгарган. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 18-февралындагы редакциясы кайра күчүнө кирген. 2007-жылдын 21-октярында Кыргыз Республикасынын Буйругуна ылайык жалпы элдик референдум өткөрүлүп, Конституциянын ошол кездеги Президент Курманбек Бакиев тарабынан сунушталган жаңы редакциясы кабыл алынып, 2007-жылдын 23-октябрында Президент өз колу менен ага кол койгон. Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү ошондой эле толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү жаңы редакциондук мыйзам эртеси эле, тагыраак айтканда 2007-жылдын 24-октябрында юридикалык күчүнө кирген.

2010-жылдын апрель айынын башында массалык простесттерден соң, бийликке оппозиция келип, убактылуу бийлик уюшулган, жана 2010-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясынын проектиси жарыяланган. 2010-жылдын июнь айында кабыл алынган Конституция парламенттик башкаруу формасында болуп келет.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 4999, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу