Маковский Эдуард Эдуардович

Маковский Эдуард Эдуардович (1930, РФ., Керчь шаары – 2002, Бишкек) – техника илимдеринин доктору (1973), профессор (1976), Кыргыз ССР Илимдер академиясынын академиги (1979), Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1976), Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген. ишмери, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген. ойлоп табуучусу (1980). Ташкент инженердик ирригация институтун бүтүргөн (1954). Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Энергетика институтунда кенже илимий кызматкер (1954–61). Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Автоматика институтунда лаборатория башчысы (1961–2002), директордун орун басары, директор (1980–88), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (1997–2000). Өндүрүш процесстерин автоматташтыруу, гидротехникалык жана ирригациялык системаларды башкаруу боюнча адис. 170тен ашык илимий эмгеги, анын ичинде 7 монография, 45 автордук күбөлүгү жарык көргөн. Эмгектери: Автоматизация гидротехнических сооружений в системах каскадного регулирования расходов воды. Ф., 1972, Автоматизация процессов пропуска паводка через гидротехнические сооружения. Ф., 1986.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)