Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Маймыл

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Маймыл

Маймылдын өзүн болбосо да сүрөтүн көргөндө, аның кишиге таң каларлыктай окшоштугуна көңүл бурбай койбойсуң. Киши сымал маймылдар: орангутан, шимпанзе, горилла адамга көбүрөөк окшош. Азыр буга эч ким таң калбайт, анткени адам маймылдан келип чыккандыгы ар бир мектеп окуучусуна маалым. Муну англиялык улуу окумуштуу Чарлз Дарвин жүз жыл мурда далилдеген. Демек, өтө көп жылдардан кийин азыркы киши сымал маймылдар да маймылга айланат турбайбы? - деген суроо туулушу мүмкүн. Жок. Адам азыркы маймылдардан эмес, эзелки киши сымал ири маймыл-дриопитектен келип чыккан.

Алар даракта жашап, жоон сөңгөк, бутактарда эки буттап басышкан, ошол кезде булардын мындай жөндөмдүүлүгү мындан 15 миллион жыл мурун жер бетинде климат укмуштай катуу өзгөргөндө зор керекке жараган. Кургакчылык болуп, чытырман токойлор куураган, көптөгөн маймылдар ачык жерде жашоого ыңгайлашууга мажбур болгон. Алардын арасында адамдын түпкү ата-теги да бар эле. Дайыма эки буттап басууга үйрөнгөндүгү жана башка табигый өбөлгөлөр бара-бара адамга айлануусуна шарт түзгөн. Адам менен маймылдын көп жалпы жактары бар: алардын кан курамында, мээ түзүлүшүндө, сезим органдарынын жайгашуусунда, скелетинде окшоштуктар көп. Ошондой эле абайлап карасан алардын организми дарак башында гана жашоого ыңгайлашканын оной эле байкоого болот. Маймылдар дарактын башында гана жеңил, шамдагай кыймылдал, өздөрүн ээн-эркин сезишет. Жерде колдоюп эби жок, көбүнчө алсыз, мажүрөө.

Чындыгында алардын жерде деле кылар иши жок. Буттары кыска, колдору узун болгондуктан, алаканы менен таманы бутакка жабышууга абдан ыңгайлашкандыктан маймылдар дарактан даракка секирип өтө тез кыймылдай алышат. Алар дарак башында өздөрүнүн тамак-ашын: мөмө-жемиш, жалбырак, бүчүрлүү жаш бутак, курт-кумурскаларды, канаттуулардын жумурткаларын таап жейт. Маймылдар уя сымал турак жайын да дарак башына курат. Балдары дарак башында жетилет. Ошентсе да айрым маймылдар, мисалы, павиан жерде жашоого ыңгайлуу. Бирок мындай маймылдар өтө аз. Окумуштуулар, алардын ичинде врачтар, маймылга, өзгөчө киши сымал маймылдарды изилдөөгө зор маани беришет. Анткени алар - адамдын жакын тектештери.

Маймылдар адамга тез үйүр алат, машыктырууга да жатык. Дене түзүлүшү боюнча маймыл адамга көп жагынан окшош, адам ооруларынын көбү менен ооруйт. Маймылдарды изилдөө иши жаңы дарыларды таап, медициналык жаңы приборлорду сыноого жардам берет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3860, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу