Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Мамыр гүлү (эдельвейс)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Мамыр гүлү (эдельвейс)

Айрым өсүмдүктөр бийик жерлерде гана кездеше тургандыгы белгилүү. Ошондой өсүмдүктөрдүн бири - далай адамдарды бир көрсөм деп эңсеткен, назиктиги, ошол эле учурда суукка чыдамдуулугу менен башка өсүмдүктөрдөн айырмаланган, чокусу көк мелжиген бийик аска-тоолордо өскөн мамыр гүлү. Бул сейрек кездешүүчү сырдуу гүл жөнүндө эл арасында далай жомок-уламыштар жаралып, ага жеткен адам күч кубаттуу болуп, аны ийгилик ар дайым коштоору, ал эми жаш жигит эдельвейсти сүйгөн адамына тартууласа бактылуу болоору тууралуу айтылат. Мамыр гүлдүн 30га жакын түрүн Евразия, Түштүк-Чыгыш Азиядан кездештирүүгө болот. Кыргызстанда болсо анын 4 түрү белгилүү. Эми бул гүлдүн түзүлүшү жөнүндө кабар берсек. Бул көп жылдык өсүмдүктүн бийиктиги 520 см келип, түз өсөт, бутаксыз. Гүлү апакай же саргыч түстө болуп, сырткы гүл желекчелери жылдыз сымал болуп, ички бир нече себетче топ гүлдөрүн тегеректеп турат. Бул сейрек кездешүүчү гүл жок болуп бара жаткандыгына байланыштуу мамлекет тарабынан коргоого алынып, кызыл китепке жазылган.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1899, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу