Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Лейшманиоздор

Лейшманиоздор — терини, былжырлуу челди же ички органдарды жабыркатуучу жугуштуу оорулар тобу. Ооруну лейшманиялар пайда кылат. Л. оорулуу кишиден, иттен, кемирүүчүлөрдөн, жапайы жаныбарлардан жугат. Аны желимчилер таратат. Тери Л-унда оорулуу кишини же жаныбарды чаккан желимчи соо кишини чакканда лейшмания териге кирип, көбөйөт. Ал жердин тканы бузулуп, некроздуу жара пайда болот.

Тери Л. айыл жана шаар тибиндеги болуп айырмаланат. Айыл тибиндеги тери Л-унун жашыруун мезгили 1 жумадан 2 айга чейин болот. Оору капысынан катуу башталат. Бет-колдун, буттун терисинде сыздоокко окшогон шишик пайда болот. Биринчи жумада ал жарага айланат. 2—4 айдан кийин жара айыга баштайт.

Оору 3—6 ай созулат. Ооруну врач дарылайт. Шаар тибиндеги тери Л-унда козгогуч киргенден кийин 3 айга (кээде 1 — 2 жыл) чейин оорунун белгилери билинбейт (жашыруун мезгил). Желимчи чаккан жерде (көбүнчө бет, колдо) күрөң түстөгү шишикче пайда болот. Ал улам чоңоёт.

3—6, кээде 10 айдан кийин ал жерде ириңдүү жара пайда болот. 2—3 айдан кийин айыга баштайт. Оору 1 — 2 жылга созулат. Ички органдарды жабыркаткан Л-дун (кала-азар) инкубациялык мезгили 20 күндөн 1 жылга чейин же андан ашык болот. Оору акырындап башталат. Оорулуу алсызданып, шалдырайт, эти ысыйт. Териси боз топуракка окшойт же карарат. Ичеги карын, жүрөк, бөйрөк ишинин бузулушу байкалат. Ооруну врач дарылайт.

Алдын алууда кемирүүчүлөрдүн ийинин бузуп жоготуу, Л. менен ооруган итти жок кылуу, желимчилердин чагып алуусунан сак болуу, Л. чыккан жерден келген адамдарды эмдөө керек.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)