Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Мамбетакун Мамбетжума



Мамбетжума Мамбетакун (1957-жылы бештин айынын (декабрдын) 25инде Кытайдагы Тегирмети айылында, Корумдук кыштагында туулган) (Mambetjuma Mambetakun) – Кытайдагы кыргыздардын көрүнүктүү композитору, обончу жана аткаруучусу, музыка таануучу, анын ичинде "Манас" эпосунун музыкалык өңүтүн изилдөөчү. Теги кыргыз. Ушул тапта Артыш шаарында жашайт. Мамбетжума Мамбетакун Кытай Эл Республикасынын 2-даражадагы композитору (1992) илимий даражасын алган.

Мамбетжума Мамбетакун 1957-жылы бештин айынын (декабрдын) 25инде Кытай Эл Республикасындагы Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун борбору Aртыш шаарына караштуу Tегирмети айылынын Kорумдук кыштагында туулган.

1976-ж. Кытайдын Шинжаң Уйгур автоном районунун борбору үрүмчү шаарында Шинжаң көркөм өнөр институтун аяктаган.

Көп жылдар бою Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун борбору Aртыш шаарында жайгашкан Кыргыз автоном облустук ыр-бий ансамблинин композитору болуп иштеп келди.

2012-ж. тартып ардактуу эс алууга чыккан, бирок демилгелүү коомдук-чыгармачыл турмушту улантууда.

Мамбетжума Мамбетакун кыргыздардын музыкалык мурасын, анын ичинде "Манас" дастанын айтуудагы кылым карыткан өнөрүн музыкалык өңүттө изилдөө жаатында Кытайда жана Кыргызстанда бир канча макалалар жарыялап, илимий баяндамалар жасаган. Музыка таануу жаатында эки китеп жарыялаган.

Мамбетжума Мамбетакун Кытай менен Кыргызстандын маданий байланыштарын чыңдоо жаатында 1990-жылдардан бери ырааттуу салым кошуп келе жатат.

Маселен, 2015-жылы 1-2-август күндөрү Кыргызстандагы Нарын облусуна караштуу Соң-Көл жайлоосунун Таш-Дөбө табыгый ат майданында «Манас, Маданият, Туризм» деп аталган эл аралык деңгээлдеги фестиваль болуп өттү. Ага Кытай Эл Республикасынын 2-даражадагы композитору Мамбетжума Мамбетакун уулу жетектеген атайын топ дагы катышып, бул фестивалды шаңга бөлөдү.

Фестивал маалында М. Мамбетакун уулу: «Мен ушундай майрамга катышып жатканыма сыймыктанып турам. Эки мамлекет ортосунда жолдор ачылып, байланыш күчөп жатат. Биз илгеркидей кадимки «Кыргыз көчүн» көрө алдык. Кытайда дагы элдердин улуттук байлыктарына чоң көңүл бурула баштады. Манас атанын урпактары аман болушсун. Эки өлкөнүн элдери өнүгүп өссүн», - деген пикирин билдирди.

Анын жубайы Дүйшөкан Сейит кызы да Кыргызстанга 1990-жж. тартып көп ирет келип, Кыргыз улуттук филармониясы менен тыгыз кызматташып, бир нече жолу концерт берген.

Мамбетжума Мамбетакун музыкалык чыгармалары, композитордук жана аткаруучулук ишмердиги үчүн Кытай Эл Республикасындагы жана анын ичинде Кызыл-Суу Кыргыз автоном районундагы бир катар мамлекеттик жана башка сыйлыктарга татыктуу болгон.

1992-ж. Кытай Эл Республикасынын 2-даражадагы композитору (доцентке татырлык) илимий даражасын алган.

Жубайы – белгилүү ырчы Дүйшөкан Сейит кызы, Кытайдын бир катар кадыр-барктуу сыйлыктарынын, Кыргызстандын "Данакер" орденинин (2011-жыл) жана Жогорку Кеңештин Ардак грамотасынын (2014-жыл) ээси.

Алардын эки кызы (Анаргүл жана Арзыгүл), бир уулу (Мамбетнур) бар.

Эки кызы тең Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинде таалим алышкан.

Мамбетнур Мамбетжума уулу болсо КЭРдин үрүмчү шаарында казына башкаруу адистиги боюнча институтту аяктаган.

Мамбетжуманын бир тууган иниси – профессор Мамбеттурду Мамбетакун.

Композитор жана аткаруучу Мамбетжума Мамбетакун уулу өзүнүн иниси Мамбеттурду Мамбетакун 1990-жж. жазган "Биз" аттуу ырдын текстине обон чыгарган.

Азыркы тапта бул обондуу ыр Кытайдагы кыргыздардын арасында гана эмес, Кыргызстанда да кеңири аткарыла баштады.

Сөзү: Мамбеттурду Мамбетакун уулу

Обону: Мамбетжума Мамбетакун уулу

Асмандан жамгыр болуп төгүлдүк биз,

Дүйнөгө ак калпакчан көрүндүк биз.

Чөп болдук жер тандабай өсө берген,

Булуттай аалам кездик, сөгүлдүк биз.

Кайырмасы:

Маркасын издеген марал,

Боор эзип боздогон каймал.

Манастан айрылып кыргыз,

Тагдырга көз салат жал-жал.

Тагдырды таштуу жерге аркандадык,

Тагдырлар таштап кетсе арданбадык.

Энесай узатканда аттар семиз,

Чарчадык, тагдырды кууп чарчабадык.

Кайырмасы:

Маркасын издеген марал,

Боор эзип боздогон каймал.

Эзилип эмчеги ийип,

Энелер жашыруун кал-кал.

Эзилип эмчеги ийип,

Энелер жалдырап кал-кал.

Эрлер жок ат жалына казан аскан,

«Насыйкат» угулат ал өтө алыстан.

«Караз көй» күүсүн чалдык кайрып-кайрып,

Энелер жолду карайт ак жоолукчан.

Кайырмасы:

Маркасын издеген марал,

Боор эзип боздогон каймал.

Күтүүнүн ченеми болот,

Оо курбум сапарга аттан.

Күтүүнүн ченеми болот,

Кыргыздар дүйнөгө,

Кыргыздар дүйнөгө аттан.

Маметжума Мамбетакун уулунун «Айчүрөктүн түшү» аттуу «Манас» эпосуна ылайыктап жазган обондуу кайрыктары, ж. б. чыгармалары Кытайда жана Кыргызстанда концерттерде аткарылган.

Комментариев: 1 RSS

1 Аноним 08-12-2016 14:44

Урматтуу Ибираимова Таштанбубу Буудайчиевна. Мен сиздердин өлкөго мекендештерге болгон аруу жакшы мотивациянызды жакшы билем. Мен өзум авариядан кийин 2 топтогу индвалид болсом да коомдогу иштерди тыкыр кубаттап турам. Менин сизден өтунучум Жети-өгуз жеринен ак сакал карыя берген Молдо Кылычтын табериги " Кордолгон заманда" деген тарихий чыгарманы китепче кылып чыгартып беруунузду көптөн-көп тунөм. МАзмуну 1916жылдардагы кыргыздардын кыйналганы жазылат... itent59.59.59@mail.ru Ибираимова Т.Б, Бишкек

Өмүр көчу (жаңы чыгармаданын бетачар үзүндү)

Aла –тоодон аруу тоодон

Ак мөңгүдөн аппак булак агат

Апакай таптаза мөлтүрөгөн

Ак сүйүүдөй аруулукка арналган

Ал булак мага эң кымбат

Аруу сезимге чөмүлгөн

Айлар жылдар сакталган

Аруу сезим таза булактай

Ага берер суу сымал токтобогон

Ай жылдар ага берсин

Арадан аппак сезими элибиздин

Алдейлеп жүрөгүмдү сыздаган

Ала-тоодой улуу сезим

Агылып келет булак болуп

Азыр кыргыз элибиз ойгонуп

Ардактап тилибизди сактап

Арбып ынтымакта өнүгүп, өзуп

Ардактап дайыма чындыкты

Аруу кыргыз жергебизди ардактап

Асыл кыргыз тилибизди аздаектеп

Абайлап жашайлычыбурадарлар…

Кылымдарды карыткан кыргыз элим

Касиеттуу Ала-тоону мекендеп

Кыйын кундөрдө ынтымакта ардайым

Келген жашап ак калпагын аздектеп

Касиеттуу Ыссык-көлун сактаган

Кан майданда Манас ата баатырлар

Кыргыз жерин, элин калкалап

Кыйын кундө Ала-тоону мекендеп

Кырчылдаган жоо чалышты баштаган

Кыргыз улутубузду, тилибизди сактап

Келечекке өнүгүүгө биримдикке

Кылымдарга мекен үчүн из салган

Келебиз дайыма эскерип

Касиеттуу адамды

Коросондук Исхак атабызды

Кыргыз тилин элин аздектеп

Кылымдардан калган тилибизди

Кат-сабатта колдонолу деп

Куугунтук жеген экен

Кыргызстандан айдалып кеткен

Кыйын кундодрү Москееде

Карыгыча мекенин сагынычта

Күнөткөрүп өтуп кеткен!

Касиеттуу атабыз Исхактын

Керээзин албайбыз аткара

Кыргыз тилибизде баарлашып

Качан толук кандуу ишке кирип

Кыргыз тилим кеңири суйлөнөт…

Касиеттүү элимдин баалуулун

Көздүн карегиндей аздектеп

Кадыр- барктын, урмат-сыйдын

Касиеттин жогору көтөрөлу

Кыргызымдын улантып

Касиеттуу өмүр көчүн башатын

Кыргыз жерим, элим улантып

Кыргыз гламуру Акбоз үйум

Калпагыбыз ала тоодой бийиктигин

Кылым улап сактайлычы, барктайлычы!

ТАЛЫП МОЛДО (БАЙБОЛОТ УУЛУ) КОРДОЛГОН ЗАМАНДА

Фергана, Анжыян кыргыздарынан кун чыгыш тарапка чачырап, жайылып чыккан кыргыздын ата-бабасынад, уруусунан, азыраак тарых-санжырасынан жазамын. Өткендегү азыркы картайган асылбаш кишилердин оозунан угуп, бурулуш заманда не болсо да көөнумдө калганы. Абалкы бабасы бар элдин эки жигиттин. Бири Оң, бири Сол.

Оң деген жигиттин уч баласы бар экен. Эки уул, — бири Адигине, бири Тагай. Бири кыз, аты Наалы. Аны Моңолдор деген кишиге берген экен. Адигине тукуму чон уруу журт болуп, Фергана тарапта жашап турат.

Тагайдын уч уулу болуптурБогорстон, Койлон, Сарбагыш. Сарбагыштын мойну кыйшык болгондуктан, Кылжыр дейт.

Богорстондон Солто, Бөлөкбай, Талкан деген урууларга бөлунуп, Таластан Токмокко чейин. Койлондон Жедигер деген эл Фергана тарапта жана Солто ичинде да бар.

Кылжырдан эки уул. Бири Дөөлөс, бири Орозбакты.

Дөөлөстөн төрт уул: Токо, Жантай, Таздар, Манап. Манаптан эки уул, Чарымбек, Соотай. Соотайдан Эшим, Сарсейит, Тугөр, Сарсейиттен эки уул — Учуке, Тулку. Тулкуден бутун Тынай, Токмокко караган жерде.

Учукеден торт уул — Мамыткул, Дөөлөт, Кудаяр, Эрдана. Мамыткулдан эки уул — Темир, Болот. Темирден — Черикчи, Назар. Болоттон — Эсенкул жана бир катындан Бешкуреш. Булар жогорку Түгөр дегенден Чоңчарык деген. Жогорку Даалеттен Надырбек болсо керек. Кочкордо, жогорку Темир, Болоттон тараган эл Атбашы, Нарында, Кочкордогу сарбагыш аталат.

Жогорку Кылжыр деген кишинин уулу Дөөлөстөн тараган тукуму Токмок, Боом, Орто-Токой, Кочкор, Нарын, АтбашыдагыСарбагыш аталат.

Ысык-Көлгө караган жерде бугу аталган элдин тукуму, баягы Кылжырдын Орозбак деген уулунан тараган журттан Ысык-Кел тегереги, бетенче Нарында бир болуш Тънымсейит жана бир болуш Моңолдор эли бар.

Орозбактан төрт уул. Арык, Асан, Карамырза, Мырзакул. Арыктан тараган Тургон эли, Семизбел эли, Асандан тараган элинде аз тутун бар. Карамырзадан Курменту элинде аз киши бар.

Мырзакулдун эки уулу — бири Алсейит, бири Тынымсейит. Тынымсейиттен бир болуш эл азыр Нарында. Алсейиттен эки уул: бири Бапа^Бири Жаманкул. Бападан ал ты жуз киши Барскоондо. Жаманкулдун уч уулу: бири Моке, бири Итбука, бири Кыдык, бири Белек.

Моке, Итбуканын тукуму Курменту элинде. Кыдык Тон районунда, бир болуш эл. Эми Белектин Салмаке тукуму бир болуш — Тупте. Бир катыны Жаркын. Андан алты уул. Токой, То|коч, Толубай, Саты, Алдаяр, Алдаш. Бул алтоонун тукуму баары Курменту элинде. Бирок Алдаштан эки катыны бири — Кагаз, бири Шекер. Шекерден уч уул: Тазабек, Менмурат, Шапак. Тазабек, Шапак тукуму Курменту элинде. Менмурат Текесте. Эми Кагаз деген катындан уч уул: Кудайменде, Текек, Бирназардан алты уул: Алыбай, Нанжебес, Эсенаман, Мураталы, Данияр, Баялы, Алыбай. Мураталынын тукуму Курменту де. Баялы дан гу кум жок. Калган уч уулу- нун тукуму Жети-0гуздо.

Эми жогоруда жазылган Тагай тукумунан башка солто, сарбагыш, бугунун ичиндеги илгери Фергана облусунан, кун чыгыш жактагы Кыргыз ичиндеги атактуу чоц уруусунан, 1сайсы элде, кайсы жерде турганын болжол менен жазайын.

Наманген, Кетмен-Тебе, Нарын бойлорундагы жерлерде, саяк уругунан Тун катар, Тунтой деген эл жана апын ичинде ктине уруулардан да кеп болсо керек.

Ошол жерлерде бир нече болушасыз деген эл, анын ичинде да майда уруулар болсо керек.

Талас, Суусамыр жерлеринде атактуу уруу кытай, (Уруу, жедигер жана солтодон башка дагы кичи уруулардан болсо керек. Эми Чуйдун тескей тоо аркасы. Жумгалга караган жерлерде (Саяк уруусунан курманкожо, кулжыгач деген эки чон уруу эл бар. Жана Атбашьдан Анжиан тоосуна чейин Чоро деген эл бар.

Ошол көп уруу журттун атасы, баш бабасы Тагай бийге эки жигит болуп келип, атын Карачоро, Сарычоро коюп, ошол эки жигиттен тараган тукуму ким экенинин дайыны жок. Селсаяк келген учун; анын тукумун Саяк деген имиш. Атбашы, Арпада Черик деген эки болуш эл бар. Бул да Тагай бий жоону чапканда, минген атынын жеми учун, олжодон чыгарып алган кишинин тукуму имиш.

Сарбагыш ичинде тоңдук Учук деген болушка толбогон эл бар. Булардын бабаларын да сапарга азыгы, талканы учун, олжодон чыгарып алган имиш.

Жети-өгуз районунда терт чоң уруу, эки кичине уруу эл бар. Алдаш балдарынын катарында, бири Коңурат Жети-өгузде алты жуз тутундей киши. Коңурат эски Чоңбулак, Аккочкордо азыраак тутун бар. Коңураттын ичинде бир айыл Кабак деген тынымсейит бар.

Жети-Өгуз суусунун кун багыш тарабы Кичи кызыл суу, Чоң кызыл сууда кичине уруу Мундуз жана Коңураттар бар. Баягы жогоруда айтылган Тагай бий жоону чаап олжону белушкенде Наалы эжесинин жоого минген Коңуркула деген аты жоонун колунда калган экен. Ошол аттын төлөмунө, бешиктеги бир эркек баланы чыгарып берген экен. Кңуркула аттын төлөмунө келген учун, баланын атын Коңурат койгон имиш.

Анжиан, Ош, Кожент тарапта кеп Коңурат, Саяк, (Солто, Сарбагыш ичинде беш-он тутунден чачкын болуп журген конураттын баары Коңуркула аттын төлөмунөкелген баланын тукумунан тараган эл имиш.

Кыргызда бири-бирине моюн сунбай, урукчулдуктун себеби не деген суроого жооп болорлук бир ОКУЯНЫ мисал кылып, жогорудагы Жети-өгуздегу төрт уруунун учөө: Коңурат{дөөлес/саруунун башынан өткөн окуяларынан бир аз маалымат жазамын.

Эл ичиндеги имиш сиздерге кайрылайын. Баягы Ферганадай Кун чыгыш жакка тараган Анжиан кыргызынан, ата-бабасынан, бири-биринен угуп, айтыла келген сөздөрду өзум бала убагымда угуп, алардын айткан кеп сөздөрунөн көөнумдө калгандарынан жаздым.

Бул дуруспу-бурушпу билбейм, бирок, Ферганадан нечен топ-топ болуп кыргыздардан Чыгышка гарап келгени чын. Бул туурасында соңунда өз пикиримди баян кылып жазамын.

Биздин бул жактагы журттун тарыхы өтө караңгы, ошол караңгылыктын себебинен ушул кунгө чейин бузук иштер агылып келе берген.

Туркстан, Фергана жактан кайсы заман, кайсы гасырде (кы^лымда) келгенинен маалыматым болбосо да, чынында Чынгыз хан ошол жакты басып алган убактарда келген болуу керек. Неге десециз Турк. Сибирь тарыхыхында жазган, Эртиш тарапта кыргыз каны ТаЦбука хан Чынгыз ханга багынып, езунун колу менен Чынгыз аскерине кошулуп, кун батыш чабуулунда бирге болду.

Чынгызхан Букараны алганда андан Тамбукахан Эртиш, Тоң тарапты сураганда берди деп жазганын окуган элем.

Кокон хандыгына багынып, Фергана кыргыздары ар уруктун башчысы аксакал бийлерине бирден тамга берип, ошол тамганы ар урук өзунун малдарынын башына, санына басын журген. Азыр да мувдан тамга, арык тамга, шапак тамга, — деп жыл- кысынын башына, санына басып жургендер бар. Анжиан кыргыздарында ай тамга, кайчы тамга, кылыч тамга, орок памга дегенге окшош, уруктун тамгасы жок болсо керек. КайсыУруктан экенин малынын тамгасынан көруп билет. өкумөт да бийлерге берилген тамга аркалуу өкумун жургузгөн экен.

Ошол учун өз уругунун тумунен башка уруктун өкумунө моюн сунбай келишкен. Чоң ат чабыш болсо, ар ким чапкан атын өз уругунун ураанын чакырып, ошол уруктан канча киши болсо, ошол атты сүрөйт. Жазатайып, ошол уруктан бирөө башка бир уруктун атын сурөсө, аны бирөө көруп калса, аны ошол жерде уруп, өлтурмөк болгондо, башка уруктар арага тушуп ажыратышат.

Жөө менен урушмак болсо, ар урук өзунун бийинин, баатырынын желек (туусунун) тубуне жыйылып жана чоң урукка баш болгон кишинин туусунун тубуне чогулуп, ошол чоң кишинин буйругу менен жоого аттанат.

Жоосун жеңип, алган олжону бөлүшүп, ар бир урук туу кармаган чоң кишиге олжону берип, калганын өздөрү алышат. Бир урук, башка бир уруктун бир кишисин өлтүрсө, өлтургөн урук баары биригип кеминде уч жуз жылкы кун төлөйт.

Бир урукгун кызын, башка бир урук ала качып кетсе, кыздын артынан кууп барып, ал эл менен чабышып, башка бир урук эл арага тушуп, ажыратып, аксакалдар бутум кылып, кеп калып мал айдатып, алакачкан айыбын төлөтуп, калың малын кыз атасына берет.

Бир киши, бир кишини урса, же зордук кылып бир нерсесин алса, алдырган тарап алган тарап менен урушуп, алганын айыбы менен кайтарып алат. Бир адам кокусунан бир жаман ишке кириптер болуп, аны төлөп берууге алы жетпесе, анын урук туугандары бөлүшүп төлөп куткарып алат. Жогорудагы уручулдук негиз болуп, пайда-зыянын тең көруп, бөлунгенду бөру жейт деп уруудаи бөлунуп четке чыкпай, уругунан бөлунбөй келгенинин себеби ушул экен. Ошол учун, оюнда, көпчулутө, калаада киши урбайт. Атасы бөлөк менен кошулаба, уруусу бөлөккө учкашпа деген макалдардын себеби ошондон болсо керек.

Фергана жактагылар өзулөрун кыргыз-кыпчак, сарт-кыпчак, ичкилик деп, кун чыгыш, сол туштөгулөрдү аркалык деп аташат.

Ичкилик конушу жакын четтегилерден өздөрун мыкты ойлоп, беркилерге кол салып келген. Мунун далили: «саяктан Качы баатыр деген бир чоң кишиси Кокон канынын Кушбегине кошулуп көлдөгу бугуну чабамын деп, баштап алып келип, Ысык-Көлдун кекурегунде Каркырага ашташар жеринде Кызыл-Кыянын тубуне колду кондуруп, Кушбегинин бозүйүн тиктирип жатканда, кел башында бугу уркуп, Каркыра жакка кетип, бугунун баш бийи Мураталы, Нөша деген кишилер Түптүн кептеши тар жерине өзүлөрүнүн колун алып келип карагай-токойдун арасына бекинип тозуп жатканда, Качы баатыр өз колун баштап Каркырадагы бугуну чабууга. Качы баатыр өзунун Кызыл аты менен колдуй алдында бөлунуп жалгыз баратканда бугу ичинде Сеңизбай уруусунан жаш жигит Кирайт деген баатыр жалгыз астынан чыгып, Качы баатырды найза менен сайып өлтуруп жатканда өйузгу тоодо бекинип карап турган бугунун бийлери Чуйден келип, Качынын артынан келаткан колун сайып өлтуруп кууп, Кушбегине жеткенде, Кушбеги менен аман калганы качып кутулуп, көбу колго тушуп бугуга олжо болгон экен. Бугунку кунгө чейин эл оозунда, «Кушбегинин колу келгенде» — деген сез бар.

Эми экинчиси, бугу элинде ушул кунге чейин «кеп Чакар келгенде» — деген сез бар (Чакар деп саякты айтат).

Мунун мааниси: эки урук журттан эки баш кишиси бири Осмонбек, бири Кожомберди деген эки баатыр. Элин бут кечуруп, Ысык-Келдегу бугуну чаап алып, анын конушу Ысык-Келду конуш кылып езубуз жердейбиз деп келип бугунун четине конот. Бугунун бийлери эмне учун келдиңер? — деп сураса — сиздер менен биригип журт болуп, бир эл бололу деп келдик, деп алдайт. Бул алдаган сөзүнөн бугулар чочуп Каркырага карай

көчөт. Аркасынан калбай саяктар да көчуп журуп олтуруп азыркы Кулжа шаарынан бир кунчулук ыраак Золон айымбас деген жерге токтоп, бугу кайта кечкенде (саяк Чалкапдеддун башы, Атыгай ташты ашып, Текестин тескейи ой карагайдан кайта көчуп бугунун көчун жандап, бугу Каражырага келгенде, Саяк жандап көчуп келип'Каркырага конгондо, Ояк Кумтикен жардын боюна конгон экен.

Конгондун эртеси, бугуда мундуз Усупбек баатыр эки жолдошу менен Иле жактагы казактан кырк жылкы алып келатса көруп калып, жыйырма чактуу киши менен саяк Осмонбек баатыр, Усупбек баатыр менен тадатып кун чыкканча чабышып, сайышып, Усупбек баатыр айдап келаткан кырк жылкысын алдырып, аман^ кутулуп, Зарыпбек Султандын атасы Сасыкеге жеткенде Сасыке аттанып чаап жетип, жылкыны ажыратып, Осмонбек баатырды колго тушуруп уйунө алып келет.... бадыгы болгону 85барактан турат.

Уландысы бар...

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)