Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кыргызстандын чек аралары

Кыргызстан — түндүгүнөн жана түндүк-чыгышынан Казакстан менен, батышынан Өзбекстан менен, түндүк-батышынан жана түштүгүнөн Тажикстан менен, түштүктөн жана түштүк-чыгышынан Кытай Эл Республикасынын аймактары менен чектешет. Казакстандын аймагынан ажыраткан табигый чек аралар чыгышта Меридиан кырка тоосундагы «Узловая» (6148 м) чокусунан башталат. Ал чокудан батышка карай Сары-Жаз кырка тоосунун кыры менен Семенов (5816 м) чокусуна чейин келип, Тескей-Ала-Тоосунун эң чыгышы Ашуу-Төр тоосуна өтөт. Андан ары Текес суусу менен Сары-Жаз суусунун суу бөлгүчү аркылуу өтүп, Каркыра суусун түзгөн Көк-Жар жана Турук сууларының суу бөлгүчү аркылуу Каркыра өрөөнүнө түшөт. Каркыра суусун бойлоп, Күңгөй Ала-Тоосунун эң чыгыш учунан, анын кырына өтөт. Күңгөй Ала-Тоосу менен өткөн чек ара Челек өрөөнүн Ысык-Көл ойдуңунан бөлөт. Күнгөй Ала-Тоо менен Иле Ала-Тоосунун тутумдашкан жери Чон-Ак-Суунун алабынан чек ара Кемин менен Челектин суу бөлгүчү аркылуу Иле Ала-Тоосуна өтөт. Иле Ала-Тоосунун батыш учунан Кара-Булак суусунун оң тарабындагы суу бөлгүч боюнча Чүй суусунун нугуна келип, анын бою менен Чүй-Сары-Суу ойдунуна чейин кетет. Камышановка кыштагынан 8—10 км түндүктө Чүй суусунун боюнан чек ара кескин түштүккө бурулуп, Камышановканын тушунан батышка кайрылат, Ашмара суусунун өрөөнү менен Кыргыз Ала-Тоосунун кырына чыгат. Кыргыз Ала-Тоосунун кыры менен батышка карай тоо бүткөнгө чейин барып, Жамбыл шаарынын түштүгүндөгү түздүктөр менен акырындап түштүккө карай ооп, Асса суусунун өрөөнү менен Манас (4482 м) чокусун карай кайра Талас Ала-Тоосунун кырына чыгат. Күркүрөө, Жабаглы-Суу, Ак-Суу, Байдамтал жана Ой-Кайың сууларынын башталышы болгон Манас чокусунун капталынан Казакстандын Кыргызстан менен болгон чек арасы бүтөт. Манас чокусунан Меридиан кырка тоосундагы «Узловая» чокусуна чейинки Казакстан менен Кыргызстандын чек арасынын узундугу 1113 км. Өзбекстандын аймагын ажыраткан табигый чек аралар Манас чокусунан чыгышты карай Талас Ала-Тоосунун кыры менен Пскем кырка тоосунун кошулган жерине чейин барып, Пскем кырка тоосунун кыры менен Чарвак суу сактагычына жакын жерден Чаткалдын өрөөнүнө түшөт. Чаткал суусунун сол куймалары Терс менен Ала-Булактын суу бөлгүчү аркылуу Чаткал кырка тоосунун кырына чыгат. Андан ары чек ара Курама кырка тоосунун Чаткал кырка тоосуна тутумдашкан айрыгы аркылуу Гава-Сай суусун бойлоп Фергана өрөөнунө чыгат. Фергана өрөөнундө Өзбекстандын аймагын Кыргызстандын аймагынан эч кандай табигый чек бөлбөй, тоо этегинде түздүктөр боюнча эң эле татаал ийри-буйру сызыктар менен өрөөндү айланып, Сох дарыясынын сол капталына чейин жетет. Андан тышкары Шаймардан жана Сох сууларынын боюнда бардык жагы Кыргызстандын жери менен курчалган, туюк чектүү Өзбекстанга тиешелүү жерлер бар. Пскем дарыясынын башынан Сохтун өрөөнүнө чейинки аралык 240 км болгону менен, ошол жерлерди туташтырган Өзбекстан менен Кыргызстандын чек ара сызыгынын узундугу 1374 км.

Тажикстан менен болгон чек ара да Фергана өрөөнүнүн түзөң жерлерин камтып, Сох өрөөнү менен Исфара өрөөнүнүн тоо этектеп келген жериндеги суу бөлгүчүнөн башталат. Андан батышка карай Ак-Суунун өрөөнүнө чейин барып, анын сол жаккы капталы менен Түркстан кырка тоосунун кырын карай түштүккө багытталат. Түркстан кырка тоосуна Дакат-Суунун өрөөнү менен көтөрүлүп, 4745 м бийиктиктеги Пирьях чокусуна чыгат. Ушул чокудан баштап Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы табигый чектер — Түркстан кырка тоосу, Алай кырка тоосу аркылуу өтөт. Алай өрөөнүндөгү Карамык кыштагынын тушунан Алай кырка тоосунун Көк-Сууну батыш жагынан бөлгөн айрыгынын кыры менен өрөөнгө түшүп, Гулама суусун сол жагынан чектеген Чоң-Алай кырка тоосунун айрыгы боюнча анын кырына чыгат. Андан ары Чоң-Алай кырка тоосунун кыры менен чыгышты карай Кытай Эл Республикасынын чегине чейин жетет. Тажикстан менен Кыргызстандын чек ара сызыгынын узундугу 972 км (анын 330 км азыркы күнгө чейин тактала элек).

Кытай Эл Республикасы менен болгон чек ара Чоң-Алай кырка тоосунун чыгышындагы Эркечтам (5820 м) чокусунан Чыгыш Кызыл-Суунун өрөөнүнө түшүп, кайра Терек-Тоого көтөрүлөт. Андан ары табигый чек ара болгон Алай-Куу, Торугарт-Тоо, Какшаал-Тоо, «Боз-Кырдын» суу бөлгүч кыры менен бөлүнөт. Эң чыгыш жагын Меридиан кырка тоосу бөлүп турат. Эркечтам чокусунан Меридиан кырка тоосундагы «Узловая» чокусуна чейинки Кытай Эл Республикасы менен болгон чек сызыгы 1049 км.

Ошентип, Кыргызстандын аймагы Тянь-Шань тоо системаынын борбордук жана батыш бөлүгүн, Памир-Алай тоо системасынын түндүк бөлүгүн ээлейт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)