Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыргызстан кайра куруу жылдарында (1985-1991)

Баш барак | Кыргызстандын тарыхы | Кыргызстан кайра куруу жылдарында (1985-1991)

Коомдук саясый турмуш. Ан сезимдин онугушу 80-жылдардын ортосунда Советтер Союзу Коомдук экономикалык, социалдык жана саясий кризиске батып, административдик-буйрукчул бийлик жаны доорго ылайык келбеи, олконун ичиндеги кризис сырткы саясаттагы кризис менен коштолгон. Ушундай кырдаалда 1985-жылы 11-мартта КПСС БКнын ген. секретарлыгына М. С. Горбачев дайындалган. М. С. Горбачев КПСС БКнын апрель (1985-жылы) Пленумунда олконун коомдук-экономикалык турмушуцнун копчулук маселелерин жаныча чечууну сунуш кылган. Пленумда олконун социалдык-экономикалык онугушунун багыты жарыяланган. Партиялык-мамлекеттик башкаруучулуктагы коррупцияны жоюш учун адегенде брежневдик саясатка ото берилген бир катар жумушчулар ишинен кетирилип, алардын ордуна жаны коз караштагы адамдар келген. Партиялык жетекчиликти жанылоо бутундой олко боюнча жургон. 1985-жылы чейрек кылымга жакын Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетин башкарган Т. Усубалиев кызматынан четтетилип, ордуна Апсамат Масалиев шайланган. М. С. Горбачев КПСС БКнын январь (1987-жыл) Пленумунда айкындуулук аттуу жаны саясатын жарыялаган. 1988-1989-жылдары СССРде, анын ичинде Кыргызстанда жаны кырдаал тузулуп, кайра курууга жалпы эл массасы, коомдук уюмдар жигердуу катыша баштаган.

Коомдук турмуштун саясатташы тездик менен журуп, жаштардын биринчи дискуссиялык, саясий клубдары пайда болуп, алар коом турмушундагы маанилуу маселелерин кызуу талкуулашып, оздорунун пикирлерин эркин билдире башташкан. Кыргызстандын калкынын саясий жигердуулугунун осушу, улуттук ан-сезимдин которулушунун шартында Кыргызстан Компартиясынын толук козомолундо турган Кыргыз ССР Жогорку Совети 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз тили жонундогу мыйзам кабыл алган. Мыйзамда кыргыз тили мамлекеттик тил деп жарыяланган. Орус тили болсо улуттар аралык катнаштын тили катары таанылып, республикада жашаган бардык улуттардын тилдеринин тен укуктуулугу жана эркин онугушу камсыз кылынат деп белгиленген. 1989-жылы 12-декабрда СССР Жогору Советинин кезексиз 22-сессиясы кабыл алган «СССРдин Конституциясына (Негизги мыйзамына) озгортуулор ошондой эле толуктоолор», «Эл депутаттарын шайлоо» жонундогу мыйзамдардын негизинде СССРде биринчи жолу элдин эркине ылайык жогорку бийликтин органы - СССР эл депутаттарынын съезди туптолгон. 1990-жылы феврал айында Кыргыз ССРинин Жогорку ошондой эле жергиликтуу советтерине шайлоолор болуп откон. Бул Кыргыз ССРинин тарыхындагы биринчи откон альтернативалык шайлоо эле. Копчулук шайлоо округдарында депутаттыкка экиден ашык талапкерлер катталып, шайлоо эки тур аркылуу откорулгон. Бирок партиялык ошондой эле мамлекеттик жетекчилер катталган айрым округдарда шайлоолор мурдагыдай эле альтернативасыз негизде откорулгон.

[ushka=seredina]

Демократиялык шайлоолордон кийин республиканын депутаттык корпусу озгоргон. Депутаттыкка билимдуу, шайлоочулардын мудоолорун тушунгон адамдар кобуроок отунуп, натыйжада жергиликтуу Советтер мурдагыдан жигердуу иштешип, маселелерди да конкреттуу чече башташкан. Жогорку Советке шайланган депутаттардын 90 пайызы коммунисттер болгону менен партиялык башкармачылык озунун пикирин Советтерге мурдагыдай тануулай албай калган. 1990-жылы апрелдеги Кыргыз ССР Жогорку Советинин биринчи сессиясында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин 1-катчысы А. Масалиев Кыргыз ССР Жогору Советинин торагалыгына шайланып, мамлекеттин башчысынын укугун алган. Сессиянын журушундо мамлекеттик бийликтин укуктарын тактоо, президенттик бийликти киргизуу жонундо сунуштар айтылган. 1990-жылы март айында откон СССР Эл депутаттарынын 3-съезди партиянын коомдогу башкаруу ордун бекемдеген 6-статьяны алып таштоо жонундо чечим кабыл алган. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин сессиясы да жогорудагыдай эле чечимди кабыл алган. Ошентип олкодо, ошондой эле Кыргызстанда демократиялык коомдун негизги белгиси болгон саясий плюрализм ошондой эле коп партиялуулук учун кенири жол ачылган. Кайра куруу жылдарындагы экономика Республикадагы ишканалардын, айыл чарба ондурушунун оз алдынчалыгы кенейтилип, алар озун-озу актоонун, жетектоонун, финансылоонун негизинде чарбалык эсепке ото баштаган.

1986-жылы чарба жургузуунун бул ыкмасына республикада онор жай продукциясынын 70 пайызын ондургон 125 ишкана жана бирикмелер откон. 1987-жылдан кайра куруу республиканын эл чарбасынын бардык тармактарында камтылган. Кайра куруу жылдарында олконун экономикасын радикалдуу турдо реформалоо жонундогу чечим КПСС БКнын июль (1987-жылы) Пленумунда биринчи жолу кабыл алынган. Реформанын максаты административдик-буйрукчул башкаруудан элдин кызыкчылыгын коздогон экономикалык ыкма менен башкарууга отуу. Бирок олконун ондуруш каражаттарына карата менчиктин коп турдуулугуно жол берилген эмес. КПССтин 28-съезди ошондой эле КПСС БКнын октябрь (1990-ж) Пленуму экономикалык реформаны жургузуу, рынок экономикасына отуу жонундо чечим кабыл алган. Бул чечим Кыргызстандын башкаруу органдарында да талкууланган. Кыргызстанда рынок экономикасына отуу боюнча Мыйзам 1991-жылы 7-августта кабыл алынып, анда мамлекеттик жана коммуналык ишканаларды арендалык, мамлекеттик акционердик ошондой эле коммерциялык коомдорго айландыруунун жолдору аныкталган. Башкаруунун экономикалык ыкмаларына отуунун натыйжасында, жетекчилердин эмгек жамааттары тарабынан альтернативалык негизде шайлана башташы менен жергиликтуу партиялык уюмдар эл чарбасын башкаруудан четтелип, жон гана байкоочуларга айланган.

Ушул мезгилден тартып Кыргызстандын онор жайы оор абалга кириптер болгон. Мурда СССРдеги бирдиктуу эл чарба комплексин тузуу саясатынын натыйжасында, союздагы ишканалар оз ара адистештирилип, даяр продукция ондуруу учун бири-бирине чийки заттарды, тетиктерди жонотуп турса, кийин келишимдик тартиптер, ондуруш ошондой эле регион аралык байланыштар бузулуп, бартердик алмашуу башталган. Онор жай ондурушунун кризиси куч алып, ишканалар талап-тонолгон. Айыл чарбасын рынок мамилелерине откоруу аракети 1986-1990-жылдары республиканын экономикасынын маанилуу тармагы болгон айыл чарбасын реформалоо учун жер, аренда, жерге карата менчик ошондой эле жерди пайдалануу жонундо мыйзамдар кабыл алынган. Колхоз, совхоздор менен бирге дыйкан чарбалары кооперация, фермердик чарбалар пайда болуп, оздорунун ишмердигин чарбалык эсептин, озун-озу каржылоонун тартибинде жургузгон. Продукция ондуруудо жана сатууда булардын ортосунда конкуренция пайда болгон. Республиканын айыл чарбасын жетектоону жакшыртуу учун мурдагы 7 министрликтин ордуна Кыргыз ССРинин Мамлекеттик агро-онор жай комитети тузулгон. 1987-жылы бул комитетте 178 колхоз, 291 совхоз, 43 чарба аралык ошондой эле башка айыл чарба ишканалары кирген.

Андан сырткары 6 айыл чарба продуктуларын иштетуучу ишкана, 104 тамак-аш онор жайынын ишканалары, 142 айылдык курулуш уюмдары кирип, башкаруу аппаратынын жарымы кыскарган. Айыл чарбасындагы абалды ондоо учун 1986-1990-жылы мамлекет пландан ашык ондурулгон продукцияны 50-100 пайызга кымбат алып, ондурулгон продукциянын 30 пайызын колхоздук базарларга, керек-жарак кооперацияларына сатууга уруксат берилген. Андан сырткары айыл чарбасына чарбалык эсептин негизинде коллективдуу жана уй-булолук подряд киргизилген. 1989-жылы республиканын колхоздорундагы болумдордун 90 пайызы арендалык подряддын негизинде иштеген. Бул айрым чарбалардын экономикасын которгон. Бирок административдик-буйрукчул системанын шартында иштоого койгон эл оз алдынча чарба кутуудон чочулаган, чарба жетекчилери болсо арендалык болукторго ишенген эмес, планды аткаруу учун чарбаларды болбой кармоого аракеттенишкен. 1988-жылы Кооперация жонундо мыйзам кабыл алынып, озунчо чарба кутууну каалагандарга мумкунчулук ачылат. Дыйкан ошондой эле фермер чарбалар турундо эксперименттик кооперативдер тузуло баштаган. 1990-1991-жылдары айрым гана демилгелуу адамдар тушумдуу жерлерди, техникаларды, женилдетилген кредиттерди узак моонотко алышып, оз алдынча дыйкан, фермер чарбаларын тузушкон.

1991-жылы 1-январга карата республикада 4567 дыйкан, фермер чарбалары негизделген. Бирок социалисттик чарба жургузуунун шартында кооперативдик кыймыл да, дыйкан ошондой эле фермер чарбалары да онуго алган эмес.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 15106, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-05-03, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу