Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Ла Скала

«Ла Скала» (италянча Teatro alla Scala) – Италиянын Милан шаарындагы 1778-ж. ишке киришкен опера театры. Дүйнөлүк опера маданиятынын ири борборлорунун бири. Архитектор Ж. Пьермарини долбоорун түзүп, эски Санта-Мария-делла-Скала чиркөөсүнүн ордуна салынган театрды «Ла Скала» деп аташкан. 19-кылымдан тартып, театр дүйнөлүк опера өнөрүнүн борборуна айланып, анда атактуу ырчылар, композиторлор эмгектенген. 1955-ж. театрдын филиалы ошол эле шаарда уюштурулуп, «Pikola Skala» («Пиккола Скала» – «Кичи Скала») деп аталган. Анда көбүнчө камералык опералар коюлат. «Ла Скалада» Б. Миңжылкыев стажировкада болгон (1968).

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)