Логос

логос (грекче – logos) – байыркы грек философиясынын термини, ал бир эле учурда «сөз» жана «маани» дегенди туюнтат, бул учурда «сөз» сезүү үндүк эмес, маанилик планда гана алынат, бирок «маани» кандайдыр бир кубулуштук, таризделген жана ошончолук «сөздүү» катары түшүнүлөт. Логос – бул дароо жана обьективдүү берилген мазмун, мында акыл отчет бериши керек жана бул өзү акылдын отчет берүүчү иш-аракети жана акырында болмуш менен аң-сезимдин өтмө маанилик ирети, бул дүйнөдөгү жана адамдагы бардык отчетсуздук менен сөзү жоктук, жоопкерсиздик жана жоопкерчиликсиздик, маанисиздик жана формасыздыктын карама-каршылыгы. Логос терминин философияга Гераклит киргизген.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)