Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыргыз сому

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Кыргыз сому

Сом — Кыргыз Республикасынын акча бирдиги. Бир сом жүз тыйынга барабар. ISO 4217 тамга коду — KGS, санариптик коду — 417, расмий белгиси — c.

Сом
5000 сом, банкнота, 2009, арткы бети
Коддор, белгилер
ISO 4217 коддоруKGS (417)
Символдорс, с
Жүгүртүү аймагы
Эмитент өлкөКыргызстан
Туунду жана параллелдүү бирдиктер
Бөлүнүүсүтыйын (1⁄100)
Жүгүртүүдө (фактылык)
Монеталар10 жана 50 тыйын, 1, 3, 5, 10 сомдор
Банкноталар20, 50, 100, 200, 500, 1000, 2000, 5000
Тарыхынан
Киргизүү мезгили10.05.1993—14.05.1993
Токтом кабыл алынган күн3.05.1993
Жүгүртүүгө киргизилиши10.05.1993
Сомго чейинки валютаСССР рубли (SUR) / Россиялык рубль (RUR)
Монета жана банкноталарды өндүрүү
Эмиссиялык борбор (регулятор)Кыргыз Республикасынын улуттук банкы, www.nbkr.kg
Банкнота чыгаруучу компанияDe La Rue, www.delarue.com
Акча сарайКазакстан акча сарайы, www.kmd.kz

Жалпы маалымат

Кыргыз сомунун купюралары 100% пахта буласынан жасалат (2023), а бул целлюлозага салыштырмалуу 5 миң жолу бүктөлүүгө чыдайт. Целлюлозаныкы орточо 80 бүктөлүүгө жарайт. Пахтадан жасалган купюралардын жарактуулугу 1 жылдан 5 жылга чейин жетет. Ошондой эле, банкноталардын кызмат кылуу убактысын узартуу максатында жаңы технологиялар дагы колдонулат, мисалы, банкноталарды кирден коргоо үчүн алардын бети атайын лак менен капталат.

Монеталар болсо 5 жылдан 8 жылга чейин чыдайт. 1, 3, 5 жана 10 сом номиналындагы монеталар никель жана болоттон жасалып, 1, 10, 50 тыйын монеталары болот, латунь, никелден чыгат.

Кыргызстан монеталары Казакстан монета сарайында чыгат. Ал эми банкноталар ар кайсы өлкөлөрдө чыгып келет. Банкноталар үчүн кагаз Улуу Британия менен Фрациядан жасалат (2023). Бул кагаздар даярдалууда алгачкы коргоо белгилери кошо жасалат (суу белгилери жана коргоо жипчелери). Кыргыз акчасы кайдан басылып чыгаарын эл аралык тендердин жыйынтыктары аныктайт. Мисалы, 200, 500 жана 1000 сомдук банкноталарды Улуу Британиялык «De La Rue» компаниясы даярдачу, ал эми номиналы 20, 50, 100 жана 5 000 сомдук купюралар Франциялык «Оbеrthur Fіduсіаіrе» компаниясында чыкчу. Чыгаруу процессинде голлограммалар, рельефтик басуу, түстү айырмалоочу боёктор дагы түшүрүлөт.

2010-жылы чыгарылган 5000 сом номиналындагы банкнота эл аралык сынакта «Жылдын мыкты банкноту» наамына ээ болгон. Кыргыз банкноталарында жаныбарлардын, кыргыз музыкалык аспаптарынын сүрөттөрү дагы түшүрүлгөн, мисалы, комуз, кыл кыяк, бүркүт, жылкы ж. б. Бир номиналдын түсү экинчисинде кайталанбайт.

Жаңы банкноталарды чыгаруу зарылдыгы 1,5-2 жыл мурун аныкталат. Ал үчүн Улуттук жана коммерциялык банктарга канча накталай акча түшүп жаткандыгына, канчасын кайра бергени жана кайра алганына анализ жүргүзүлөт. Жаңы акчаларды буйрутмалоону Улуттук банк чечет.Купюралар Кыргызстанга авиа жана темир жол каттамы менен жеткирилет.

Жыл сайын Улуттук банк 35-40 тоннага жакын эскирген, жарактан чыккан акчаларды жок кылат (2023). Алардын ордуна жаңы акчалар чыгат. Кызмат мөөнөтү бүткөн сомдор кайра иштетилип картонго айланат. Накталай эмес акчанын айлануусу жылдан-жылга көбөйгөнүнө байланыштуу айтылган көрсөткүчтөр төмөндөшү мүмкүн.

Этимология

Сом сөзү казак, кыргыз, уйгур жана өзбек жана башка көптөгөн түрк тилдеринде «таза» дегенди билдирет. Бул сөз таза күмүш же алтын дегенди туюндурат. Ал эми сом сөзү кыргыздарда акча маанисинде советтер союзунда эмес, андан дагы мурда эле болгон.

Сом кыргыз тилинен которгондо куйма, темир кесинди, балка, бүтүн, туюк, тыгыз байланган кап деген сөздөрдү билдирет. Негизи күмүш куйма «сомдун» атынан ысымы алынган же берилген делет.

Тарыхы

Мурдагы СССР өлкөлөрүнүн Борбордук Азия постсоветтик өлкөлөр арасында Кыргызстан жеке улуттук валютасын бекиткен биринчи өлкө болгон. Валютаны киргизүү боюнча токтом Кыргызстан Жогорку Кеңешинин 1993-жылдын 3-майында кабыл алынган, 1993-жылдын 10-майында саат 4төн баштап Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы номиналы 1, 5 жана 20 сомдон турган банкноталарды, ошондой эле, номиналы 1, 10 жана 50 тыйындан турган алмашма белгилердин (тыйындардын) I сериясын жүгүртүүгө киргизген. Ошентип, токтомдун кабыл алныган күнү 3-май болуп, ал эми валюталар 10-майда чыгарылган. Ушул күндөн тарта Кыргызстандын аймагында мыйзамдуу валюта катары кабыл алынган күнү 1993-жылдын 10-майы деп саналат. Рубль менен сомду параллелдүү жүгүртүү мөөнөтү 1993-жылдын 14-майынын саат 18:00нө чейин белгиленген, андан кийин бир гана мыйзамдуу төлөм каражаты болуп кыргыз валютасы гана калган. Айтмакчы, 1992-жылы инфляциянын көрсөткүчү 2000% ашык болгон делет.

Ошол эле учурда, рублды сомго алмаштыруу 200:1 курсу боюнча жүргүзүлүп, бирок жүгүртүүдө накталай сом жетишпегендиктен, рулдын жүгүртүүсү адегенде 17-21-майга, андан кийин 3-4-июнга чейин 260 рубль : 1 сом курсу менен жүргөн. Ал эми долларга карата 1993-жылы 1$, 4 сом 14 тыйынга барабар болгон. Акча алмаштыруу фактысы аны алмаштырып жаткандын паспортунда же документиндеги «Өзгөчө белгилер» бөлүмүндө жазылган.

КМШ өлкөлөрүнүн арасында, дээрлик бүткүл постсовет мезгилинде сомдун жалпы инфляциялык деңгээли эң төмөн болгон.

Учурда (2023) сом монеталардын төрт номиналында (1, 3, 5 жана 10 сом) жана IV сериядагы банкноттордун сегиз номиналында берилген: 20, 50, 100, 200, 500, 1000, 2000 жана 5000. IV сериядагы банкноттордон тышкары, аз санда болсо дагы мурдагы сериядагы банкноттор жүгүртүлүп жүргөн учурлары жок эмес. Алмашма белгилер — тыйындар. Майда акчалар (мурдагы кагаз түрүндөгү тыйындар) жана монеталар «тыйын» деп аталган. Алгачкы төрт бурчтуу (7х9 см) банкнота түрүндөгү алмашма белгилер үч номиналда берилген: 1, 10 жана 50 тыйын. 2008-жылдын январь айында номиналы 1 (коллекциялык), 10 жана 50 тыйын, ошондой эле 1, 3, 5 сомдук монеталар чыгарылган, ал эми 2009-жылдын декабрь айында 10 сомдук монета чыккан. Бардык банкноталар жана монеталар чыгарылган жылына карабастан Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

2017-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы сомдун символун жар салган, мында асты сызылган «С» тамгасы болгон.

Сом белгиси же символу
Сом белгиси же символу

Монеталар

Стандарттык монеталар

Кыргыз тыйындарындагы номиналы 1 тыйындык монета топтом үчүн гана чыгарылып, жүгүртүүдө колдонулбайт. 10 жана 50 тыйындык монеталар сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн аздыгынан улам жүгүртүүдө дээрлик кездешпейт. Тыйындардын реверсинде (арткы бети) номиналы жана оймо сымал түшүрүлгөн өсүмдүк бар. Ал эми сом монеталарында номинал жана анын жанында стилдештирилген көөкөр түшүрүлгөн. Бардык номиналдагы монеталардын аверсинде (маңдайкы бетинде) Кыргыз Республикасынын герби жана жүгүртүүгө чыгарылган жылы сүрөттөлгөн.

Көрүнүшү Номиналы Материалы Диаметри (мм) Бийиктиги же калыңдыгы (мм) Масса (г) Гурт же кыры Чыгарылган жылы
1 тыйын, аверс, 2008 1 тыйын, реверс, 2008 1 тыйын латунь 14 0,95 1,0 жол-жолдуу 2008
10 тыйын, аверс, 2008 10 тыйын, реверс, 2008 10 тыйын болот, плак латунь менен 15 1,15 1,3 жылмакай
50 тыйын, аверс, 2008 50 тыйын, реверс, 2008 50 тыйын 17 1,22 1,8
1 сом, аверс, 2008 1 сом, реверс, 2008 1 сом болот, плак никель менен 19 1,36 2,5 жол-жолдуу
3 сом, аверс, 2008 3 сом, реверс, 2008 3 сом 21 1,4 3,2
5 сом, аверс, 2008 5 сом, реверс, 2008 5 сом 23 1,55 4,2
10 сом, аверс, 2009 10 сом, реверс, 2009 10 сом 24,5 1,65 5,4 үзүк-үзүк жол-жолдуу 2009
«10 сом» жазуусу бар үзүк-үзүк тик жолдуу 2009, (2014)

Эстелик жана инвестициялык монеталар

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эстелик жана юбилейлик монеталарды баалуу (алтындан — номиналы 100 жана 200 сом, күмүштөн — номиналы 10 сом) жана баалуу эмес (латунь-никель куймасынан — номиналы 1 жана 5 сом) металлдардан чыгарат. 2018-жылы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маакаресинин алкагында номиналы 20 сом болгон латунь-никель монетасы жүгүртүүгө чыгарылган. Коллекциялык монеталарды Борбордук банк биринчи жолу 1995-жылдан тарта чыгара баштаган, ал убакта Манас эпосунун 1000 жылдыгына арналган эки монета чыккан.

2021-жылдын май айына карата монеталардын 82 түрү (нускасы) чыгарылган, анын ичинде 22си латунь-никелден, 56сы 925 пробадагы күмүштөн, 1өө 916 пробадагы алтындан жана 4өө 999 пробадагы алтындан. https://numizmat.nbkr.kg сайтында коллекциялык монеталардын 33 түрү сатыкта. Инвестициялык монеталар Кыргызстанда азырынча чыгарылбайт (2023).

Банкноталар

1993-жылкы үлгүдөгү банкноталар

Бул банкноталар айтылуу «Өткөөл мезгилдин акчасы» деп аталчу. Алгачкы банкнота кагаз тыйындардын бетинде күн нурунун фонунда бүркүттүн сүрөтү, мамлекеттин аталышы жана номиналы көрсөтүлгөн, арткы бетинде күн нуру курчаган түндүк, мамлекет аталышы жана номинал түшүрүлгөн.

Сомдордун бетинде ат үстүндөгү Манас, банк-эмитенттин кыска аталышы, номинал жана Улуттук банктын ошол кездеги төрагасы К. К. Нанаевдин колу, арткы бетинде Манас мавзолеи, банк-эмитенттин кыска аталышы жана номиналы бар.

Банкноталарда чыгарылган жылы жазылган эмес. KT жана ZT сериясындагы 1 жана 10 тыйын номиналындагы банкноталар 1999-жылы, KT, ZT сериясындагы 50 тыйын 2001-жылы чыгарылган, ал эми калган сериядагы сомдор жана тыйындар 1993-жылы чыккан. Суу белгиси — стилдештирилген бүркүттүн сүрөттөрү (1993-жылкы банкноталарда) же козу карын сымал орнамент (1999 жана 2000-жылкы банкноталарда) бардык талаа боюнча жайгашкан. Банкноталардын дизайны Д. Е. Лысогоров жана А. П. Цыганко тарабынан иштелип чыккан. 1/AB 12345678 же 12/AB 12345678 түрүндөгү сериялык номерлер.

Кыргыз банкынын I сериядагы банкноталары
Көрүнүшү Номинал Өлчөмдөрү (мм) Негизги түстөр Даталар
Маңдайкы бети Арткы бети чыгаруу басуу алып салынышы
1 тыйын, банкнота, 1993-1999, маңдайкы бети 1 тыйын, банкнота, 1993-1999, арткы бети 1 тыйын 90×70 кызыл 1993-жылдын 10-майы 1993, 1999 2008-жылдын 1-январы
10 тыйын, банкнота, 1993-1999, маңдайкы бети 10 тыйын, банкнота, 1993-1999, арткы бети 10 тыйын жашыл
50 тыйын, 1993-2001, банкнота, маңдайкы бети 50 тыйын, 1993-2001, банкнота, арткы бети 50 тыйын көк 1993, 2001
1 сом, банкнота, 1993, маңдайкы бети 1 сом, банкнота, 1993, арткы бети 1 сом 140×70 кызыл 1993
5 сом, банкнота, 1993, маңдайкы бети 5 сом, банкнота, 1993, арткы бети 5 сом жашыл
20 сом, банкнота, 1993, маңдайкы бети 20 сом, банкнота, 1993, арткы бети 20 сом көк

1994—1995-жылдар үлгүсүндөгү банкноталар

Банкноталардын бетинде тиешелүү маданият ишмерлеринин портрети жана аты, банк-эмитенттин кыска аталышы, номинал жана Улуттук банктын төрагасы К. К. Нанаевдин колу коюлган, арткы бетинде — Кыргызстандын түрдүү символдорунун сүрөттөрү, банк-эмитенттин кыска аталышы жана банкнота номиналы бар. Банкноталарда чыгарылган жылы көрсөтүлгөн эмес.

Бардык банкноталардагы суу белгиси — Токтогул Сатылгановдун портрети. Дизайны Д. Е. Лысогоров жана А. П. Цыганко тарабынан иштелип чыккан. AB1234567 түрүндөгү сериялык номерлер.

Кыргыз банкынын II сериядагы банкноталары
Көрүнүшү Номинал (сом) Өлчөмдөрү (мм) Негзги түстөр Баяндалышы Даталар
Маңдайкы бети Арткы бети Маңдайкы бети Арткы бети чыгарылышы алынып салынышы
1 сом, банкнота, 1994, маңдайкы бети 1 сом, банкнота, 1994, арткы бети 1 135×65 күрөң, сары композитор Абдылас Малдыбаев (1906—1978) музыкалык аспаптар комуз и кыл кыяк Улуттук филармония имаратынын фонунда 1994-жыл, 11-апрель 2008-жыл, 1-январь
5 сом, банкнота, 1994, маңдайкы бети 5 сом, банкнота, 1994, арткы бети 5 көк, сары балерина Бүбүсара Бейшеналиева (1926—1973) Улуттук опера жана балет театры
10 сом, банкнота, 1994, маңдайкы бети 10 сом, банкнота, 1994, арткы бети 10 жашыл, сары окумуштуу жана маданият ишмери Касым Тыныстанов (1901—1938) Кыргызстан тоо кыркалары, Жети-Өгүз капчыгайы 1994-жыл, 28-январь
20 сом, банкнота, 1994, маңдайкы бети 20 сом, банкнота, 1994, арткы бети 20 кызыл, кызгыл сары, күрөң Тоголок Молдо (Байымбет Абдырахманов, 1860—1942) Манас мавзолеи 1994-жыл, 11-апрель
50 сом, банкнота, 1994, маңдайкы бети 50 сом, банкнота, 1994, арткы бети 50 кызыл-күрөң, кызгылт Курманжан Датка (1811—1907) Өзгөн архитектуралык комплекси 1994-жыл, 29-август
100 сом, банкнота, 1995, маңдайкы бети 100 сом, банкнота, 1995, арткы бети 100 боз, күрөң, саргыч жашыл Токтогул Сатылганов (1864—1933) Токтогул ГЭСи 1995-жыл, 20-март

1997—2005-жылдар үлгүсүндөгү банкноталар

Банкноталардын бетинде — тиешелүү маданият ишмерлеринин портрети, аты-жөнү жана жашаган жылдары, банк-эмитенттин кыска аталышы, номинал жана Улуттук банктын төрагасы У. К. Сарбановдун (1, 50, 100, 200, 500 жана 1000 сомдордо) же М. А. Султановдун (5 жана 10 сомдо) колу коюлган, арткы бетинде — Кыргызстандын түрдүү символдорунун сүрөтү, банк-эмитенттин кыска аталышы, номинал жана чыгарылган жылы бар.

Суу белгиси — банкнотада сүрөтү түшүрүлгөн адамдын портрети (1-10 сом) же портрет жана номинал (20-1000 сом). Номиналы 1-10 жана 200—1000 сомдордун дизайны А. П. Цыганко тарабынан иштелип чыккан, ал эми 20-100 сомдордун дизайны — М. К. Сагымбаевдики. AB1234567 түрүндөгү сериялык номерлер.

Кыргыз банкынын III сериядагы банкноталары
Көрүнүшү Номиналы (сом) Өлчөмдөрү (мм) Негизги түстөрү Баяндалышы Даталар
Маңдайкы бети Арткы бети Маңдайкы бети Арткы бети киргизилиши басылышы алынып салынышы
1 сом, банкнота, 1999-2000, маңдайкы бети 1 сом, банкнота, 1999-2000, арткы бети 1 120×60 күрөң Абдылас Малдыбаев (1906—1978) Улуттук филармония имаратынын фонунда комуз жана кыл кыяк музыкалык аспаптары 2000-жыл, 7-февраль 1999 2010-жыл, 1-январь
5 сом, банкнота, 1997, маңдайкы бети 5 сом, банкнота, 1997, арткы бети 5 135×65 көк Бүбүсара Бейшеналиева (1926—1973) Улуттук опера жана балет театры 1997-жыл, 17-декабрь 1997
10 сом, банкнота, 1997, маңдайкы бети 10 сом, банкнота, 1997, арткы бети 10 жашыл Касым Тыныстанов (1901—1938) Кыргызстандын тоо кыркалары жана Жети-Өгүз капчыгайы
20 сом, банкнота, 2002, маңдайкы бети 20 сом, банкнота, 2002, арткы бети 20 кызгыл сары Тоголок Молдо (1860—1942) Манас мавзолеи 2002-жыл, 15-август 2002 жүгүртүүдө
50 сом, банкнота, 2002, маңдайкы бети 50 сом, банкнота, 2002, арткы бети 50 145×70 көгүлтүр, кызгыл Курманжан Датка (1811—1907) Өзгөн архитектуралык комплекси
100 сом, банкнота, 2002, маңдайкы бети 100 сом, банкнота, 2002, арткы бети 100 150×72 боз-жашыл Токтогул Сатылганов (1864—1933) Хан-Теңири тоосу
200 сом, банкнота, 2000, маңдайкы бети 200 сом, банкнота, 2000, арткы бети 200 155×74 сары Алыкул Осмонов (1915—1950) Ысык-көл көлү, Осмоновдун «Женишбек» поемасынан үзүндү 2000-жыл, 28-август 2000
200 сом, банкнота, 2004, маңдайкы бети 200 сом, банкнота, 2004, арткы бети 2004-жыл, 2-август 2004
500 сом, банкнота, 2000, маңдайкы бети 500 сом, банкнота, 2000, арткы бети 500 160×76 кызгылт Саякбай Каралаев (1894—1971) Эпостогу образдардын фонунда Каралаевдин Манас айтып жаткан кези 2000-жыл, 28-август 2000
500 сом, банкнота, 2005, маңдайкы бети 500 сом, банкнота, 2005, арткы бети 2005-жыл, 1-ноябрь 2005
1000 сом, банкнота, 2000, маңдайкы бети 1000 сом, банкнота, 2000, арткы бети 1000 165×78 боз Жусуп Баласагын (XI кылым) Сулайман тоосунун фонунда Такты Сулайман мечити, «Ошко үч миң жыл» жазуусу 2000-жыл, 28-август 2000

2009—2016-жылдар үлгүсүндөгү банкноталар

Банкноталардын бетинде — тиешелүү маданият ишмеринин портрети, аты-жөнү жана жашаган жылдары, банк-эмитенттин кыска аталышы, номинал жана Улуттук банктын төрагасы М. О. Алапаевдин колу коюлган, арткы бетинде — пейзаж, банк-эмитенттин кыска аталышы, номинал жана чыгарылган жылы бар.

Суу белгиси — банкнотада сүрөтү түшүрүлгөн адамдын портрети (20-50 сомдордо) же портрет жана номинал (100-5000 сомдордо). Банкноталардын дизайны М. К. Сагымбаев (200, 500 жана 1000 сом — К. А. Турумбеков менен соавторлукта) иштелип чыккан. AB1234567 түрүндөгү сериялык номерлер.

2017-жылы 2016-жылдын үлгүсүндөгү номиналы 50, 100, 200, 500 жана 1000 болгон банкноталардын модификацияланган түрү чыккан, мында дизайны, коргоо элементтери анча мынча өзгөртүлүп, Улуттук банктын төрагасы Т. С. Абдыгуловдун колу коюлуп өзгөртүлгөн.

Кыргыз банкынын IV сериядагы банкноталары
Көрүнүшү Номиналы (сом) Өлчөмдөр (мм) Негизги түстөр Баяндалышы Даталар
Маңдайкы бети Арткы бети Маңдайкы бети Арткы бети чыгарылышы басылышы
20 сом, банкнота, 2009-2016, маңдайкы бети 20 сом, банкнота, 2009-2016, арткы бети 20 120×58 кызыл комуз, Тоголок Молдо (1860—1942) Кыргызстан тоо кыркалары, Таш-Рабат архитектуралык эстелиги 2009-жыл, 1-июль 2009
2018-жыл, 1-декабрь 2016
50 сом, банкнота, 2009, маңдайкы бети 50 сом, банкнота, 2009, арткы бети 50 126×61 кызгыл сары Курманжан Датка (1811—1907), Бурана Өзгөн архитектуралык комплекси 2009-жыл, 1-июль 2009
50 сом, банкнота, 2016, маңдайкы бети 50 сом, банкнота, 2016, арткы бети 2017-жыл, 1-март 2016
100 сом, банкнота, 2009, маңдайкы бети 100 сом, банкнота, 2009, арткы бети 100 132×63 көк Токтогул Сатылганов (1864—1933) Токтогул ГЭСи 2009-жыл, 1-июль 2009
100 сом, банкнота, 2016, маңдайкы бети 100 сом, банкнота, 2016, арткы бети 2017-жыл, 1-март 2016
200 сом, банкнота, 2010, маңдайкы бети 200 сом, банкнота, 2010, арткы бети 200 138×66 сары Алыкул Осмонов (1915—1950) Ысык-көл көлү, Осмоновдун «Женишбек» поэмасынан үзүндү 2010-жыл, 1-декабрь 2010
200 сом, банкнота, 2016, маңдайкы бети 200 сом, банкнота, 2016, арткы бети 2017-жыл, 1-январь 2016
500 сом, банкнота, 2010, маңдайкы бети 500 сом, банкнота, 2010, арткы бети 500 144×68 кызгылт көк Саякбай Каралаев (1894—1971) Манас мавзолеи 2010-жыл, 1-декабрь 2010
500 сом, банкнота, 2016, маңдайкы бети 500 сом, банкнота, 2016, арткы бети 2017-жыл, 1-январь 2016
1000 сом, банкнота, 2010, маңдайкы бети 1000 сом, банкнота, 2010, арткы бети 1000 150×71 боз Жусуп Баласагын (XI кылым) Сулайман тоо фонундагы Такты Сулайман мечити 2010-жыл, 1-декабрь 2010
2017-жыл, 1-январь 2016
5000 сом, банкнота, 2009, маңдайкы бети 5000 сом, банкнота, 2009, арткы бети 5000 156×73 жашыл Сүймөнкул Чокморов (1939—1992) «Ала-Тоо» кинотеатры (Бишкек), кыргыз тоо кыркалары (Ала-Тоо) 2009-жыл, 2-март 2009
2018-жыл, 1-декабрь 2016

2023-жылкы үлгүдөгү банкноталар

V сериядагы жаңы банкноталар Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын 30 жылдыгына арналган жана 1993-жылы валютанын киргизилишинен тарта бүгүнкү күнгө чейинки эволюциясын чагылдырат. Жаңы сериядагы банкноталардын дизайны өзгөрүлүп, жасалма акчалардан коргоосу жакшыртылган.

V сериядагы банкноталар
Көрүнүшү Номинал (сом) Өлчөмдөр (мм) Негизги түстөр Баяндалышы Дата
Маңдайкы бети Арткы бети Маңдайкы бети Арткы бети киргизилиши басылышы
20 сом, 2024, маңдайкы бет 20 сом, 2024, арткы бет 20 - кызыл Тоголок Молдо Таш-Рабат 15-февраль, 2024 2023
50 сом, 2024, маңдайкы бет 50 сом, 2024, арткы бет 50 - күрөң Курманжан Датка - 15-февраль, 2024 2023
100 сом, 2024, маңдайкы бет 100 сом, 2024, арткы бет 100 - көк Токтогул Сатылганов Токтогул ГЭС 15-февраль, 2024 2023
200 сом, 2023, маңдакы бет 200 сом, 2023, арткы бет 200 138×66 сары Алыкул Осмонов Тоолордун фонундагы Ысык-Көл көлү 10-май, 2023 2023
500 сом, 2023, маңдайкы бет 500 сом, 2023, арткы бет 500 144×68 кызгылт көк Саякбай Каралаев Манастын күмбөзү 10-май, 2023 2023
1000 сом, 2023, маңдайкы бет 1000 сом, 2023, арткы бет 1000 150×71 боз Жусуп Баласагын Тахты Сулайман мечити Сулайман-Тоо тоосунун фонунда 10-май, 2023 2023

Эстелик банкноталар

2014-жылдын 20-октябрында жүгүртүүгө эстелик банкноталар чыгарылган: Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата 100 сом жана Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына 200 сом. Ар бир эстелик банкнотанын тиражы — 3000 даана.

2017-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына жана кыргыз сомунун киргизилгендигинин 25 жылдыгына байланыштуу жаңы 2000 сомдук номиналдагы эстелик банкнота чыгарылган. Бул банкнотанын вертикалдуу дизайны калган типтүү банкноталардан чукул айырмаланып турган.

2018-жылдын мыкты аймактык банкнотасы сыйлыгы
2018-жылдын мыкты аймактык банкнотасы сыйлыгы (сүрөт булагы)

Бул банкнота Борбордук жана Чыгыш Европада, ошондой эле, КМШ өлкөлөрү арасында өткөрүлгөн «2018-жылдын мыкты аймактык банкнотасы» аталган эл аралык сынактын жеңүүчүсү болгон.

Кыргызстандын эстелик банкноталары
Көрүнүшү Номиналы (сом) Өлчөмдөрү (мм) Негизги түстөрү Баяндалышы Даталар
Маңдайкы бети Арткы бети Маңдайкы бети Арткы бети киргизилиши басылышы
100 сом, банкнота, 2009, маңдайкы бети 100 сом, банкнота, 2009, арткы бети 100 132×63 көк Токтогул Сатылганов (1864—1933) Токтогул ГЭСи 2014-жыл, 20-октябрь 2009
200 сом, банкнота, 2010, маңдайкы бети 200 сом, банкнота, 2010, арткы бети 200 138×66 сары Алыкул Осмонов (1915—1950) Ысык-көл көлү, Осмоновдун «Женишбек» поэмасынан үзүндү 2010
2000 сом, банкнота, 2017, маңдайкы бети 2000 сом, банкнота, 2017, арткы бети 2000 156×73 көгүлтүр Манас эстелиги Бишкек ш., боз үй жашоо дарагы, Хан-Теңири жана Ысык-көлдүн фонунда бүркүт тартылган пейзаж 2017-жыл, 17-ноябрь 2017

Валюталык курстун режими

Официалдуу алмашуу курсу Улуттук банк тарабынан базар спот-алмашуу жана башка базар курстарынын базасында аныкталат жана жарыяланат.

Кошумча маалымат

Жаңы акчалардын маңдайкы жана арткы бетиндеги сүрөттөрү бекитилгенден кийин, Улуттук банктын сүрөтчү-дизайнерлери алгачкы дизайнын иштеп чыгышат. Андан соң даярдоочу компания менен биргеликте заманбап коргоо элементтери жайгаштырылат. Дизайнерлер жана технологдор, атайын техникада иштеген адистер менен биргеликте жаңы акчанын дизайнын аныкташат.

Акчага түшүрүлүүчү сүрөттөрдү тандоо үчүн атайын мамлекеттик комиссия түзүлүп, алар банкноталарга түшүрүлүүчү улуу инсандардын, эскиздердин жана сюжеттердин сүрөттөрүн карап чыгышып бекитишет. Сүрөттөрдү тандоодо кылмышкерлер жасалма акча жасай албагандай атайын эрежелер колдонулат. Бул эрежелер мамлекеттик сыр болуп саналат.

Кагаз түрүндөгү тыйындар же эски акчаларды чыгарылган жылына карабастан төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынуусу шарт. Эгер мындай акчалар кимдир бирөөдө болсо, анда аны Улуттук же коммерциялык банктарга барып акысыз алмаштырып алууга мүмкүн.

2016-жылы жалпы суммасы 287,7 миң сомду түзгөн 288 жасалма банкноталар табылган бирок, Кыргызстанда жасалма акчалар өтө аз кездешет жана мындай нерсеге мыйзам тарабынан катуу жазалар каралган.

Намизматикалык музей

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматика музейи Улуттук валютанын киргизилгенин 5 жылдыгына арналып 1998-жылы уюшулган. Музейдин коллекциясы банкнота, монета жана башка баалуулуктардын чогулуусунан улам кыска убакытта эле уюшулган.

Музейдин негизги максаты — Кыргыз Республикасынын нумизматикалык мурасын чогултуу, сактоо, көрсөтүү, системалаштыруу жана жайылтуу саналат. Ошондой эле, улуттук валютанын түзүлүшү, орношу жана өнүгүүсү жөнүндө документтер жана материалдарды чогултуу.

Учурда, Нумизматикалык музей өзүнө кийинкидей экспозицияларды камтыйт:

Жайгаштыруу: 2023-04-02, Көрүүлөр: 1456, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-15
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу