Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кыргыз турагы - Боз уй

Боз уй — кыргыз элинин байыркы мезгилден бери колдонулуп келе жаткан турак жайы. Ал — элдин жашоо-шартына ылайыкталган, жонокой, женил, кочуп-конууга жана тигип-чечууго ынгайлуу, корком уй. Аны чечип буктоп койсо, бир тоолук гана жук болот, тигип койсо, адам жашай турган уйго айланат. Боз уйдо урулган бир да мык жок.

Дасыккан уста боз уйдун жыгачын жыйырма беш кундо жасайт, боз уй болсо чейрек кылым чыдайт. Боз уй негизинен жыгач, кийиз, чий, боочуудан турат. Боз уйдун бардык касиетин бириктирип, аны уй катары кармап турган борбор — бул тундук алдындагы от жагылчу коломто. Коломтодон ары, босогонун карама-каршысында сандык коюлуп, такта орнотулуп, килем-килче, шырдак, ала-кийиз, жууркан-тошок жана башкалар жыйылат.

Жук алды тор болот, анда аксакалдар, сыйлуу меймандар олтурат. Тордун он жагы — чыгдан, ашкана — эпчи жак, сол жагы — эр жак (ыпча). Эр жактагы керегеде ат жабдыктар, эркекке тийиштуу аспаптар, буюмдар илинет. Эпчи жагына аялдардын буюмдары коюлат жана чыгдан (ашкана чий) тартылып, анын ичинде тамак-аш, идиш-аяк сакталат. Боз уйдун жасалгасы элибиздин улуттук кол онорчулугунун бай казынасын, элдин маданиятынын негизин тузот.

Комментариев: 1 RSS

1 эльдияр искендер уулу 14-02-2017 22:26

Аз жана саз. Дагы кошумча кошсо андан да жакшы болот

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)