Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Майлардын мааниси

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Майлардын мааниси

Белоктор сыяктуу организмдин клеткаларын курууда майлар дагы катышат, ошондой эле бир топ витаминдерди да кармап турушат. Адамдын организминде майдын жалпы көлөмү орто эсеп менен 10-20% барабар. Майдын көбү май тканында жайгашат, ал эми азыраагы жаңы клеткалардын түзүлүшүнө жумшалат. Организмде майлардын топтолушу адамдын жынысына, жашына, ошондой эле жашоонун жана иштин мүнөзүнө көз каранды болот. Майдын бир бөлүгү боордо, булчуңдарда, теринин алдында, ичегинин жана бөйрөктүн айланасында жана башка жерлерде топтолот. Алар көпчүлүк органдарды, тамырларды жана нервдерди белгилүү бир абалда кармап жана коргоп турат, ал эми жалпы организмди жылуулукту ашыкча чыгымдоосунан сактайт. Ошондой эле суунун булагы катары кызмат аткарат. Майлар тамактын даамын жакшыртат. Майлар өз ара жаныбарлар майына жана өсүмдүк майларына бөлүнүшөт.

Жаныбарлардын майынын эрүү температурасы өсүмдүктөрдүн майынан жогору. Мисалы жууган майдын эрүү температурасы 24-260, уйдун майы 41-430, койдун майы 44-510. Өсүмдүк майларынын (күн карамадан, жүгөрүдөн, жалган кычыдан, софлордон жана башкадан) эрүү температурасы төмөн болгондуктан, алар организм тарабынан жеңил сиңирилет, бирок алардын курамында витаминдер жок болгондуктан майлардын эки түрүн тамакта колдонуу оң.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 3873, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу