Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ландшафт

Баш барак | Гео | Ландшафт

Ландшафт (немисче Landschaft, аймактын көрүнүшү же элеси, Land — жер жана schaft – өз ара байланышты, өз ара көз карандылыкты туюндурган суффикс; сөзмө-сөз «чет жака элеси» деп которулушу мүмкүн) — келип чыгышы, өнүгүү тарыхы боюнча бир тектүү ошондой эле, зоналык жана азоналдык белгилери боюнча бөлүнгүс же ажырагыс аймак.

Жалпы маалымат

Башка аныктамасы: ландшафт — геологиялык түзүлүшү, рельефтин мүнөзү, климаттык шарттары, суулары, өсүмдүктөрү, жаныбарлары бири-бири менен шарттуу тыгыз байланыштагы аймактар. Ландшафт бир нече түзүмдүк бөлүктөрдөн же компоненттерден турат.

Ландшафт компоненттери

Ландшафттын компоненттери бири-бири менен тыгыз байланышып, жаратылыш комплексин же ландшафтты түзөт. Түзүүчү факторлор — белгилүү бир ландшафттык комплекстин калыптанышына катышкан ландшафттын геологиялык түзүлүшү, рельеф, кыртыштын түрү, климаты, өсүмдүктөрү, фауна жана башка компоненттер.

Ландшафт, негизинен «жаратылыштык» жана «антропогендик» болуп экиге бөлүнөт. Антропогендик ландшафт — адам ишмердүүлүгүнүн максатына ылайык табигый ландшафттын өзгөрүлгөн же ишмердүүлүктөн пайда болгон ландшафт.

Антропогендик ландшафттар айыл-чарбалык, токой чарбалык, өнөр-жайлык, шаардык жана техногендик деп айырмаланат.

Табигый ландшафт деп адамдын катышуусу жок калыптанып, өнүгүп келе жаткан негизги ландшафттык компоненттерди айтабыз. Мисалы, жапайы өсүмдүктөр талаасы, тоолордун көрүнүшү ж. б.

Ландшафт сөзүнүн үч трактовкасын белгилөөгө болот: аймактык, типологиялык, жалпы.

Ландшафттын жалпы трактовкасы орус окумуштуулары Д. Л. Арманд жана Ф. Н. Мильковдун эмгектеринде камтылган. Алардын түшүнүгүндө ландшафт сөзүнүн синоними катары табигый аймактык комплекс, географиялык комлекс сыяктуу түшүнүнктөр рол аткарат.

Ландшафттын аймактык (же жеке) трактовкасына ылайык географиялык аталышы жана картадагы так орду бар конкреттүү бир табигый аймактык комплекс түшүндүрүлөт.

Типологиялык трактовкасында ландшафт — бул табигый аймактык комплекстин түрү же көрүнүшү. Топурак таануу илиминде топурактын түрлөрү жөнүндө түшүнүк бар, геоморфологияда — рельефтин түрлөрү, ал эми ландшафт таануу илиминде ландшафттын тиби, түрлөрү, тукуму сыяктуу түшүнүктөр жөнүндө айтууга болот. Типологиялык ыкма, аянты боюнча кыйла келген, табигый аймактык комплексти орто жана майда масштабдуу картаграфиялоодо зарыл.

Ландшафт түшүнүгүн түшүнүүдө эки көз караш же ыкма бар:

Кыроо баскан кеч күз ландшафты
Кыроо баскан кеч күз ландшафты. Кыргызстан, Ысык-Көл

Этимология

Бул сөз жалпы адабий тилден алынып, мында ал шартка ылайык пейзаждан, табият сүрөтүнөн, аймактан алынган таасир менен байланыштырылат.

Кыргыз тилине бул сөз орустардан келген, ал эми орустарга өз кезегинде Александр Гумбольд тарабынан киргизилген, ал адам өз кезегинде бул сөздү немис тилинен алган. Кыргыз тилинде ландшафтка жакыныраак сөз бул «аймак», «табият көрүнүшү». Ландшафт поляктардын сөзүнөн которгондо «аймак образы» болуп которулат.

Түшүнүктүн тарыхы

Адамдын чарбалык ишмердүүлүгүнүн артынан өзгөртүлгөн ландшафттарды маданий жана табигый антропогендик деп бөлүү дурус. Маданий ландшафт адамдын тигил же бул муктаждыктарын канааттандыруу үчүн, максаттуу жана акыл-эстүү ишмердүүлүгүнүн натыйжасында калыптанат. Табигый антропогендик ландшафттар алгач адамдын таасири алдында пайда болуп, андан ары өз алдынча өнүккөн комплекстерди түшүндүрөт.

Биринчи жолу ландшафт сөзү IX кылымда Германиядагы Фульдск монастырында кызмат кылган монахтардын эмгектеринде пайда болгон. Булар «Евангелиялык гармония» кудай сөзмөрү Татиананын котормосунда латынча regio — аймак, өлкө сөзүн, lantscaf сөзүнө алмаштырган, а бул «жалпы герман планы боюнча иреттелген бирдиктүү эңсеген жердин, бирдиктүү ыйык жери, аймагы; маңызы Христтеги эже-сиңди, ага-иниге түшүүчү жыргалчылык маңызына туура келген форма» делет. Кийин бул түшүнүк акырындык менен алгачкы маанисинен алыс болгон түшүнүккө трансформацияланып кеткен. Ландшафт административдик-аймактык жана административдик түшүнүк чегине кирет. XVI кылымда ландшафттык (пейзаждык) живопись өнүгө баштаган. Сүрөттөрдө жерлердин типтүү көрүнүштөрү сүрөттөлгөн. XIX башында ландшафтты бир көз караш менен карап чыгууга мүмкүн болгон жана кошуна аймактардан өзүнө гана таандык көрүнүштөрү менен айырмаланган байкоочуну курчаган аймак катары мүнөздөгөн. XX кылымдын башында «ландшафт» термини географияда, ал эми XX кылымдын экинчи жарымында экологияда кеңири колдонула баштаган.

20-кылымдын аягы – 21-кылымдын башында мурда калыптанып калган ландшафттын салттуу түшүнүктөрү жана концепциялары жок болгону анык. Ландшафт, географтардын эркинен тышкары (консевативдик көз карашты кармангандар), географиядан алыс болгон илимдин (мисалы, Сасскинд физикасындагы «космостук ландшафт») жана маданияттын («жан-дүйнөлүк», «лингвистикалык», «ассоциативдик» жана башка «гуманитардык» ландшафттар) башка тармактарында дагы колдонула баштаган, а бул анын илимий түшүнүк катары жоголуп баратканын күбөлөйт, же посмодернисттик аталган илимдин методология контекстинде кардиналдык кайра ойлонуусун талап кылат. Ландшафт түшүнүгү фундаменталдуу илимий түшүнүк катары кыйла трансформацияларга кабылып жатканы талашсыз жана илимдин (ландшафт таануу, география) эволюциясы үчүн нормалдуу нерсе.

Саз ландшафты. Кыргызстан, Ысык-Көл
Саз ландшафты. Кыргызстан, Ысык-Көл

Географиялык ландшафттын касиеттери

Географиялык ландшафттын түзүмү

Географиялык ландшафт төмөнкүлөргө ээ:

Ландшафтта жүрүүчү табигый процесстер

Ландшафттын калыптануусу бир убакта жана ар түрдүү багытталган процесстер комлексинин таасири алдында жүрөт, мындай процесстер ландшафт рельефи, климат, геологиялык түзүм, топурактар, өсүмдүк жана жаныбарлар дүйнөсүнүн, ошондой эле, адам ишмердүүлүгүнүн компоненттеринин аракеттенүүсү менен шартталат.

Бир географиялык ландшафттын компоненттери ортосундагы иш-аракет жана зат алмашуу бир типтүү келип, ага түшкөн күн энергиясынын санынан жана ритминен көз каранды. Бул процесстердин жыйындысы ландшафттын кайра калыбына келүүсүн жана өндүрүмдүүлүгүн аныктайт.

Классификациясы

Орус окумуштуусу В. А. Николаевдин түзүмдүк-генетикалык негизи боюнча ландшафттар категориясынын классификациясы төмөнкү таблицада берилмекчи.

Таксон Бегилөө негизи Ландшафт мисалдары
Бөлүм Ландшафт кабыкчасынын түзүмүндөгү контакт түрү жана геосфералардын иш-аракети Суу жана жер бетинде
Система Ландшафттардын энергетикалык базасы, алкактын-зоналык айырмалар Субарктикалык, бореалдык, суббореалдык
Системача Климаттык айырмачылыктар, климаттын континенталдуулугу Мелүүн континенталдуу, континенталдуу, чукул континенталдуу
Класс Жогорку иреттеги морфо түзүмдөр, табигый зоналуулуктун түрү Түздүктүү жана тоолуу
Системача Тоолордогу жана түздүктөрдөгү ландшафттардын ярустук дифференциациясы Ойдуңдук, ойдуң жердик, дөңсөөлүк
Топ Суу режиминин түрү, нымдашуу деңгээли Гидроморфтук жана элювиалдык
Тип же түр Топурак түрлөрү жана өсүмдүк формация класстарынын деңгээлинде топурактык, биологиялык жана климаттык белгилер Токой-талаалык, талаалык, саз, шалбаа
Түрчө Топурак түрчөлөрү жана өсүмдүк формация классчаларынын деңгээлинде топурактык, биологиялык жана климаттык белгилер Шалбаа-токой, токой-шалбаа
Тукум Рельефтин генетикалык түрү Майда дөңсөөлүү, жалпак түздүктүү, байыркы аллювиалдык
Тукумча Жер үстүндөгү топурактардын генетикалык түрлөрү Лёссту-чополуу жана кумдуу
Көрүнүшү Доминанттуу өзөндөрдүн окшоштугу Жалпак толкундуу байыркы аллювиалдык түздүктөр

Генезиси боюнча классификация

Масштабы боюнча

Изилдөө максаттары боюнча

Табигый илим билиминин башка чөйрөлөрүндөгү географиялык ландшафт

Ландшафттык экологияда, ландшафт деп бири-бири менен аракеттенген жерлердин кайталануучу мозаикасын жана күнүмдүк (көзгө көрүнгөн) жер бетинин сүрөтүнүн уюшулуусун түшүнөбүз. Ошол эле убакта, ландшафттык экологияда өлчөмдөрү экологиялык мүнөздөмөлөрдөн көз каранды болгон жаныбарлардын өзүнчө түрлөрүнүн ландшафтын белгилешет: курт-кумурскалар үчүн бир нече чарчы метрден, ири сүт эмүүчүлөр жана канатуулар үчүн жүздөгөн чарчы километрге чейин.

Белгилей кетсек, ар кандай илимий адабияттарда «топурактык ландшафт», «өсүмдүк ландшафты», «ландшафттык дизайн» деген сыяктуу терминдерди кездештирүүгө болот. Мындай колдонуу монокомпоненттүү түзүлүштөрдү белгилөө зарылдыгы менен шартталган.

Андан тышкары, генетикалык жана функционалдык жактан географиялык ландшафт менен байланышкан, бирок, ага окшош эмес геохимиялык ландшафт белгиленет. Геохимиялык ландшафттарды изилдөө геологиялык издөөлөрдү жүргүзүүдө ошондой эле, аймактын экологиялык туруктуулугун анализдөөдө маанилүү.

Жайкы талаа жана тоо ландшафты. Кыргызстан, Ысык-Көл
Жайкы талаа жана тоо ландшафты. Кыргызстан, Ысык-Көл

Кыргызстанда

Кыргызстанда ландшафт түзүүчү факторлор жер бетинин түзүлүшү, рельефтин татаалдыгы, климаттык элементтердин жер бетинде тоо капталдары боюнча ар кандай таралышы саналат. Бул өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгүн аныктап, ландшафттар негизинен тоолуу шартта түзүгөндүктөн, ар түрдүүлүгү жана татаалдыгы менен айырмаланат.

Ар кандай бийиктиктеги жана ар тарапка багытталган тоо капталдарына, талааларга жана башка жерлерге күн нурунун таралышы жана нымдуу аба массаларынан түшкөн жаан-чачындар ар башка өлчөмдө түшөт. Ошого жараша Кыргызстан ландшафттарынын түрлөрү дагы ар башка. Ушундан улам Кыргызстанда бийиктик алкактуулук ландшафты мүнөздүү.

Бийиктик алкактуулук — тоонун бийиктигине жараша табигый шарттардын жана процесстердин мыйзам ченемдүү өзгөрүшү.

Кыргызстан аймагындагы ландшафттар — «тоо арасындагы өрөөндөрдүн ландшафттары» жана «тоо капталдарындагы ландшафттар» болуп экиге бөлүнөт.

Кыргызстандын маданий ландшафты деп айдоо талааларын, түрдүү ири тарыхый комплекстерди, шаарларды, айылдарды жана башка кыргыз жарандарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында жаралган ланшафттарды айтабыз.

Жайгаштыруу: 2023-04-05, Көрүүлөр: 1724, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо