Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кыргыз улуттук академиялык драма театры

Кыргыз улуттук академиялык драма театры Т. Абдумомунов атындагы — Кыргызстандагы эң ири драма театры. 1926-жылы 2-ноябрда кыргыз музыкалык драма студиясы катары ачылган. Театрдын негиздөөчүлөрү: студиянын туңгуч жетекчиси жана режиссёр Н. Н. Еленин, студиянын окуучулары А. Куттубаева, К. Эшимбеков, Ш. Түмөнбаев, К. Айбашева, К. Мадемилова, Г. Уразбаева, А. Малдыбаев, А. Куттубаев, М. Ибраев ж. б. болгон. Студияда алгач Н. Елениндин «Молдо Насирдин» (1927), кийин М. Токобаевдин «Кайгылуу Какей» (1927), К. Жантөшевдин «Карачач» (1929), Н. Гоголдун «Текшерүүчү» (1929), А. Островскийдин «Жок жерден табылган алтын» (1930) пьесалары боюнча спектакпдер коюлган. 1930-жылдын 7-ноябрында студия Кыргыз мамлекеттик драма театрына айланып, К. Жантөшевдин «Алым менен Мария» пьесасы менен ачылган. 1931-жылы театрга К. Акыев, А. үсөнбаев, М. Күрөңкөев, А. Байбатыров, Ш. Термечиков ж. б. элдик өнөрпоздор кирген. 1936-жылдан театр Кыргыз музыкалык драма театрына, 1941-жылы кайрадан Кыргыз мамлекеттик драма театрына айландырылган. Алгачкы труппасы ГИТИСти бүтүргөн (1941) улан-кыздардан (Р. Айдаралиева, И. Абдубачаев, М. Ибраев, Н. Кытаев, А. Саргалдаев ж. б.), мурда театрда иштеген актёрлордон (А. Айбашев, Б. Бейшенбаева, А. Боталиев, Б. Кыдыкеева, Д. Күйүкова, С. Жаманов, С. Күмүшалиева, М. Рыскулов, А. Сарбагышев, Ш. Түмөнбаев, К. Эшимбеков ж. б.) куралган. Театр «Король Лир» (У. Шекспир) жана «Кедейлик кемтик эмес» (А. Островский) аттуу спектаклдер менен ачылган. Кийин А. Токомбаев, Р. Шүкүрбеков, К. Маликов менен А. Куттубаев, Ф. Шиллер, Б. Жакиев, Т. Абдумомунов, М. Байжиев, М. Тойбаев, А. Чехов, Л. Толстой, Ж. Садыков ж. б. авторлордун пьесалары, Ч. Айтматовдун повесттери боюнча спектаклдер коюлган. 1958-жылы театр Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланып,1971-жылы академиялык наам алган. Театрдын калыптанышына жана өсүшүнө режиссёр Ж. Абдыкадыров, М. Назаралиев, Б. Ибраев, И. Рыскулов, О. Эркимбаева, А. Сарлыкбеков, сүрөтчүлөр Г. Айтиев, А. Торопов, М. Сыдыкбаев, М. Исхаков, Ю. Нурматов, артисттер А. Көбөгөнов, Н. Кытаев, С. Балкыбекова, С. Далбаев, М. Далбаева, Г. Дулатова, С. Жумадылов, Ж. Сейдакматова, А. Өмүралиев, К. Досумбаев, А. Осмонов, Т. Турсунбаева, М. Асанбаев, Д. Байтөбөтов, С. Жунушалиева, И. Раимкулова, Ж. Сыдыкбаева, Г. Каниметова, Ш. Касымалиева, Э. Бекболиев ж. блардын эмгеги зор. 2002-жылы театрга улуттук статусу берилген. 1972-жылдан анын алдында театр окуу жайы иштейт. Театрдын директорлору: А. В. Октябрев, Р. Тургумбаев, И. Кокеев, А. Нурмамбетов, К. Маликов, К. Бектенов, А. Изибаев, А. Темиралиев, З. Тургумбеков, А. Көбөгөнов, А. Керимбаев, И. Төкөлдөшов, А. Исабеков, Ш. Шаршеев, С. Жумадылов, Т. Дулатов, А. Абдыкалыков, М. Баялинов, А. Сарлыкбеков, К. Осмонов, 2010-жылдан М. Алышпаев.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)