Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыш мезгили

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Кыш мезгили

Кышкүз менен жаздын ортосундагы жыл мезгилдеринин бири. Жылдын бул мезгилининин негизги өзгөчөлүгү — туруктуу төмөнкү температура (Цельсия боюнча нөл градустан төмөн), көптөгөн жерлерде кар түшөт. Жыл мезгилдеринин алмашышы жердин айлануу огунун эклиптика түздүгүнө карата жантаюуусу менен шартталат.

Кыш мезгили
Кыш мезгили
Түндүк мелүүн аймак
Астрономиялык мезгил22-декабрь — 21-март
Метеорологиялык мезгил1-декабрь — 28/29-февраль
Күн (кельтче) мезгили1-ноябрь — 31-январь
Түштүк мелүүн аймак
Астрономиялык мезгил21-июнь — 23-сентябрь
Метеорологиялык мезгил1-июнь — 31-август
Күн (кельтче) мезгили1-май — 31-июль

Кыш мезгили кандай сонун, балдар чурулдап кар менен ойношуп, эс алгандар тоого барып лыжа тээп, муз аянтчаларда коньки менен чуркашат. Жылуу күндөрдө, эртең менен турганда айлананын баарысын ак-күмүш түстүү кыроо басат.

Анын үстүнө кыш мезгили жаны жыл, балаты, аяз ата, аяз кыз, момпосуй, белектер, маскарад, эс алуулар (каникулдар) жана башка көптөгөн ушундай жакшы сөздөр менен байланышы бар. Бирок негизи кыш өзү кандай мезгил? Келгиле бул жөнүндө кененирээк баарлашалы.

А. П. Чехов кыш мезгилин «кайгылуу, караңгы жана үмүт жашабаган мезгил» деп санаган. Бирок, кыш, болгону жашоо айлампасынын бир баскычы жана аны кандай маанайда кабыл алсак дал ошондой болмокчу.

Кыш мезгили Жер планетасынын күндү айлануу орбитисындагы абалынан көз каранды. Баарыбызге белгилүү болгондой эле жердин айлануу огу күнгө жараша 23,3 ° (градуска) жантайыңкы болуп турат.

Качан түндүк уюл күндөн 23,3 ° алыстаганда түндүк жарым шарда кыш келет, ал эми бул мезгилде түштүк уюл күнгө жакын болуп калат эмеспи, ошондуктан ал жакта жай болот. Муну жакшы түшүнүү үчүн кийинки иллюстрацияга көңүл буруңуз.

Жыл мезгилдеринин алмашуусу
Жыл мезгилдеринин алмашуусу

Түрлөрү

Астрономиялык кыш

Астрономииялык кыш, кышкы күн туруусунан (орусча солнцестояние) тарта жазгы күндүн тенелишине чейин созулат, башкача айтканда жердин түндүк жарым шарында 22-декабрдан баштап 21-мартка чейин, түштүк жарым шарда 22-июндан баштап 21-сентябрга чейин. Жер шарында жыл сайын бул астрономиялык учурлар ар башка убакытка туура келет (көрсөтүлгөн суткалардын ченеминде).

Календарлык кыш

Календарлык кыш үч айдан турат: түндүк жарым шарда (анын ичинде Кыргызстанда дагы) булар — декабрь, январь, февраль айлары, түштүк жарым шарда июнь, июль жана август.

Климаттык кыш

Климатологдордун айтуусу боюнча абанын күнүмдүк орточо температурасы Цельсия боюнча нөл градуска теңелип жана төмөндөй баштаганда кыш башталат. Кыргызстанда бул убакыт облустардын жайгашуу жеринен көз каранды, мисалы Ысык-Көл облусунда бул ноябрь айынын экинчи жарымы, Нарын облусунда ноябрь айынын биринчи жарымы, Ош, Талас, Баткен, Жалал-Абад жана Чүйдө бул декабрь айынын биринчи жарымы.

Эң муздак ай негизинен январь, ал эми декабрь эң караңгы ай деп саналат, анткени күн тез кирип, кеч чыккан мезгилдин жогорку чекити ушул айга тиешелүү, январ айында болсо күн узара баштайт. Эң кыска күн жана эң узун түн 21 — 22-декабрга туура келет. Ал кышкы күндүн турушу деп аталат. Ушул күндөрдөн тарта акырындык менен күн узарып, түн кыскара баштайт.

Кыргызстанга кыш мезгили түндүк-чыгыштан келет. Түштүк-батыштан соккон жел түндүк-чыгыштан соккон муздак жел менен алмашат. Орточо эсеп менен октябрь айынан тарта жаан-чачындар карга айланат, бирок абанын орточо температурасы нөлгө жетпейт. Андан соң температуранын төмөндөшү менен октябрдын аягы ноябрдын башында жер бетин толук каптаган кар түшөт. Көлмөлөрдүн үстү жука муз менен капталат. Жандуу табият бир отоло кышкы анабиозго өтөт. Ошондой болсо дагы кышкы ызгаар дагы эле алсыз, туруктуу эмес болуп, жылуу күндөр менен алмашып турат. Ноябрь айынынын биринчи жарымында Атлантикадан келген циклондордун эң жогорку чеги. Бул мезгил — кыш алдында (кыштын келээри) деп аталат. Орточо эсеп менен ал ноябрдын аягына чейин созулат дагы климаттык кыш келгенде абанын температурасы туруктуу нөлдөн төмөн болот. Жер бети толук кар менен капталат. Кыш мезгилиндеги суук учурду чилде дейт. Кээде бул мезгилдерден четтөөлөр болот. Кээ бир жылдары кыш эрте (октябрь), же тескерисинче кеч (декабрь) келет. Аномалдуу кеч келүү январь айында болот, же жер бетин такыр кар каптабайт.

Кышкысын ар кандай жугуштуу оорулар күчөйт эмеспи. Алардын эң эле кеңири таралган курч респираторлук оорулардын бири Грипп.

Элдик календар боюнча кыштын башталышын үшүк жүрүүлөр менен аныкташат, ал эми кыштын аякташы — кардын эриши менен. Метеорологдор болсо негизинен кышты эки түргө болүшөт: жумшак (жылуу бирок кар бар) жана муздак (аба өтө кургак).

Элдик айтуулар

Кышында кургак жана суук болсо — жайында да кургак жана ысык болот. Кышында бороон чапкын көп жүрсө — жайында жаан-чачын көп жаайт. Кардын көп болуусу өсүмдүктөрдүн жакшы өсүүсүнө шарт. Кыш жылуу болсо — жайында салкын. Кышында ызгаар суук — жайында абдан ысык. Кыш кардуу — жай жаанду дешет.

Дагы бир кызыктуу нерсе — кышкысын жан-жаныбарлар кээ бирлери жылуу жактарга кетсе, кээ бирлери ошол эле аймакта кыштап калышат, муну айбанаттардын кыштан чыгуусу дейбиз.

Тарыхый кыштар жана фактылар

Адамдар жана кыш

Адам суукка өтө сезимталдуу. Суук тийүү, түрдүү вирустар, мезгилдик депрессия, гипотермия, тайгакта жыгылуу, сынык, шыптан түшкөн муздар мунун баары муздак жана ызгаардуу аба ырайы менен байланышкан, адам баласынын ден-соолугуна зыян келтирүүчү көрүнүштөр. Түндүк жарым шарда үйү жок селсаяктар кышында тоңуп калуудан көз жумушат.

Мифология

Перс маданиятында кышкы күндүн туруусу ялда («жаралуу» дегенди түшүндүрөт) аталып, миңдеген жылдар бою белгиленген. Ал жарыктыкты, жердеги жакшылыкты жана күч-кубатты символдоштурган Митранын төрөлүү алдындагы мезгил деп эскерилет.

Грек мифологиясында Аид Персефонаны өзүнүн аялы кылуу максатында уурдап кеткен. Зевс Аидге Персефонаны Жер кудайы жана Персефонанын энеси Деметрага кайтарууну буйрук кылат. Бирок, Аид Персефонаны алдамчылык менен өлгөндөрдүн тамагын жедирет, ошондо Зевс алты ай Деметра жана алты ай Аид менен болот деп айтат. Деметранын кызы Аид менен болгон учурда Деметра көңүлү чөгүп кышты чакырат имиш.

Уэльск мифологиясында Гвин ап Над (англисче Gwyn ap Nudd) Крейддилад (англисче Creiddylad) аттуу кызды уурдап кетет. Май айында кыздын жигити Гвитр ап Грейдол (англисче Gwythr ap Greidawl) кызды кайтаруу үчүн Гвин менен кармашат. Алардын ортосундагы кармаш жай менен кыштын күрөшүн билдирген.

Кандай гана кыш болбосун табият баарыбир өз мезгилдери менен жакшы. Кыш мезгили аттуу макалага кошумча маалыматтар болсо пикир калтырып койгула. Пайдалуу маалымат болду деген ойдобуз.

Дагы караңыз

Жайгаштыруу: 2017-10-19, Көрүүлөр: 162845, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-03-08
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу