Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыздарды үй тиричилик жумушуна үйрөтүү

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Кыздарды үй тиричилик жумушуна үйрөтүү

Эмгекке тарбиялоо маселесине үй-бүлөдө айрыкча көңүл бурганы абзел. Кыздар эмгектин эң жакын жана биринчи жардамчылары. Балдарга караганда түйшүкчүл келишип, үй ичиндеги жумуштарга эрте аралашат. Алды менен кыздар өзүн өзү тейлөөгө тарбиялансын. Башкача айтканда кичинесинен тартып эле кийим кечелерин өзү кийүүгө, өз ордуна коюуга, дайыма таза болууга үйрөнсүн. Кокустан айрылып, сөгүлүп кеткен кийим, байпактарды өздөрү жамап алууга, үзүлгөн топчусун кадоого, байпак түйүп алууга үйрөнүшсүн.

Бул үчүн энесинин боорукердик кылуусунун зарылдыгы жок. Билбесе айтып берип жардамдашкан оң. Тамак аш даярдоо, нан бышыруу, салаттарды, вареньелерди даярдоо жолдорун үйрөнүү керек. Бул жерде эне даярдоо ыкмаларын айтып көргөзүп берип турууга жана майды, унду, сууну өлчөмү менен пайдаланууга көз салып кеңешин айтып турууга милдеттүү. Анткени ысырапчылыкка жол берилиши ыктымал. Үй ичиндеги оокаттарды ирээттүү кармап сарамжа.

ддуулукка үйрөтүү керек. Анткени кыздар келечектеги үй ээлери. Кыздар жалаң гана үй тиричилигиндеги иштер менен чектелбестен, өздөрүнө ылайык келген үйдүн тегерегин тазалоого жана огород иштерине, малды багууга, тейлөө иштерине да кол кабыш кылат. Үй-бүлөдөгү эмгек тарбиясы балдар үчүн мааниси зор. Өз алдынча эмгектенүү аркылуу сарамжалдуу урунууга, өз күчүнө, жөндөмүнө ишеним артуу аркылуу ар кандай кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берет.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 605, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо