Кыртабылгы гранит кени

Кыртабылгы гранит кени Кемин районунда. Кичи Кемин кышынан 3 км түштук тарапта, Тасакемин тоосунун түш. капталында. Кен аймагын пермь мезгилинде пайда болгон Кичи Кемин интрузия комплекси түзүп жатат (30 га). Алар бул жерде кесек кристаллдуу лейкократ граниттеринен жана алардын арасындагы майда кристаллдуу граниттерден турат. Кооздук таш катары курулушка жарамдуусу – кесек кристаллдуу граниттер. Гранит физико-механикалык касиеттери боюнча имараттардын ички жана сырткы дубалын каптоого жана кооздук буюмдарын даярдоого жарамдуу. Боз кызгылт түстө, оңой сайкалданат. Жылмаланган бети күзгүдөй жаркырап, ага оюу - чийүү түшүрүүгө болот. Блоктун чыгышы 30–34%. Кендеги граниттин запасы 4746 миң м3 (1975), бирок бул чек эмес. Кен карьер түрүндө казылып, Токмоктогу таш чегүүчү заводду сырьё менен камсыз кылат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)