Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыргыздар б. з. 1-5-кылымдарда

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Кыргыздар б. з. 1-5-кылымдарда

Тениртоонун чыгыш тарабын мекендеп турган. Турк урууларынын теле (тоолос) саясий бирикмесине коншу катары эскерилген кыргыздар тууралуу кытай булактары «Янцинин (Кара-Шаардын) тундугундо, Ак-Тоонун жанында» жайгашкан эл катары сыпаттайт. Ушул эле булактан динлиндердин бир катар болуктору, айрым хунндар да кыргыздарга кошулганын биле алабыз. 5-к-да кыргыздар тоолостор сыяктуу эле Тундук Кытайдан ооп келген жуан-жуандарга (жужан, т. а. авар) каршы согушуп, бирок бул мамлекетке баш ийууго аргасыз болушкан. Ашина (перс тилинде кок, когултур дегенди тушундурот. Кок бору ушундан калышы мумкун) турк уруусу менен кыргыздардын да жакын байланыштары болгону кытай даректеринде жазылып калган ургаачы беру эне тууралуу уламыштын мазмуну да айгинелейт.

Анда кыргыздар турктордун жалпы уламыштык беру энесинин урпактарынын бири катары сыпатталган. Кок бору, илбирс, бугу сыяктуу жаныбарлар кыргыздардын ыйык туткан тотемдери болгон. Башка турк калктарындай эле кыргыздар да Тенирге (Кок - анын символу), жер-сууга, Чолпон жылдызга, Айга сыйынган. Отту ыйык тутуу ошол байыркы доордон башталган. Кыргыздар оздорунун узак жолду басып откон тарыхында башка турк уруулары менен жуурулушуп, Борб.

жана Орто Азиянын (азыркы саясий термин боюнча - Ички жана Борб. Азиянын) бир далай турк эмес элдеринин окулдорун ассимиляциялап келген. Алардын байыркы тарыхынын Чыгыш Тениртоолук баскычы б. з. 5-к-нын акырына чейин созулган.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 1252, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу