Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Малабаев Жолдошбай

Малабаев Жолдошбай (1917-ж. т., Жалалабат облусу, Сузак району, Чачкынчы айылы) - тарых илиминин доктору (1970).

Ата Мекендик согуштун катышуучусу (1941-45). 1937-ж. Жалалабат педагогикалык техникумун, 1954-ж. КПСС БКнын жогорку партиялык мектебин бүткөн.

1938-59-ж. советтик административдик жооптуу кызматтарда, 1960— 69-ж. Кыргызстан ИАнын Тарых институтунун илимий кызматкери, 1970-76-ж. ушул эле институттун сектор башчысы, 1976-жылдан ИАнын Философия жана укук институтунун информация секторунун улук илимий кызматкери.

50ден ашык илимий эмгектин, анын ичинде13 монографиянын автору. Илимий эмгектери негизинен Кыргызстандагы Совет бийлигинин жана мамлекеттүүлүгүнүн түзүлүшүнө, чыңдалышына арналган. «Ардак Белгиси» ордени, медалдар менен сыйланган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)