Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Луноход

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Луноход

Луноход деген эмне? Луноход - Айдагы өзү жүрүүчү илимий лаборатория. Биринчи луноходду Айга 1970-жылы ноябрда советтик Луна-17 автоматтык станциясы жеткирген. Анын көлөмү Москвич автоунаасындай эле. Луноход 1дин сегиз дөңгөлөгү, ар бир дөңгөлөгүнүн өзүнчө кыймылдаткычы болгон. Дөңгөлөктөрүнүн ушундай түзүлүшү луноходго алдыга, артка жүрүүгө, ордунда турганда да, жүрүп баратканда да каалаган жагына бурулууга мүмкүндүк берген. Луноходдун арт жагындагы тогузунчу дөңгөлөгү кыймылдын ылдамдыгын жана басып өтүлгөн жолду белгилеп турган. Луноходдун көзү - камералар (Ал кезде телекамера деп аталчу) жерге ай бетинин сүрөттөлүшүн берип, радиоантенналар аны жер менен байланыштырган. Айда температура абдан катуу өзгөрөт: күндүзү 130 градус ысык, түн ичинде -170 градус суук. Аппаратура тоңуп калбас үчүн луноход жылуулукту сактап калышы керек эле. Түн кирип келе жатканда ыңгайлуу жерге токтоп, капкагын жаап, жылытуучу түзүлүшүн иштетчү. Таң атып күндүн нурлары чачыраганда күн батареялары орнотулган капкагын көтөрчү. Күн аккумуляторлорду электр кубаты менен кубаттап, луноход кайрадан жолго чыкчу.

Луноходдун экипажы: командир, бортмеханик, инженер, штурман, айдоочу, радист - аны жерден башкарып турушкан. Айда иштеген он жарым айдын ичинде Луноход-1 10 чакырымдан ашуун жол басып өттү. Ал ай бетинин чоң аймагын изилдеди. Луноход айдын топурагын алып, анын химиялык курамын изилдеп үйрөндү. Луноход-2 айга 1979-жылы январда жеткизилген. Анда мурдагы луноходго караганда илимий жабдуулар көбүрөөк болгон жана ал ай бетинде эркинирээк жүрө алган. Луноходдун көзү - камералар бийигирээк орнотулгандыктан, Луноход алысыраакты көргөн.

Төрт жарым айдын ичинде Луноход-2 айдын жолсуз бетинде 37 километр аралыкты басып өтүп, ай бетинин 80 мин сүрөтүн жана илим үчүн маанилүү көптөгөн башка маалыматтарды берген. Америкалык астронавттар айда төрт дөңгөлөктүү электр авто унаасына түшүп жүрүшкөн. Алар унааны башкарышкан. Луноходдордун жардамы менен илимпоздор жердин жандоочусу тууралуу маанилүү көп маалыматтарды алышкан. Луноход жонундо маалымат сизге жактыбы? сиз бул жонундо дагы эмне билесиз? пикир калтырып жазып койгула.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 589, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-11-17
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо