Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Малдын Карбамидден (мочевинадан) ууланышы

Баш барак | Ветеринария | Малдын Карбамидден (мочевинадан) ууланышы

Карбамид же синтетикалык мочевина-кычкыл даамдуу, жыты жок, сууга жакшы эрүүчү ак порошок. Ал малдын рационундагы сиңимдүү протеиндин кемчилдигин толуктоо максатында колдонулат. Карбамид таза түрүндө уулуу келет. Ошондуктан аны малга порошок түрүндө жана сууга эритип берүүгө жарабайт. Карбамидди малга концентраттарга аралаштырып жүгөрү силосуна, кызылча жомуна жана тоют патокасына кошуп суткасына 6 айдан бир жашка чейинки жаш музоо-торпокторго 50-60 граммдан, бир жаштан жогоркуларга 60-80 грамм жана чоң уйларга 100-120 граммдан берүү керек.

Алты айга чейинки жаш музоолорго мочевина берүүгө болбойт. Рационго карбамид акырындык менен аз санда, алгачкы күнү толук дозанын 1/10 бөлүгү эсебинде кошулат, андан ары мочевина улам көбүрөөк кошулуп, 7-8 күндөн кийин ал толук нормага жеткирилет. Эгерде мочевина менен тоюттандыруу үзгүлтүккө учураган болсо, анда аны кайрадан аз-аздан берүүдөн баштоо керек. Малга мочевинаны тоютка кошуп, күнүнө 2-3 жолу берүү жакшы. Карбамиддин ууктургуч (уулантуучу) таасири мал мурда кандай тоюттандырылып келгендигине жараша болот. Карбамид белогу көп рационго өткөрүлгөн арык малга күчтүү таасир этет. Боору ыланга чалдыккан уй карбамидге өтө сезгич келет.

Жумурдан канга өткөн нормалдуу сандагы аммиак боорго барып, мочевинага айланат, аны организмден бөйрөк кууп чыгарат. Боор аммиакты мочевинага белгилүү гана чекте айландыра алат. Уусу кетирилбеген аммиак боорду ууктурат. Көнбөгөн малга карбамид нормадан ашык берилгенде, тоюттандыруунун режимин бузганда 20-50 минуттан кийин мал ууга баштайт. Муундары калтырайт тердейт, чалыштап басат. Катуу уукканда мал буттарын тарта албай көп жатат, тез-тез дем алат, тамыры аран кагат, ичи көбөт, оозунан көбүк куюлат. Өз убагында дарылабаса тезинен өлөт.

Ууну таркатуу үчүн малга адегенде эле бөтөлкө менен 4-5 литр айран же 0,5 пайыздуу уксус же сүт кислотасын ичирүү керек. Буга кошумчалап патоканын же канттын 20-40% эритмесинен 1-1,5 литр ичирүү керек. Кошумча глюкоза, кофеин колдонуу зарыл. Ууккандан 1-2 саат өткөндөн кийин жумурдун иштешин жандандыруу учун малга 0,5 литр өсүмдүк майын ичириш керек. Дарылоо чаралары өз учурунда колдонулганда мал бир нече сааттан кийин айыга баштайт.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 662, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу