Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Малдын селитрадан уугушу

Баш барак | Ветеринария | Малдын селитрадан уугушу

Айыл чарбасында минералдык жер семирткичтер катарында колдонулуучу калий, натрий жана аммиак селитралары - малдын уугушунун негизги булагы. Алар азот кислотасынын тузу - нитраттар болуп саналат. Нитраттардын жекече жана жалпы таасир этүүчү касиеттери бар. Жекече таасир эткенде малдын ичеги - карындарын сезгентет. Жалпы таасир көрсөткөндө үйдүн, койдун жумурунда нитриттердин эсебинен күчтүү уу заттар топтолот. Нитриттер канды ууктургучтардын тобуна кирүүчү азоттуу кислотаны түзөт. Ууктургуч даражасы малдын организминде анын көп аздыгына жараша болот. Организмде нитриттер аз болсо А, Д жана Е витаминдери бузулат. Көп болгондо мал катуу уугат жана олумго учурайт. Нитриттердин ууктуруучу таасири кандын гемоглобинин байланыштырууда турат, ошонун натыйжасында организмде кычкылтектин (кислород) жетишсиздиги күчөйт. Жер семирткичтер чачылган талаалардагы чоот суу малдын уугушу учун коркунуч туудурат.

Мал жер семирткичтерден тышкары нитраттар көп топтолуучу өсүмдүктөрдөн да уугат. Мисалы, кант кызылчасында 0,01, тоют кызылчасында -1, көк тикенде - 3 жана картошканын сабагында 4,7% нитрат болот. Нитраттар кызылчанын жалбырагында, сулунун саманында, жүгөрүнүн көгүндө көп. Өсүмдүктөрдө нитраттардын топтолушу кыртышка чачылган жер семирткичтердин көп-аздыгына байланыштуу. Минералдык заттар аз берилгендиктен мал селитраны жеп тез уугат . Өнөкөт уугууда гиповитаминоз күчөйт, мал тоютту начар жейт жана арыктайт. Оозунан шилекей агат .

Буттары шишип, ооруйт, басканда муундары калчылдайт, бат чарчайт. Малдын нитраттан жана нитриттен уугушун алдын ала четтетүү максатында тоюттарда жана сууда бул уу заттардын бары-жогун билүү үчүн ветеринардык лабораторияларда тоютту-сууну изилдеп чыгуу зарыл. Жер семирткичтердин сакталышына жана алардын туура колдонулушуна көп көңүл буруу керек. Ошондой эле малды туура тоюттандырып, минералдык элементтерди жана тузду нормасы боюнча берүү керек.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 509, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу