Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кыргыз Республикасынын сыйлыктары

Кыргыз Республикасынын ордендери ж-а медалдары – КР демократиялык коомду, элдердин биримдигин коргоого ж-а чыңдоого, өлкөнүн экон., интеллектуалдык ж-а рухий потенциалын арттырууга кошкон салымы, о. эле мамлекеттин ж-а элдин алдында коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук ж. б. иштердеги сиңирген эмгеги үчүн берилүүчү сыйлыктар. Аны КРнын конституциясына ылайык КРдин президенти берет. КР мамл. сыйлыктары м-н КРге сиңирген эмгеги үчүн чет өлкөлүк жарандар ж-а жарандыгы жок адамдар да сыйлана алышат. Мамл. сыйлыктарга татыктуу болгон адамдар КР мыйзамдарында каралган тартипте жеңилдиктерден ж-а артыкчылыктардан пайдаланышат. Мурда СССРдин ордендери ж-а медалдары м-н сыйланган КР жарандарынын, СССР ж-а Кыргыз ССРинин ардак наамдарына ээ болгондордун статусу, бардык тиешелүү укутары ж-а жеңилдиктери сакталган ж-а Советтер Союзунун Баатыры ж-а Социалисттик Эмгектин Баатыры ардак наамдары КР жогорку артыкчылык даражалары м-н кайрадан идентификацияланган. Мамл. сыйлыктары б-ча комиссия жүргүзөт. Белгилердин, орден китепчелеринин ж-а мамл. сыйлыктарга күбөлүктөрдүн үлгүлөрү, о. эле сыйлыкка көрсөтүү, тапшыруу, тагынуу, каттоо ж-а сактоо тартиптери КР мамл. сыйлыктары ж-дө жободо көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Баатыры – эң жогорку артыкчылык даражасы, мамлекет м-н эл алдындагы өзгөчө жеке сиңирген эмгеги, КР эркиндигинин ж-а көз каранды эместигинин урматына баатырдык эрдик жасагандыгы үчүн жарандарга КР Президенти тарабынан бир гана жолу ыйгарылат. Кыргыз Республикасынын Баатыры даражасына татыктуу болгон адамга «Ак Шумкар» өзгөчө белгиси тапшырылат. «Ак Шумкар» белгиси сол төшкө КР ордендери м-н медалдарынын үстү жагына тагылат. Манас ордени м-н мамл. ж-а демокр. коомду элдин биримдигин коргоого ж-а чыңдоого, өлкөнүн экон., руханий ж-а интеллектуалдык потенциалын арттырганга кошкон салымы үчүн берилет. Ордендин үч даражасы бар. Сыйлоо III даражасын берүүдөн башталат. Өзгөчө учурларда Президент жарандарды түз эле I даражасы м-н сыйлай алат.

"Кыргызстан" энциклопедиясы Бишкек-2002

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)