Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Левенгук Антони ван (1632-1723)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Левенгук Антони ван (1632-1723)

Антони ван Левенгук Голландиядагы Дельфт шаарында жашаган. Атасы жана чоң атасы сыяктуу эле ал да жүн сатып соода кылчу. Ар күн сайын бош боло калган учурда ал киши кирбеген бөлмөгө бекинип алчу. Бул жерден ал чоңойтуп көрсөтүүчү айнектерди жылмалап, аны менен суу тамчыларын, жыгач кесиндилерин, өсүмдүк жалбырактарын карай турган. Томпок линза менен караганда жамгыр суусунан пайда болгон чөөттүн кичинекей жашыл сымал тамчысы көптөгөн кенедей жаныбарлар жашаган өзүнчө эле дүйнө экени көрүнчү. Алардын кээ бири жай кыймылдаса, башкалары тамчыдагы майда балыктардан бетер тызылдап ыкчам сүзүшөт.

Айрымдары шар сыяктуу томолок, башка бирөөлөрү бурама ачкыч сыяктуу. Левенгук көргөндөрүнүн баарын тыкаттык менен сыпаттап жазып, сүрөттөрүн да тартып коюучу, алар бири-бирине окшобой түрдүүчө көрүнчү. Бүткүл Европага таанымал илимпоздор жүн сатуучу голландиялык соодагердин каттарын чыдамсыздык менен күтүшчү. Лондон король коомунун (Англия Илимдер академиясы ушундай аталуучу) мүчөлөрү - улуу окумуштуу Исаак Ньютон жана атактуу физик Роберт Бойль Левенгуктун билдирүүлөрүн ынтаа коюп угушчу. Левенгук табиятта жана адамдын турмушунда зор роль ойной турган тирүү жандыктардын ушул мезгилге чейин адамга белгисиз болгон эбегейсиз зор дүйнөсүн - микроорганизмдерди ачты. Буга чейин кээ бир кыраакы адамдар, жөнөкөй көзгө көрүнбөгөн жана коркунучтуу жугуштуу ооруларын пайда кылуучу бир жандыктардын болушун божомолдоп айтып келишкен эле. Левенгук болсо микробдорду биринчи жолу көргөн адам болду. Анын мындай ачылышы өзү жасаган чоңойткуч айнектери болгон үчүн ишке ашты. Мындай айнектин болушу ошол кездеги адамдардын биринин да түшүнө кирген эмес.

Бул чоңойткуч айнектер али микроскоп эмес болчу. Бир нече чоңойткуч айнектерден турган татаал прибор - микроскоп бир кыйла кийинчирээк гана жасалган. Левенгуктун микроскобу чындыгында 300 эсе чоңойтуучу өзгөчө күчтүү лупа эле. Левенгук микроскоптун жардамы менен кап дегенибиз ошол кездеги адамдар ойлоп жүргөндөй текши суюктук эмес, көптөгөн эң майда бөлүкчөлөрдүн жандуу агымы экенин көргөн. Левенгук - табияттын сырларын ачууга алгачкылардан болуп жол салган эн көрүнүктүү изилдөөчүлөрдөн болуп саналат. Ал зоология менен ботаникада, физика менен химияда көптөгөн ачылыштарды жасаган.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1406, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо