Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Латвия

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Латвия

Латвия олкосу - жеринин аянты 64589 чарчы/чакырым. Калкы - 2596000 адам. Толкундары кумдуу жээкти чайыган Балтика деңизинин боюнда жайгашкан көз каранды эмес мамлекет. Бул жерде деңиздин жакындыгы сезилип турат. Атлантика океаны тараптан соккон нымдуу шамал нөшөрлөгөн жамгырды тез-тез алып келип, жайкы аптап менен кышкы ызгаар суукту жумшартат. Жергиликтүү калктын тиричилиги да эзелтен бери деңизге байланышкан.

Латыштардын арасында балыкчылар менен моряктар көп. Деңиз жээгинде Рига, Вентспиле сыяктуу маанилүү порттор орун алган. Бул порттордон кемелер чет өлкөлөргө сапар алышат. Латвия мамлекети - өнүккөн өнөр жайлуу жана ири айыл чарбалуу өлкө. Латвиялык жумушчулар электр поезддери үчүн вагон, уюлдук телефон жана башка көптөгөн татаал жана так аппараттарды, машиналарды, электр-техника буюмдарын жасашат. Жашыл шалбаалуу талааларда буудай жана кант кызылчасы жайкалып, сүттүү күрөң уйлар жайылып жүрөт. Латвияда чыгарылуучу коюлтулган сүт, сыр, жууган май, бекон, балык консерваларына чет өлкөлөрдөн талап чон. Бул жердин суусу мол, дарыялары мелмилдеп жай агат. Дарыяларда жүк жана жүргүнчүлөр ташылып, электр станциялар курулган.

Алардын ичинде Балтика боюндагы эң ири электр станция - Плявинь ГЭСи Латвиянын башкы дарыясы - Даугавада (Батыш Двина). ГЭСтин жанында чоң суу сактагыч - Плявинь деңизи бар. Латвиядагы эң кооз дарыя - Гауя. Анын Сигулда шаарына жакын жээктеринде дайыма туристтер көп болот. Бул жердеги кызыл аска, зор үңкүрлөр табият атайылап жасап койгондой. Теребелде жашыл токой деңиздей толкуп, эмен, зараң, ак чечек, липа, кайың, тал, четиндер шуулдайт. Ал эми Венти дарыясынын Кулдига шаарына жакын жердеги Вентасрумба шаркыратмасынын кооздугуна суктанбай коё албайсың.

Республиканын борбору - Рига шаары Рига булуңуна Даугава дарыясы куйган жерде жайгашкан. Шаардын эски бөлүгү музейге окшош. Бул жерде орто кылымдагы тар көчөлөр, тик чатырлуу үйлөр, байыркы соборлордун бийик шпилдери сакталып калган. Аларга жанаша жаңы курулган жарык, кенен, бак-дарактуу шаар аймагы жайгашкан. Риганын жанында булуңдун кең өйүзүн бойлото тасмадай созулуп жаткан эң сонун пляж Рига жээги деп аталат. Жээктин куму таза, аппак булуңдун жээкке жакын жердеги тереңдиги болгону тизеден келет. Ырас, суусу Кара дениздикинен муздагыраак.

Бул жерде санаторий, эс алуу үйлөрү, курорттор көп. Латвия олкосу жонундогу маалымат аз деп ойлосоңуз, анда "Латвия" деген чоң макалабызды окуп көрүңүз.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2087, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо