Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Майдан

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Майдан

"Майдан" аттанар алдында өргүүдөн кыргыз кошуундарынын алдында чечендер тилин сайратып, акындар ыр ырдап, санжыра, эпостордон үзүндүлөр айтышып, жоокерлердин көңүлүн көтөрүшкөн. Айрыкча, кыякчы, комузчулар «Ураан», «Байге», «Кайра качпа», «Найзасал», «Олжо» сыяктуу жоокерди намыстанткан, дем берген күүлөрдү чертишип, сурнай тартышкан.

Кыргыздар казат алдында ыйык тоого чыгып, Теңирге, Жер-Энеге сыйынышчу. Ар бир жоокер өзүнүн уруусунун жана жалпы кошуундун желеги, ураанын жатка билген. Байыркы доордо кыргыз элинин (мамлекеттин) жана ар бир уруунун башкалардан айырмаланган асаба туусу, тамгасы жана урааны болгон. Эзелтен Теңирге тайынган кыргыз эли асман түспөлүндө көк асаба тууну күткөн.



Элдин ыйык тумар - куту хан ордосунда сакталган. "Майдан" чыгуучу асабаны кыргыздар ыйык туткан, аны чанда гана ордунан козгошкон. Жамы журт туу алдында орошон окуяларда гана чогулган: жаңы каган шайлаганда, же жоокерлер чоң казатка аттанганда калайык туу алдынан антташып сыйынышкан. Кыргыздар туунун жыгылышын өлкөгө караңгы күн түшүшү же жеңилиши катары баалашкан.



Ошондуктан, ар бир кыргыз баласы кан-жанын кыйып тууну коргогон, аны сактап калуу жана ыйык тутууну эң биринчи парзым деп түшүнгөн. Байыркы доорлордо ар бир уруу өз тамгалары басылган, түрдүү түстөгү тууларды күтүшкөн. Ал эми желек менен байрактар майда топторго бөлүштүрүлгөн.



Жоокер "майдан" аттанар түнү токулуу атын мамыга аса байлап, ай балтасын ээрдин кашына илип, найзасын боз үйдүн боосуна кыстарып, түнү сак уктаган. Акыры күткөн күн келди, кылкылдаган кошуун алдында, туу түбүндө ак боз атчан каган ак сапарга аттанууга даярдык кылат, кыска ураан таштайт. Жалпы жоокерлердин антын каган алдында кол башчы жар салат. Жоого аттанган жоокерлерге, баатырларга туу кармаган акылман карыя нуска айтып бата берет...

Жайгаштыруу: 2017-08-10, Көрүүлөр: 664, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу