Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Макешов Кабыл Асангелди уулу

Кабыл Асангелдиевич Макешов (Кабыл Макеш) - кыргызстандык белгилүү спорттук баяндамачы, журналист.

Кабыл Макешов Асангелди уулу (Кабыл Макеш) 1961-жылы 10-сентябрда Кыргызстанда Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Он-Арча кыштагында - Эчки-Башы айылында туулган.

Чоң атасы Макеш - кыргыз, чоң энеси казак болгон.

Оболу сегиз классты айылдагы мектепте окуган.

Нарын шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектепте окуп жүргөндөн баштап облустук, республикалык гезиттерге макала жазып, штаттан сырткаркы кабарчы катары таанылган.

1979-жылы эмгек жолун Нарын облусттук «Нарын правдасы» гезитинде баштаган.

1981-жылы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика бөлүмүнө кабыл алынып, аны 1986-жылы бүтүп, Кыргызтелерадио комитетинин балдар жана жаштар редакциясында редактор болуп иштеген.

Ушул телерадиокомитетте улук редактор жана спорт бөлүмүнүн башчысы болуп беш жыл эмгектенген.

1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт комитетинин республикалык методикалык кабинетинин директорунун орун басары болгон.

1992-жылы «Байге» спорттук гезитин уюштуруп, башкы редактор болуп иштеген.

1993-жылдан 1995-жылга чейин Бишкектеги «Семетей» балдар футбол клубунун президенти болгон.

1994-жылдан бери «Азаттык» үналгысынын жана «Аалам» гезитинин кабарчысы болуп иштеп келатат.

«Замандаш» журналында дагы үч жылдай спорттук баяндамачы катары макалалары жарыяланып турду.

Кабыл Макештин демилгеси менен 1995-жылы Кыргызстандын спорт журналисттеринин федерациясы уюшулган.

1995-жылдан бери Эл аралык спорт журналисттер ассоциациясынын (AIPS) мүчөсү.

Кабыл 2003-жылдан Кыргызстандын спорт журналисттер федерацияcынын башкы катчысы болуп саналат.

Кабыл Макеш спорттук баяндамачы катары Атланта, Сидней, Афина, Бээжин, Лондон жайкы олимпиадалык оюндарына жана Солт-Лейк-Сити, Турин кышкы олимпиадаларына барып, «Азаттык үналгысына» жана "Эркин Европа-Азаттык үналгысынын" казак, түркмөн кызматтарына түз репортаж уюштуруп турган.

Ошондой эле Бангкок, Пусан, Доха, Гуанджоу, Астана жана Алматы шаарларында өткөн Азия оюндарына катышып, «Азаттык үналгысына» түз репортаж уюштурган.

Мындан сырткары AIPSтин Түштүк Корея, Испания, Канада, АКШ, Кытай, Катар, Улуу Британия, Орусия өлкөлөрүндө өткөн Конгресстерине Кыргызстандан делегат болуп катышкан.

Анын журналисттик ишмердиги Кыргызстандын журналисттер кошуунунун, спорт федерацияларынын, кыргыз дене тарбия жана спорт агенттигинин сыйлыктары менен бааланган.

Спортко бала кызыгып, эркин күрөш, лыжа менен чуркоо, жеңил атлетика спорт ийримдеринде машыккан. Спорттон сырткары элдик медицинага, улуттук адабиятка, архитектурага кызыгат. Спорттук, олимпиадалык белгилерди (значок) чогултат.

Кыргыз спортунун тарыхын жана спорттук энциклопедияны жазып, "Кыргызстан: дене тарбия жана спорт энциклопедиясы" аттуу түстүү, 37 басма табак көлөмдөгү китеби 2011-жылдын этегинде жарыялады.

2012-жылдын 20-декабрында Кыргызстандын олимпиадалык кыймылынын тарыхын, байге алган олимпиадачылар, Азия оюндар тууралуу кеңири баяндалган "Кыргыз Республикасы: Олимпиаданын санжыралуу жолунда" деген 27 басма табак көлөмүндөгү түстүү китеби жарык көрдү.

2014-жылы сентябрь айында англис жана кыргыз тилдериде "Азия Олимпиадалык Кенеши: Азия оюндарынын тарыхы" аттуу

түстүү, 35 басма табак көлөмдөгү китеби жарык көрдү.

2015-жылы май айында Кыргыз спортунун тарыхын жана спорттук энциклопедияны толуктап жазып, "Кыргыз Республикасы: Дене тарбия жана спорт энциклопедиясы" аттуу түстүү, 56 басма табак көлөмдөгү китебинин экинчи басылышы чыкты.

2015-жылдын сентябрь айында " Кыргыз Республикасы: Грек-рим курошу: түстүү, 18 басма табак көлөмдөгү китеби "Турар" басманканасынан басылып чыкты.

үй-бүлөлүү, жолдошу Динар Карыбаеванын кесиби да журналист.

Улуу уулу Жоомарт Макешов 2012-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын бүткөн. Чуй облусттук ооруканада невролог-врач

Кызы Жанар 2012-жылы Кыргыз улуттук университетин психология адистиги менен бүтүп, Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы республикалык Олимпиадалык резерв окуу жайында психолог-мугалим болуп иштеп жатат .

Кичүү уулу Бишкектеги Улуттук компьютердик гимназиянын 7-классында окуйт.

2000-жылы Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин «Олимпиадалык алтын ордени» менен сыйланган.

2010-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы менен сыйланган.

2008-жылы "Дене тарбия жана спорттун мыктысы (отличниги) " төш белгиси менен да сыйланган.

2010-жылы Сатымкул Жуманазаров атындагы сыйлык менен сыйланган.

1992,1994,1996,1997,1998,1999, 2000,2001,2002,2004,2006, 2008, 2009, 2010, 2011, 2012, 2013, 2014-жылдары Кыргызстандын мыкты спорттук журналистти деп таанылып, урмат-сыйга арзыган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)