Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Маматканов Дүйшөн

Баш барак | Биографиялар | Маматканов Дүйшөн

(1934-жылы туулган, Жети-Өгүз району, Даркан айылы) - гидролог, техника илимий доктору (1981). Кыргыз Республиканын Илимдер Академиясынын корр. мүчөсү (1987). Кыргыз Республиканын илимге эмгек сиңирген ишмери. КМУну бүтүргөн (1956). Кыргыз Республиканын Энергетика, суу чарба институтунун илимий кызматкери (1957—60). СССР энергетика жана электрлештирүү министрлигинин илимий изилдөө мекемесинин Кыргызстан гидроэнергетика илимий изилдөө бөлүмүнүн башчысы (1964—81). 1981-жылдан Кыргызстан Илимдер Академиясынын Автоматика институтунун лаборатория башчысы. 1992-жылдан Кыргызстан УИАнын Суу проблемалар жана гидроэнергетика институтунун директору. М. 90дон ашык илимий эмгектин (анын ичинде 4 монография) автору. Алардын негизгилери гидрология, гидроэнергетика, суу ресурстарын эл чарбасында комплекстүү пайдаланууга, ыктымалдык теориясына, Ысык-Көл жана Арал проблемаларына арналган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 489, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо